«БААЛОО» УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН БААЛООДОГУ ЖАҢЫ БАСКЫЧ
- 12.06.2025
- 0
Өлкөдөгү мектептик билим берүүнүн сапатын системалуу жана илимий негизде талдоо максатында ишке ашырылган «Баалоо» улуттук программа —билим берүү чөйрөсүндөгү абалды аныктоого жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга негиз болуучу маанилүү курал. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 4- жана 8-класстын окуучуларынын ири масштабдуу тестирлөөсү санариптик форматта өткөрүлдү. Бул кадам тестирлөө процессинин объективдүүлүгүн, ачык-айкындыгын жана технологиялуулугун бир топ жогорулатты. Иш-чарага репрезентативдүү тандалма аркылуу тандалган 200 жалпы билим берүү уюму катышты. Программаны Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ишке ашырууда.
Окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин директору Бактыгүл Шамшидинованын берген маалыматына таянсак, «Баалоо» улуттук программасы Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып, окуучулардын билим жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө шарт түздү.
— Жакында өткөн тегерек столдо тестирлөөнүн негизги жыйынтыктары сунушталып, алар жалпы билим берүү системасынын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, мындан аркы өнүктүрүү багыттарын белгилөөгө өбөлгө түздү. Айрыкча талкууларда өлкөнүн бардык окуучулары үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү маселеси (жашаган жери, социалдык статусу же окутуу тилине карабастан) көңүл борборунда болду. Агартуу министрлиги программага катышкан бардык өнөктөштөргө, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, так маалыматтарга негизделген сапаттуу байланыш — билим берүү системасындагы туруктуу өзгөрүүлөрдүн жана мектептик билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун негизги шарты экенин баса белгиледи, — дейт департаменттин директору.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун каржылык колдоосу менен Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору 2023-жылы Окуучулардын билим алуусунун жетишкендиктерин улуттук баалоосун (ОБАЖУБду) даярдоо жана өткөрүү боюнча оператору болуп дайындалган. Өлкөнүн потенциалын жогорулатууда техникалык колдоо көрсөтүү максатында CITO Педагогикалык өлчөө институтунан (Нидерланддан) эксперттер тартылган.
Изилдөөнүн максаттары жана милдеттери
— Баалоо Улуттук программасы — бул 2023-жылы Кыргыз Республикасынын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын 4- жана 8-класстарынын окуучуларынын функциялык сабаттуулугун жана социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн баалоо үчүн улуттук деңгээлде билим берүүнүн сапатына тышкы изилдөөнүн салыштырма инструменти болуп саналат. Баалоону өткөрүүнүн үзгүлтүксүздүгү үч жылда бир жолу жүргүзүлөт, санариптик форматта өткөрүлөт жана окуучулардын репрезентативдик тандоосуна негизделет, ал Кыргыз Республикасынын 10 жана 14 жаштагы мектеп окуучуларынын билимдери, жөндөмдөрү жана көндүмдөрү жөнүндө объективдүү жана илимий жактан негизделген түшүнүктү аныктайт, — дейт Бактыгүл айым.
Баалоонун максаты — калктын билим алуу муктаждыктарын канааттандырууга жана бүтүндөй системаны өркүндөтүүгө өбөлгө түзүүчү чечимдерди кабыл алуу үчүн билим берүүнүн сапаты жөнүндө объективдүү маалымат берүү болуп эсептелет.
Баалоо үч багытта – окуу сабаттуулук, математикалык сабаттуулук, табигый илимдер сабаттуулук боюнча жана окуучуларынын социалдык-эмоционалдык көндүмдөрүн кошумча баалоо менен окутуу кыргыз, орус же өзбек тилдеринде өткөрүлгөн.
Баалоонун өзгөчөлүктөрү
Баалоо базалык өлчөө иретинде башталган Улуттук изилдөөнүн жаңы цикли катары каралышы керек:
- Методологиядагы өзгөрүүлөр;
- Билим берүү стандарттарындагы өзгөрүүлөр;
- Компьютердик тестирлөөнү киргизүү.
Республикада биринчи жолу функционалдык баалоо санариптик технологияларды колдонуу аркылуу санарип форматында (билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасында же башка түрдө жайгашкан стационардык компьютерлерди колдонуу менен тестирлөө) жана онлайн режиминде жүргүзүлдү.
— Изилдөөлөрдүн жаңы цикли: бул чечимдин алкагында жаңы изилдөөнү иштеп чыгуунун жана тестирлөөнүн толук этабы ишке ашырылат, анын ичинде сегиз негизги кадам камтылган: пландоо жана изилдөө максаттарын коюу; концептуалдык жана мазмундук негизди (алкакты) иштеп чыгуу; тесттик тапшырмаларды жана анкеталарды иштеп чыгуу; пилоттук изилдөө жүргүзүү (апробациялоо); пилоттук изилдөөнун натыйжалары боюнча психометрикалык жана мазмундук талдоо; негизги изилдөөгө даярдануу; изилдөөнүн негизги этабын өткөрүү; натыйжаларды иштеп чыгуу, талдоо жана интерпретациялоо.
Бул өлчөөлөрдүн жаңы сериясынын алкагында өзгөрүүгө учураган багыттары (тренддери) талдоо үчүн маалыматтарды чогултууга жана колдонууга мүмкүндүк берет.
Дизайны
Бул Баалоо изилдөөсүндө билим берүүнүн натыйжаларын стандарттарга ылайык баалоону жүргүзүүгө өзгөртүлгөн. Мындай баалоо үчүн кеңири диапазонундагы татаалдыктагы тапшырмалар керектелет, айрыкча, билим деңгээли стандарттарга жооп берген окуучулар үчүн гана эмес бардык окуучуларга тиешелүү татаалдыктагы тапшырмалары талап кылынат.
— Мындан тышкары, баалоодо окуу программаны кененирээк чагылдыруу окуучулар эмнеге жөндөмдүү экендигин көрсөтүүгө жана эмпирикалык цикл үчүн пайдалуу маалыматтарды берүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Ар бир шкала кыргыз, орус жана өзбек тилдериндеги тапшырмалар менен өлчөнөт. Предметтердин теңдиги (тапшырмалар окутуу тилине карабастан бардык окуучулар үчүн бирдей татаалдыкта болгон) эсепке алынган, демек, баалоо бирдей критерийлер жана шкалалар боюнча жүргүзүлгөн. Бардык предметтер, анын ичинде окуу боюнча, ар бир класста талапкерлер орус, кыргыз же өзбек тилдеринде болгон бирдей тесттик тапшырмаларды (варианттар) тапшырышты. Демек, ар кандай тесттик топтомдор параллелдүү же эквиваленттүү эмес, башкача атйканда, бири-бирин толуктаганын билдирет. Бул тесттин ар бир топтому предметте берилген бүт көлөмүн камтыганын белгилей кетүү керек, — дейт жетекчи.
Форматы
— Санариптик баа берүү үчүн жазылуу платформасы тандалды, ал өзүнүн тандалып алынган жана колдонуунун жөнөкөйлүгү, тест форматтарын ыңгайлаштыруу, таймердин параметрлери, мультиплатформалуу, коопсуздук жана купуялуулук, техникалык колдоо жана масштабдуулук функционалдуулуктарын көрсөткөн. Ошентип, компьютердик тестирлөө жогорудагы тобокелдиктер оң жагына чечилген шартта билимди жана көндүмдөрдү баалоо процессин натыйжалуу, ийкемдүү, коопсуз жана уюштуруучулар үчүн да, окуучулар үчүн да ыңгайлуу кылып, олуттуу артыкчылыктарды берет, — дейт Бактыгүл Шамшидинова.
Пилоттук изилдөөнүн жыйынтыгы
Билимдин сапатын баалоо жана инновациялык технологиялар улуттук борбору 5 — жана 9-класстардын билим алуучуларын пилоттук изилдөөгө катыштырууда тандама тестирлөө ыкмасын колдонду. Бул окуучулар бардык предметтердин тиешелүү темалары боюнча толук билимге ээ болгондуктан, алар окутуунун бардык баалоо максаттарында референттүү жакшы топ болуу үчүн окуунун толук курсун аяктаган, 4- жана 8-класстардагы бир нече предметтер боюнча спецификациялык таблицалардын бир бөлүгүн түзгөн. Бул раундда кокус тандоо ыкмасы менен тандалып алынган жана бул пилоттук изилдөөнүн алкагында байкоого киргизилген мектептердин жалпы саны Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 24 билим берүү уюмдарын түздү.
Бардык тест суроолорунун 70% жабык, көп тандоо форматында болгон. Бул тапшырмалар компьютер тарабынан белгиленип, бааланган. Калган 30% тесттик суроолору эксперттер тарабынан белгиленген жана бааланган ачык кыска жооптуу суроолор болду
Бардык тесттер тиешелүү экспертизадан өтүп, тесттик тапшырмалардын 50%ы эл аралык текшерүүдөн өтүп, берилген сунуш-пикирлерден кийин толукталып иштелип чыкты.
— Улуттук статистикалык комитетинин ачык маалыматтарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2282 жалпы билим берүү уюму катталган, аларда 4-класста 120 885 окуучу жана 8-класста 17 099 окуучу билим алат. Изилдөө үчүн бул курактардагы жалпы калктын 10% камтылат. Бул тандама өлчөмү талаа изилдөөсүнүн ресурстук интенсивдүүлүгүн жана талап кылынган тактыкты эске алуу менен тандалган. Баалоонун дизайны эки баскычтуу стратифицикацияланган тандама катары иштелип чыккан. Биринчи этапта мектептер тандалып алынган. Мектептер 10 жана 14 жаштагы калктын болжолдуу өлчөмүнө пропорционалдуу ыктымалдуулук менен системалуу түрдө тандалган. Ар бир деңгээлге кеминде 100 мектеп тандоодон өткөн. Ошол эле учурда баштапкы тандалып алынган мектеп кандайдыр бир себептерден улам катыша албай калган учурда, ар бир тандалып алынган мектеп үчүн алмаштырууга мектептер аныкталган, — дейт директор.
Бул изилдөөнүн натыйжалары бүтүндөй окуучулардын популяциясына колдонулушу жана өлкөдөгү билим менен көндүмдөрдүн абалынын так сүрөттөлүшүн камсыз кылуу үчүн маанилүү.
Жыйынтыктарга көз чаптырып көрсөк, Бишкек шаары окуу сабаттуулугу боюнча гана эмес, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулугу боюнча да алдыда. Ошондой эле, Бишкектен кийинки экинчи орунда турган Ысык-Көл облусунун окуучуларынын бардык үч багыты боюнча туруктуу көрсөткүчтөрү белгиленет.
Ош шаары окуу жана математикалык сабаттуулук боюнча үчүнчү жыйынтыкты көрсөтүүдө. Жалал-Абад облусунун окуучуларынын көрсөткүчтөрү бир аз эле артта калгандыгы аныкталды, алардын окуу сабаттуулугу боюнча гана көрсөткүчтөрү төмөн болгондугу орун алат. Ош облусунун окуучулары үч багыт боюнча эң төмөнкү натыйжаларды көрсөтүштү.
Окутуу тилдери боюнча: орус тилинде окуган окуучулар үч предмет боюнча тең ортодон жогору упай алышкан, мында эң көп артыкчылык окуу сабаттуулугу боюнча белгиленген (+26,8 упай). Бул, биринчи кезекте, тил чөйрөсүнүн таасири, орус тилдүү класстарда эркек балдар көбүнчө орус тилиндеги адабияттарга жана материалдарга туш болушу мүмкүн, бул алардын ошол тилдеги текстти окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзүү таасирин тийгизгенин билдирет.
Бул талдоо көрсөткөндөй, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги окуучулар орто эсеп менен алганда бардык предметтер боюнча жакшы натыйжаларды көрсөтүшөт. Бул окуу пландарындагы айырмачылыктар, ресурстар же окутуу ыкмалары сыяктуу ар кандай факторлорго байланыштуу болушу мүмкүн.
— Эркек балдар кыздарга салыштырмалуу окуу сабаттуулугу боюнча кескин төмөн упай алышкан. Бирок, математикалык сабаттуулукта жыныстардын айырмасынын азайуусу белгиленсе, ал эми табигый-илимий сабаттуулукта көрсөткүчтөр дээрлик бирдей. Эл аралык баалоо программасынын (PISA) маалыматына таянсак, кыздар текстти түшүнүү боюнча тапшырмаларды орточо эсеп менен алганда жакшы денгээлде аткарышкандыгы тууралуу жалпыга таралган тенденцияны тастыктайт, кыздар эркек балдарга салыштырмалуу окууда жогору жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Ошол эле учурда, математика жана табигый-илимий предметтеринен жыныстардын ортосунда айырмачылыктар байкалган жок, — дейт Бактыгүл айым.
Окуу сабаттуулук
— Санариптик жана онлайн окуу биздин стандарттарда күтүлгөн натыйжалар түрүндө берилбегендигин белгилей кетүү керек. Санариптик технологиялардын тез өнүгүшү учурдагы окурмандардан маалымат менен иштөөнүн жаңы көндүмдөрүн талап кылат, мисалы, веб-сайттагы маалыматтын ишенимдүүлүгүн же бир жактуулугун баалоо, берилген контекстте маалыматтын пайдалуулугун баалоо ж.б. (мисалы, интернет булактары жана электрондук окуу китептери менен иштөө, тексттерди жана презентацияларды даярдоо жана башкалар). Ошол эле учурда дал ушул Бишкектин окуучулары санариптик окууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат, анткени алар Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар смартфондор менен эң жакшы камсыздалганы белгиленген, — деди жетекчи.
Эң жогорку орточо упайларды Бишкек шаарынын окуучулары көрсөтүштү — 562.45. Бул бардык региондордун эң жогорку орточо көрсөткүчү, бул республиканын борборунда окутуунун жогорку сапатын жана окуучулардын ийгиликтүүлүгүн көрсөтөт. Бишкек шаарынан тышкары Ош шаары (514.93) жана Ысык-Көл облусу (521.91) да жогорку натыйжаларды көрсөттү. Бул аймактар окуу сабаттуулугунан жакшы көрсөткүчтөргө ээ. Чүй облусу (503.59), Нарын облусу (499.75) жана Жалал-Абад облусу (495.72) орточо көрсөткүчтөрдү көрсөтүшөт, 500 упайга жакын. Баткен облусу (483.95), Талас облусу (484.42) жана Ош облусу (461.36) төмөн жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Ош облусундагы окуучулардын төмөнкү деңгээлдеги көрсөткүчтөрү ушул аймактагы билим берүү тармагын жакшыртуу зарылдыгын көрсөтөт. Бул сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүндөгү же ошол аймакта билим алуу үчүн ресурстар боюнча мүмкүн болгон көйгөйлөрүн көрсөтөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер