БААТЫР БАРКЫ БАР АЛТЫ ИНСАН

  • 03.10.2022
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Өлкөбүздө эгемендик жылдардын мезгилинен бери бир катар саясий, коомдук ишмерлерге Кыргыз эл баатыры аттуу эң бийик мамлекеттик  наам ыйгарылганын жакшы билебиз.  Өкүнүчтүүсү, алардын катарында бел чечпей ак эмгеги  аркылуу чыныгы баатырдыкты көрсөтүп иштеп жаткан агартуу журтчулугунун өкүлдөрүнөн көрүнбөйт. Мындайда не демекчибиз, билим, илим тармагынын жарчысы, күйөрманы  катары бул саам биз баатыр баркы бар алты инсанды коомчулуктун назарына салып көрөлү дедик.

БААТЫР БАРКЫ БАР АЛТЫ ИНСАН

РОЗА ОТУНБАЕВА

   Роза Отунбаева Кыргызстан бир мезгилде солкулдап, чайпалып турганда жоопкерчиликти моюнга алып, өткөөл мезгилдин Президенти болуу менен бирге Кыргыздын Темир айымы аталды. Көсөм саясатчы, дипломат, күрөшчүл мүнөз күткөн жаратман айымдын элине жасаган эмгеги баа жеткис десек аша чапкандык болбос.

Кечээ жакында  БУУ Ооганстан боюнча жаңы атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын   башчысы болуп Роза Отунбаеванын дайындалганын билдирди. Борбор Азиядагы биринчи Президент айымдын   бул жаңы кызматка дайындалганын Кыргыз эли кубануу менен кабыл алды.  Роза эжекебиз бул кызматка лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүк жана эл аралык кызматташуу боюнча 35 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбасын эске алуу менен дайындалганы да кабарланды.

   Баатыр мүнөз эжейибиз  убагында КРнын АКШдагы жана Канададагы элчиси,   КРнын Улуу Британиядагы элчиси,    ЮНЕСКО иштери боюнча советтик улуттук комиссиянын төрагасы кызматтарын аркалаган. Ал  БУУнун Грузиядагы байкоочулар миссиясында Башкы катчынын атайын өкүлүнүн орун басары болуп да иштеген. Учурда ал БУУнун Башкы катчысынын медиация боюнча жогорку деңгээлдеги консультативдик кеңешинин мүчөсү жана Кыргызстандагы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун жетекчиси. Москва мамлекеттик университетинин философия илимдеринин доктору.

БААТЫР БАРКЫ БАР АЛТЫ ИНСАН

 ҮСӨН АСАНОВ

   Академик, КРнын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер  Үсөн Асанов  илимде эң көп  ачылыштарды жасаган инсан экенин коомчулук көп биле бербесе керек. 1970-жыларда  агайдын жаңы ачылыштары кыргызстандык жана союздук академиялык чөйрөгө дүңгүрөп угулган. Үсөн Асанов химия менен физиканын кошулган жеринде илимий эксперимент жүргүзүп,   металлды электр учкундары менен иштеткенде, өтө бир баалуу   жаңы сапаттагы   химиялык бирикме келип чыкканын биринчилерден болуп аныктаган.  Илимде мындай кубулушту буга чейин эч ким байкаган эмес экен. Агайды ушундан улам электр учкундары химиясынын атасы, дүйнөлүк нанотехнологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири деп атап келишет. Ү.Асановдун бул илимий ачылышы СССРдин эл-чарбасына миңдеген кирешелерди алып келген. Азыр да нанотехнологиялык материалдарды өндүрүүнүн негиздеринин бири болуп калууда.   Учурда  даңктуу окумуштуу  50дөн ашык ойлоп табуулардын автордук күбөлүгүнүн ээси.  Агайдын ойлоп табуусунун негизинде 1984-жылы Майлы-Сай электрлампа заводу 147 миң 844 сом жылдык киреше алган экен. Ушул бир эле мисалдан улам Ү.Асановдун жогорудагы көптөгөн ойлоп табуулары өлкөгө канчалаган кирешелерди алып келгендигин эсептеп көрсөк болот. Үсөн аба ойлоп табуулардан башка 250дөн ашык илимий эмгектердин, 13 монографиянын, 20 окуу китебинин, 34 энциклопедиялык эмгектердин автору. Үсөн Асановдун Кыргызстанда химия илимин жана компьютерди кыргыз тилинде сүйлөтүүдө да эмгеги өтө зор.

 

БААТЫР БАРКЫ БАР АЛТЫ ИНСАН

 БЕКТЕМИР МУРЗУБРАИМОВ 

   Академик,   химия илимдеринин доктору,  КР Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты   Бектемир Мурзубраимовдун эмгегин айтсак сөз түгөнбөйт. Окумуштуу жер кыртышынан сейрек кездешүүчү элементтерди бөлүп алып, тазалоонун технологиясын иштеп чыккан. Илимдин ушул багытында илимий ачылыш патентине ээ. Чоң-Алайдагы таш туз жаратылыш кенин казып алуу жана иштетүү боюнча атайын илимий топ түзүп, Ош облусунун шартында аш тузун, каустикалык соданы жана хлорду алуу технологиясын өндүрүшкө киргизген. Ушул өңдүү 12 илимий ачылыштын  автордук күбөлүгүн алган.

     Кезинде Бектемир  агайдын Ош жогорку технологиялык колледжинин ректору болуп дайындалышы — окуу жайынын өнүгүшүндөгү жаңы этаптын башталышы болгон.       Аталган окуу жайындагы эң жогорку ийгилиги — Ош технологиялык жогорку колледжин 1996-жылы Ош технологиялык университетине айландырууга жетишкендиги болгон. Ош ТУга алып келген ири ийгиликтеринин бири — 1997-жылы башталган алты кабаттуу административдик-окуу имаратынын курулушу эле.  ОшМУнун да азыркы дүркүрөгөн өсүшүнө агайдын үлүшү зор.  Аталган окуу жайда      мурда 12 илимдин доктору, профессорлор иштесе, агайдын тушунда алардын саны 55ке жеткен. Ал эми агайга чейин 169 илимдин кандидаты, доцент эмгектенсе, кийин алардын саны 229 болгон. Мына ушул жыл аралыгында 13 жаңы обьект (Кампус, 300 орундук концерттик зал, достук сарайы, 800 орундук залы бар жаштар борбору, ден соолукту чыңдоо борбору, китепканалар, окуу жана лекциялык залдар, спорт ареналары жана аянтчалары, эс алуу зоналары) курулуп, 8 обьект (медицина, тарых, юридикалык, бизнес жана менеджмент факультеттери  жайланышкан имараттар, эки мектеп гимназиясы, бала бакча, автопарк, Ыссык-Көлдөгү “Үмүт” пансионаты) университеттин карамагына өткөрүлүп, сатылып алынган. Эл аралык байланыштар өнүгүп, дүйнөлүк стандартка ылайыктоого кадам ташталган. ОшМУ эл чарбасынын көптөгөн тармактары үчүн адис даярдаган универсалдуу окуу жай гана болуп келбестен, ошол кездеги республикабыздын түштүк аймагындагы илим-билимдин, маданияттын ордосуна айланган. Ошону менен катар 2000-жылы Ош мамлекеттик университетинин эл аралык Өзгөн медициналык колледжин ачкан. Бул окуу жайдын да ар улуттан турган 500гө жакын бүтүрүүчүлөрү бар.

 

БААТЫР БАРКЫ БАР АЛТЫ ИНСАН

БЕКТУР ИСАКОВ

   Кыргыз Республикасынын эл мугалими Бектур Исаковдун педагогикалык табылгалары, ачылыштары, окутуу технологиясынын жаңылыгы, гуманизми, кыргыз тили жана адабиятын окутуудагы реформасы элибиз үчүн зор иш болду. Анын мугалимдик тажрыйбасы, педагогика илимине сиңирген эмгеги, өлкөбүздүн билим берүү системасында өзүнчө бир жаңы доорду ачты десек аша чапкандык болбос. Агай окутуунун   инновациялык технологияларын республикабызда эң эрте баштаган жана анын натыйжалуулугуна жеткен залкар мугалим.     “Манас” эпосун, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, ыйман сабагы боюнча 50гө чукул китептин, 259 илимий-усулдук макалалардын автору болду. Өзгөчө “Манас сабагы”, “Манас жана дүйнө борбору”, “Манас алиппеси”, 5-класс үчүн “Биздин адабият”, 8-класс үчүн “Кыргыз адабияты”, 7-класс үчүн “Кыргыз тили”, “Сабат алиппеси” ж.б. китептери  мугалимдердин, студенттердин жана мектеп окуучуларынын колдон түшпөгөн окуу китебине айланган.  Агай “Манас” эпосу боюнча окуу китептеринин сериясын жазды. Агайдын “Манас” сабагы” китеби эпосту окутуудагы табылгыс эмгек болду.

 

БААТЫР БАРКЫ БАР АЛТЫ ИНСАНИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА

   КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, “Даңк” медалынын ээси, педагогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурова журтчулугубузга аттын кашкасындай таанымал экендигинде шегибиз жок.  Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында И. Болжурова табылгыс кесипкөй адис, жетекчи экендигин далилдей алды. Ошондуктан ал  эки жолку ректор, эки жолку Билим берүү жана илим министри, эки жолку чет өлкөлөрдөгү биздин элчи жана бир ирет өлкөнүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер- министр болду. Ушунун өзү эле анын билим берүү тармагынын мыкты лидери экендигин далилдеп турат.

 Ишенгүл Болжурова Билим берүү жана илим министрлигин  жетектеп турганда бир катар реформалар жүргүзүлдү.  Албетте, бул иштердин  натыйжалуу болушунда Ишенгүл эжейдин жетекчилик сапаттары чоң роль ойноду. Ишенгүл эжейибиз  жетекчи, илимпоз катары да эч калыстыгынан жазган жок.  Окумуштуу билим берүүнүн жетишкендиктерин көрө билип, аздыр-көптүр көйгөйлөрдү жашырбай түз айтып, ошол көйгөйдү чечүүнүн жолдорун сунуштап, ар дайым жана ар убак бүтүндөй билим берүү системасынын локомотиви болгон мектеп мугалимдерине татыктуу баасын берип келет. Ал билим тармагынын дүйнөлүк алгылыктуу тажрыйбасын кыргыз топурагына киргизүүдө, реформа кылууда зор эмгек сиңирди. Анын педагогикалык, илимий, коомдук, саясий ишмердүүлүгү көп кырдуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Жаштардын диний ишенимдерине байланышкан көйгөйлөрдү да тартынбай айтып, улуттун келечеги үчүн күрөшүп келет. Анын атуулдук күйүмдүүлүгү, алдыны көрө билген көрөгөчтүгү жаштардын келечегине кенен жол ачууда зор өбөлгө болуп келүүдө.

БААТЫР БАРКЫ БАР АЛТЫ ИНСАН

СОВЕТБЕК БАЙГАЗИЕВ

   Көрүнүктүү педагог, КР эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору,  КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Советбек Байгазиев  педагогика, методика, адабият таануу, Манас таануу, адабий сын, этика, саясат таануу, публицистика, поэзия, проза тармактары боюнча ондогон китептердин, 500дөн ашык макалалардын автору. Окумуштуу Манас эпосу боюнча 30га жакын окуу китептерин, окуу куралдарын, тарбия колдонмолорун жазды. С.Байгазиевдин “Манас” эпосунун негизинде жаш муундарды адептик-ыймандык, руханий  патриоттук баалулуктарга тарбиялоодо эмгеги өлчөөсүз зор.

  Советбек агайдын ар бир жаңы чыккан китеби баа жеткис изилдөөгө, өзүнчө бир рух дүйнөгө жык толуп турат. Айрыкча, «Гумандуу педагогика» аттуу 600 беттен турган зор эмгеги педагогикабыздагы чоң жаңылык болду. Бул китеп улуттук педагогикабыздын изилденүүсүнө, анын илим катары калыптануусуна бараандуу салым кошту. Дегинкиси, С.Байгазиев   кыргыздын улуттук илими менен билиминде опол тоодой орду бар инсан. С.Байгазиев улуттук педагогикалык ойлорубуздун тарыхынын изилденүүсүндө анын өз алдынча илим катары калыптануусунда чоң эмгегин арнады. Ал кыргыз окумуштууларынын ичинен  биринчи жолу Орхон-Енисей таштарындагы жазуулардын педагогикасын изилдеди. «Таштагы педагогика» деп аталган көлөмдүү китеби анын улуттук педагогикабыздын тамыры кайда экенин табууга жасаган зор аракети болду. Ошондой эле С.Байгазиев  орто жана жогорку мектептер үчүн эң эле баалуу болгон «Манас таануу» аттуу көлөмдүү окуу китепти алгач ирет жазып берди. Аталган китептин жазылышы менен, мектептерде улуу дастандын сюжетин эле жомоктотуп үйрөтүү менен чектелбей, окуучулардын илимий өңүттөн кароосуна  жол ачылды. Байгазиевдин  «Цивилизация жана Ата Журт тагдыры» аттуу көлөмдүү китеби  улуттун рухуна, тагдырына, келечегине арналып жазылган өтө баалуу энциклопедия десек жаңылышпайбыз.

 

 Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер