Б.КУПЕШЕВ: “БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨЙ БИРГЕЛЕШИП ИШТЕЙЛИ!”

  • 19.11.2021
  • 0

КР Билим берүү жана илим министри Б.Купешев, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусейинова баш болгон топ Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондоруна барып, мектеп директорлору, башталгыч кесиптик билим берүү өкүлдөрү жана бала бакча башчылары менен жолукту.

Мектеп картасы түзүлөт

Б.Купешев Чүй облусунун райондорундагы мектеп директорлорун түйшөлткөн маселелерди кунт коюп уккан соң, ошол жерде аталган маселелер өлкө башчысына, Министрлер кабинетинин төрагасына жакшы тааныш экенин, алардын басымдуу көпчүлүгү жакын арада чечилүү жолуна түшөөрүн баса белгиледи.

— Мен сиздерге куру убада берүүдөн алысмын, анткени эртең сиздердин алдыңыздарга жүзүм жарык келгим келет. Баардык жердеги маселелер бири-бирине дээрлик окшош: ошол эле кадрлардын тартыштыгы, жетишпей жаткан мектептер, агартуучулардын, техникалык кызматкерлердин айлык маяналарынын аздыгы, санариптештирүү, эскирген эмеректерди алмаштыруу, сапаттуу окуу китептери, методикалык колдонмолор менен камсыздоо, балдардын ден соолугуна кам көрүү.

Министрлик 10-декабрга карата Министрлер кабинетинин төрагасына республикабыздагы болгон мектептердин баардыгынын картасын даярдап бермекчи. Ошондо мектептердин жалпы абалы иликтенип, ошого жараша курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми мектептердеги эмеректерди үч этап менен жаңыртабыз, жакынкы арада алгачкы 15 мектепке жаңы эмеректер жеткириле баштайт. Эмеректерди жаңыртуу жана санариптештирүү келерки жылдагы жаңы окуу жылында толук аяктайт.

Б.КУПЕШЕВ: “БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨЙ БИРГЕЛЕШИП ИШТЕЙЛИ!”

Мектеп директорлорунун маянасы 50 пайызга жогорулайт

Министр мектеп директорлор корпусу менен жолугушууда алардын эмгек маянасы 50 пайызга жогорулай тургандыгын билдирди.

— Мектеп директорлорунун милдети, жоопкерчилиги өтө күч экенин жакшы билесиздер, мектептин бүт милдети мойнуна жүктөлгөн, бирок айлыктары кээде мугалимдерден аз алышат. Министрлер кабинетинин башчысынын билдирүүсү боюнча алардын маяналары адегенде элүү пайызга көтөрүп, анан убак-убагы менен акырындап кошулуп отурмакчы. Ал эми мугалимдердин акчасын жогорулатуу үчүн мурдагы баалоо процессине кайрылабыз. Сиздерге жакшы маалым болгондой, 2012-жылы мугалимдердин айлыгы көбөйгөндө, категория, эмгек стажы боюнча эмгегин баалоо сыяктуу кошумча төлөмдөр алынып салынган, натыйжада алардын акчасынын өлчөмү көбөйбөй эле азайып калган фактылар болгон. Эми ошол кошумча төлөмдөрдү кайра калыбына келтирсек, мугалимдердин маянасы жакшы эле көтөрүлүп калат, — деди министр.

Педкадрлардын катарын акыркы курстун студенттери толуктайт

Б.Купешев өлкөнү жетишпей жаткан педагогикалык кадрлар менен камсыздоо үчүн ар бир жогорку окуу жайда методикалык борборлорду ачуу, борбордогу жана региондордогу педагогикалык окуу жайлардын акыркы курстарында окуган студенттерди практикага жигердүү тартып иштетүү зарылдыгын белгиледи.

— Педкадрларды даярдаган жогорку окуу жайлар, айрыкча региондордогу педагогикалык институттар жаш адистер менен камсыздоодо жакындан жардамчы болууга тийиш. Адистерди ишке тартуу үчүн албетте, эң биринчи алардын маянасы жакшы болушу керек. Агартуучулар коомдогу эң алдыңкы адамдар. Сиздер да өзүңүздөрдү ошого татыктуу алып жүрүүгө милдеттүүсүздөр. Анткени коом сиздерге карап түздөнөт. Мен дагы бир жолу баса белгилеп коеюн, президентибиз Садыр Жапаров мугалимдердин жана дарыгерлердин статусу жана айлык эмгек акыларын жогорулатуу чараларын көрүп жатканын билесиздер, чукул арада мектеп директорлору жана жогоруда сиздер айткан тейлөөчү кенже кызматчылардын маяналары көрүнөөрлүк көбөйүшү күтүлүүдө” – деди Б.Купешев.

Б.КУПЕШЕВ: “БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨЙ БИРГЕЛЕШИП ИШТЕЙЛИ!”

Министрдин Панфилов районундагы жолугушуусунда элет жеринде акыркы учурда медициналык кызматкерлер тартыш болуп жатканы чоң көйгөй жаратып келгенин айтышты. Андыктан жергиликтүү бийлик коомчулук, ата-энелер менен бирге кеңешип, балдарды максаттуу түрдө медициналык окуу жайларда окутуунун камын көрүшмөкчү. Ал үчүн райондук администрация жетекчилиги медициналык окуу жайларда билим алган балдардын контракт акысынын 50 пайызын төлөп берүүгө даяр болууда.

 “Мектеп” басмаканасы ачылат

Б.Купешев өз сөзүндө окуу китептеринин өз мекенибизде жарык көрүүсүн камсыздоо үчүн союз учурунда окуучулардын окуу китептерин басып чыгарган “Китеп” басмаканасын жандандыруу, тагыраак айтканда, түп-орду менен жоюлуп кеткен ал басмакананын ордуна ошол эле аталыштагы жаңы басмакана уюштуруу боюнча чукул чаралар көрүлүп жатканын айтты. Мектеп директорлору да ушул маселени көтөрүштү, алар окуу китептеринин сапатынын начарлыгын, айрыкча, аны даярдоодо оркойгон каталар орун алып жаткандыгын жана ошондой эле мектептеги камкорчулар кеңешинин милдетин кайра карап чыгуу, окуучулардын билим деңгээлин аныктаган “Алтын тамга”, “Алтын сертификат”, ЖРТ эрежелерин, тартиптерин өзгөртүү зарылдыгын айтышты. Алар жалаң бешке аяктаган окуучулардын эмгеги акталбай, эч кандай жеңилдиктерге ээ болбогондуктан, балдардын окууга кызыгуулары азайып баратат деп эсептешет.

Сыймык алып келген Салтанат

КР Билим берүү жана илим министри Б.Купешев, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусейинова баш болгон топ Москва районуна келгенде, ал жерден райондогу “Таң нуру” балдар чыгармачылык борборунун хореография ийриминин жаш бийчиси, 7-класстын окуучусу Салтанат Кубатбекова (мугалими Көчөрбаева Рахат) жакында эле “Стамбул күздөрү” эл аралык фестивалына Кыргызстандан жалгыз өзү барып катышып, алтын медаль алып келгендиги жөнүндө кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүштү.

Б.КУПЕШЕВ: “БИР ҮЙ-БҮЛӨДӨЙ БИРГЕЛЕШИП ИШТЕЙЛИ!”

Кыргызстандын намысына жараган даңктуу кыздарынын катарын толуктаган Салтанат Кубатбекованын ийгилиги менен куттуктаган министр, ал сыйлыктарын өз колу менен тапшырды.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер