“БАЛА ТАРБИЯЛООНУ АНЫН АТА-ЭНЕСИНИН БАЛАЛЫГЫНАН БАШТАШ КЕРЕК”

  • 13.12.2022
  • 0

2022-2023-окуу жылында  айтылуу “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинде тарбиялык саат баарлашуу саатына өзгөртүлгөн. Балдарды нравалык, эстетикалык, патриоттуулук тарбиялоого чыгармачылык менен изденип, мыкты баарлашуу саатын өткөргөн команда администрация тарабынан чет өлкөгө саякатка жолдомо алат. Билим уясы өзгөчө форматта өткөргөн  ата-энелер чогулушу да коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Ушул өзгөчөлүктөр тууралуу мектептин генералдык директору, КРнын  эмгек сиңирген мугалим Гүлнара Дайырбекова “Кут Билим” гезитине маек куруп берди.

“БАЛА ТАРБИЯЛООНУ АНЫН АТА-ЭНЕСИНИН БАЛАЛЫГЫНАН БАШТАШ КЕРЕК”

— Гүлнара Мелисовна, “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинде ата-энелер чогулушу башкача форматта өтүп жатат. Баамыма караганда, чогулушка ата-энелер агылып келди. Сыры эмнеде?

— Таалим-тарбия – түбөлүктүү маселе. Ошондуктан муну сөзсүз эле бир жактуу алганга болбойт. Таалим-тарбияга таасир этүүчү көп факторлор бар. Ал ошол өлкөдө жашаган адамдын руханий, интеллектуалдык байлыгы, адамга карата бири-бирине болгон мамилесинин жыйынтыгы менен таасир этет. Ошонун ичинен “Креатив-Таалим” ББКнын ишинде тарбиялоого билим менен кошо катарлаш калыптандыруучу эки нерсеге басым жасайбыз.

Биринчиси – ата-энелер чогулушу. Негизи эле ата-энелер чогулушун өткөргөн учурда  анын максаты коюлат. Ата-энелер менен иштөөнү үч форматта уюштуруп жатабыз. Биринчисин өттүк. Ата-энелерге бала тарбиялоого карата агартуучулук иштерди жүргүзө баштадык. Анткени айрым ата-энелердин атайын кесиптик билими жок болгондуктан, педагог катары биздин миссиябыз аларга туура багыт берүү. “Бала тарбиялоону анын ата-энесинин балалыгынан башташ керек” деген накыл сөз бекер айтылбаса керек. Демек, биз азыр ата-энелерге балдарды тарбиялаганга үйрөтүп жатабыз деп айта албайбыз. А бирок мен ушул биздин ата-энелердин ичинен белгилүү бир топтогу ата-энелерге айта алам. Анткени элүүгө жакын окуучуларымдын балдары биздин мектепте окуп жатат. Мен аларды 5-класстан 11-класска чейин класс жетекчи болуп, билим, тарбия берип келген болсом, азыр алар ата-эне катары болгондо жанагы жогоруда айтылган накыл сөзгө туура келип отурат. Ошондой максатта ата-энелерге балдарды тарбиялоо боюнча ар түрдүү окумуштуулардын, психологдордун, дүйнөлүк тажрыйбада кездешкен мисалдар менен багыт бергенге аракет кылып жатабыз. Аны дагы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктап өттүк. Мисалы үчүн, “Мектеп – мээримдүүлүктүн аралчасы” деген темада мектеп деген эмне, ал жерде ата-энелер балдарына кандай кам көрүш керек, эмне деген талаптар болуш керек деген айтылса, “5-класстагы адаптациялык мезгилдин өзгөчөлүктөрү” тууралуу сүйлөшүлдү. Ал эми 6-7-класста “Ийгиликтүү окуу: эмнеден көз каранды?” деген темада сүйлөшсөк,  8-класста “Өспүрүм курактагы өзгөчөлүктөр”, 9-10-11-класстарда “Кесип тандоо – келечектин өзөгү” деген темалардын тегерегинде ата-энелер менен сүйлөштүк.

“БАЛА ТАРБИЯЛООНУ АНЫН АТА-ЭНЕСИНИН БАЛАЛЫГЫНАН БАШТАШ КЕРЕК”

— Бул темаларды ким тандайт?

— Темалар болжолдуу же капилеттен алынбайт. Ошол класстагы балдардын ата-энелерине  кичине болсо дагы пайдасы тийгидей тема жамаат менен пландаштырылат. Тандалган темалар боюнча ата-энелер менен маалымат бөлүштүм. Ал маалыматтар кээ бирөөнө пайдалуу болду, кээ бирөөнө мүмкүн билген эле нерсени айткандырбыз. Бирок биздин максат – ата-энелерге, жалпы бала тарбиялоого карата кичине болсо дагы маалымат берүү. Экинчи формат – экинчи чейректин жыйынтыгы менен болот. Мисалы, бир класста 17 предмет окутулса, ошол предметтерди берген мугалимдер жыйындар залында өз өзүнчө отурушат. Ар бир ата-эне келип, кайсы предметтик мугалимден баласы жөнүндө маалымат алгысы келген болсо, баарлаша алат. Башталгыч класстан 11-класска чейин бир айлыкка атайын график түзүлөт. Бул жерде ата-эненин мүмкүнчүлүгүн, иштөө убактысын эске алабыз. Аларга ыңгайлуу болуш керек. Белгилүү бир күндө, мүмкүн ишемби күнү саат 9.00-14.00 чейин. Бул формат конкреттүү ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн ачып, ата-энеси менен толук баарлашканга шарт түзүлөт. Үчүнчү формат – кур эле теориялык билим менен сугара бербестен, ата-эне, мугалим жана окуучунун ортосундагы кызматташтык. Жаз айында бир топ майрамдар болот. Мүмкүн атасы келип, балага самоор кайнатканды , отун жарганды үйрөтөт, кантип эт устакандайт  ж.б.у.с. Былтыр кыздар энелери менен боорсок жасаганды үйрөнүшкөн. Бул форматта атасы, энеси, баласы, мугалим жагымдуу маанайда биргелешкен иш-чарага катышат. Мугалим менен ата-эненин ортосунда кызматташтык жүрүп жаткан  болсо, бул балага чоң мотивация. Эгерде ата-эне менен мугалимдин ортосунда пикир келишпестик жаралса, бул балага чоң трагедияга айланат. Анткени бала жан дүйнөсүндө мугалимди дагы, ата-энесин дагы жакшы көрөт. Ошондуктан эки жак бирдиктүү, баланын келечегине пайдасы тийгендей  иш-чараны өткөрсө, пайдалуу, эффективдүү болот деп ойлойм.

— Чогулушка ата-энелер 90% катышыптыр го?

 

“БАЛА ТАРБИЯЛООНУ АНЫН АТА-ЭНЕСИНИН БАЛАЛЫГЫНАН БАШТАШ КЕРЕК”

— Ата-энелер чогулушун өткөрүүдө ар бир баланын жетишпегендигин жана тартибин жекече көрсөтүп айтпаш керек. Бул өзүмдүн жеке педагог катары принцибим. Анткени чогулушта, мисалы үчүн, «баланчаевдин баласы жалаң бешке окуду, мунуку эки алып жатат. Үч эки, төрт эки чыкты, эки жолу мушташты, беш жолу сабак калтырды» деген чогулуш өтө турган болсо, мен дагы бармак эмесмин. Анткени ал чогулуштун ичинде ар түрдүү категориядагы адамдар отурат: куда-сөөк, тууган, теңтуш, кошуналар болушу ыктымал. Баласы жөнүндө айтылган сын аларга жагымсыз болот. Экинчиден, педагог катары ошондой чогулуш максатына жетеби? Баланын эки алганын, тартип бузганын бардык ата-энелердин көзүнчө айтып, талкуулоо менен мен ошол балага пайда келтире аламбы? Албетте, эч нерсе келтире албайм. Мен болгону анын эне-атасын моралдык жактан жабыркатышым мүмкүн. Ошондуктан ата-энелер чогулушунда бала тарбиялоодо пайда тийгидей же болбосо класс менен биргелешип, баланын келечегине таасир этчү максатында уюштурулуш керек деп ойлойм.

— Баланын сабактан алган  баасы, билим сапаты, жүрүш-турушу тууралуу ата-эне маалыматты кайдан  алат?

— Бизде атайын окуучунун жана ата-эненин күндөлүгү уюштурулган. Бул күндөлүккө баланын чейректе алган баасы коюлат. Ошол чейректин ичинде кандай тесттер, анкеталар алынган болсо, тиркелет, калтырылган күндөрдүн саны жазылат. Ата-энеге ошол эле жетиштүү. Ал жерде бүт класс боюнча талкуу жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок.

“БАЛА ТАРБИЯЛООНУ АНЫН АТА-ЭНЕСИНИН БАЛАЛЫГЫНАН БАШТАШ КЕРЕК”

Ата-энелер чогулушту калтырбай келип жатканынын бир сыры — форматтын туура тандалышы. Экинчиси – билинбегени менен баалуу нерсе, биз көп учурда “Креатив-Таалим” ББКсында убакытка өтө маани беребиз. Минута, секунда бизде роль ойнойт. Чогулушту 17.00 дедикпи, туптуура беште башталат. 30 минутадан кийин бүтөт десек, ошол убакытта бүтөт. Убакыттын үнөмдөлүшүн мен принципиалдуу түрдө негизги фактор катары көрөм. Бирөөнүн убактысын уурдабаш керек. Ата-эне ошого тарбияланып калган, биз менен бирдей талапташ экени көрүнүп турат. Биздин жасап жаткан ишибизди ата-эне көрүп, сезиш керек.

— Экинчи өзгөчөлүк эмнеде?

Дагы бир тарбия берүүдөгү өзгөчөлүк – класс жетекчилерди стажысына карап тандай албайсың. Бир жыл иштегени деле класс жетекчи, беш жыл иштегени деле класс жетекчи болушу мүмкүн. Сабакты берген мугалим класс жетекчи деген миссияны аткарат. Ушул жерге келгенде үч жыл иштеген педагог бала тарбиялоонун бир нече  сырларын өздөштүрдү деп айта албайбыз. Адам өзүнүн башынан өтүп, жан дүйнөсү менен бир нече классты бүтүрүп, бир нече баланы тарбиялап, чыгарып, үйдө жеке жашоосунда да бир нече балага тарбия бергенден кийинки тажрыйбаны пайдаланганда гана эффективдүү болгонун көрөбүз. Ошондуктан класстык сааттарды өтүүдө айрым темаларды креативдүү  жаш педагогдор тажрыйбалуу мугалимдерден дагы мазмундуу, эффективдүү  өтө алышат. А бирок кээ бир темага келгенде турмуш сырларына байланышкан тажрыйба жаштарга жетпей калышы мүмкүн. Ошондой маалда мугалим тарбиялык саатты кантип берээр болду экен деген кыжалаат ойлор менде бар эле.

“БАЛА ТАРБИЯЛООНУ АНЫН АТА-ЭНЕСИНИН БАЛАЛЫГЫНАН БАШТАШ КЕРЕК”

“Креатив-Таалим” мектебин негиздегенден кийин багып жүргөн ушул идеяны ишке ашырдым. Тарбиялык саатты “Баарлашуу сааты” деп атап алдык.

Билим берүү жана илим министрлигинин  “Кыргыз Республикасында 2021-2030-жылдарга карата мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясы”  иштелип чыккан. Концепциядагы беш блок боюнча жамаат ичинде кимдин жүрөгүнө кайсы блок жакса тема тандап, ошого карата беш топко бөлүнгөнбүз. Концепция ар бир топко таратылып берилет. Концепцияны ишке ашыруу үчүн өзгөчө көңүл бура турган шарттар бар. Ошону алып чыгуу зарыл. Анткени биз менчик мектеп болгону менен башка өлкөдө жашаган жокпуз. КР Билим берүү жана илим министрлигине баш ийебиз. Андыктан Кыргызстандын ар бир жаранынын тарбиясына таасир этишибиз керек.

Бөлүнгөн беш топ блоктун ичинен темаларды тандап, ошол тема боюнча биринчи ирет материалдарды топтошот. Анан сабак өтө башташат. Бир группада алты мугалимбиз. Ар бир блок бир жылдын ичинде беш сапаттуу тарбиялык саат өтүшү керек. Ага команда изденип бир айлап даярданат.  Сапатсыз 40 саат өткөндөн көрө, балага таасир эткендей сапаттуу 25 сабак өтсө пайдалуу. Беш топ тең ошол сабактарда  колдонулган материалдарды, видеоматериалдарды администрацияга алып келип, өткөрөт. Жылдын аягында ошол 25 сабактын ичинен кайсы топтуку эффективдүү болгону бир нече критерийлер менен каралып,  кайсы топтуку жакшы болсо, ошол командага  чет өлкөгө эс алып келгенге жолдомо беребиз. Ошон үчүн бизде ынтызарлык менен иштешет. Мисалы,  саламдашуу адебин 1-класска берсек, 2-класста эмнеге көңүл буруу керек, ал эми 11-класска барганда келин болгондо кантип чай сунуш керек, анда кантип учурашуу керек экен деп бир теманы эле жаш өзгөчөлүгүнө карата түрдүү материалдар менен өтүп жатышат.

Ырас, мамлекеттик мектептер айтышы ыктымал, биринчиден, жеке мектеп, экинчиден, балдардын саны аз, шарты бар, айлыгы жакшы деп. Кеп анда деле эмес, эгер иштейм деген педагог болсо,  карандай чайды дагы көңүлүң менен жыргап ичсе болот. Кылган иштен ырахат алуу үчүн мугалимдерди мажбурлабай, мотивация менен иштетүүнүн бир ыкмасы. Туура нукка буруш керек. Бардык учурда качан иш ийгиликтүү болот? Конкреттүү милдет коюлганда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер