БААРЫН КОЮП МАНАСТЫ АЙТ! ЖАЛАЛ-АБАД ЭМИ МАНАС ШААРЫ БОЛОТ

  • 11.09.2025
  • 0

Бул саам дагы дал ошондой болду окшойт. Кыргыз парламентинде улуттук нарк-насилди сактоого, калыптандырууга, чыңдоого, андан ары өркүндөтүүгө, тагыраак айтканда, Айкөл Манас атабыздын ысымын ыйгарууга багытталган “Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Демилгечи – КР Министрлер Кабинети. Шаардын аталышын ѳзгѳртүү демилгесине калаа тургундарынын кайрылуусу жана жергиликтүү бийлик органдарынын чечими негиз болгон. Эми мыйзам КР Президенти тарабынан кол коюлса, мыйзамдуу күчүнө кирүүгө тийиш.

БААРЫН КОЮП МАНАСТЫ АЙТ! ЖАЛАЛ-АБАД ЭМИ МАНАС ШААРЫ БОЛОТ

 Үч миң жылдан ашуун тарых-таржымалы бар кыргыз журтунун келечегин «Манас» эпосусуз элестетүү мүмкүн эмес. «Манас» дегенде, улут уркун узарткан чыныгы атуулдук милдетти, эл биримдиги менен журт бүтүндүгүн түшүнөбүз. Ал биз үчүн улуттук улуу дөөлөттүн алтын казынасы жана элдик нарк-насилге таянган улуттук идеяларыбыздын, азыркы тил менен айтканда, Улуттук уңгужол доктринабыздын башаты болуп саналат.

Кыргыз эли байыртан сөз маанисин багып, ой-туюм бийиктигин сөз шааниси аркылуу өлчөп келген. Мына ошондой ыйык сөздүн соолгус башаты, кыргыз элинин тарыхый табериги болуп саналган «Манас» дастаны – кыргыз элинин тарыхый энциклопедиясы» деп бекеринен айтылбаган чыгар. Анда элибиздин тарых-таржымалы, көөнөргүс көркөм күчкө жалгашкан нарк-насили менен акыл-парасаты түгөл камтылган.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, дүйнөнүн чар тарабында “Манас” аталышындагы жер-суу аталыштары арбын. Маселен, Кытайда Манас шаары, Жапонияда Семетей шаары, Испанияда Манас шаары, Казакстанда Манас жайлоосу, Кореяда Манас чокусу, Венгрияда Манас айылы бар. Эми, мындай аталыштар оголе көп экен.

“Манас” деген сөздүн этимологиясы жаатында да ар кандай пикирлер арбын. Айрым окумуштуулар аны академиктер Александр Бернштам менен Мухтар Ауэзовдун гипотезаларына таянып чечмелөөгө аракет кылышкан. Андан тышкары, байыркы индоевропалык санкрит тилиндеги «ман» жана «ас» сөздөрү бөлүнүп айтылып, «мыкты киши» маанини туюндурат деген да пикир бар. Ал эми атактуу философ Николай Рерих бул «жогорку акыл-эс» деген түшүнүктү берет деп жазган.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын тарыхый таржымалына кайрыла турган болсок, ал Кыргызстандын түштүк тарабындагы Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Адегенде чакан калктуу конуш катары калыптанып, 1877-жылы шаар макамын алган. Калктын жана өндүрүш көлөмү жагынан алганда, өлкөнүн үчүнчү ири калаасы десек да болот.

“Жалал-Абад” аталышы парсы тилиндеги “калктуу конуш” жана “бакубат” деген эки сөздөн турат. Тарыхый маалыматтарга таянсак, ал Моголстан империясынын төбөлү Желал ад-Дин Мухаммад Акбардын (толук аты: “Абу аль-Фатх Желал ад-Дин Мухаммад Акбар) (1542 – 1605) урматына коюлган дешет. Азырынча мындай жоромолдун чын-төгүнүн аныктаган-ачыктаган бир жан жок. Борбор Азия чөлкөмүндө ушундай аталыштагы отуздан ашуун калктуу конуш бар экен.

Азыркы эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөндө, анын борборун Желал-Абад шаарында орнотуу аракети жасалган. Бирок, бир топ ички жана тышкы, түз жана кыйыр факторлордун айынан Пишпек шаарына көчүрүүгө аргасыз болушкан.

Ал эми Кыргызстан союздук республикага айланганда, “Желал-Абад” калаасы “Жалал-Абад” деген атка алмаштырылган. Эмесе, шаарыбыздын учкай таржымалы ушундай.

Ырас, азыр “Манас” ысымы кайдагы бир чолок көчөдөн тартып, аты-жыты белгисиз алыскы айыл аймактарына чейин коюлуп кетти. Барган сайын майдаланып баратабыз. “Манас” деген ат кезинде Кыргызстандын ордо калаасына деле ыйгарылса болмок. Бирок, ага Бишкек баатырдын ысымы ыйгарылып калды. Эми, бул деле анчалык жаман эмес, дурус эле болду окшойт. Эң башкысы, биз баарыбыз “Манас” деген ыйык ысымды алып жүрүүгө татыктуу болушубуз керек. Кеп удулу ошондо!

Тээ-э, XVII-XVIII кылымдарда, кыргыздар жоо колунан береги Анжыяндан алыскы Гисарга чейин сүрүлүп, кыргыздар текей терип, казактар кайың саап калганда, бир канаты Жалал-Абад аймагындагы Сопу-Булан жергесинде бир кылымга чукул жашап турган. Жанагы Жайыл баатыр дагы, анын күйөө баласы Атаке баатыр да, алтургай 18 жашында “туу жыгар бала” атанган Бишкек баатыр дагы дал ушул жерде туулган дешет. Алар эр жеткенде кыргыз жерин калмактардан бошотуу жапырыгына жигердүү катышкан.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер