АЙТМАТОВДУН АКЫЛ МУРАСЫ КЫЛЫМДАР ТОГОШКОН ЖЕРДЕ УЛАМ ТЕРЕҢДЕЙТ
- 21.04.2026
- 0
АЙТМАТОВДУН АКЫЛ МУРАСЫ КЫЛЫМДАР ТОГОШКОН ЖЕРДЕ УЛАМ ТЕРЕҢДЕЙТ
Улуу сүрөткердин мурасына кайрылуу -тек гана илимий жумуш эмес. Бул- бийик нравалык изденүүнүн, моралдык толгонуунун жана терең акыл калчоонун жолу. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунда белгиленгендей, улуттук баалуулуктар менен нравалык негиздердин гармониясы өнүгүүнүн зарыл шарты. Чыңгыз Айтматов өзү таасын белгилегендей, “жер-суу менен авторлошуп” жараткан, Адам менен Аалам тууралуу улуу баян камтылган чыгармалары убакыттын катаал өкүмүнө бой бербей, түбөлүккө ат бастырып кирген асыл инсандын, улуу сүрөткердин орошон ойлоруна улам кайрылып турмагыбыз турулуу иш.
Чынгыз Айтматов биз дайыма ар кандай шартта кездешкен көрүнүштөрдү бизге жаңы өңүттөн кайрадан ачып, табигаттагы эң жөнөкөй кубулуштардын ажайыптуулугун, карапайым адам башынан кечирген кадыресе окуянын адамзат үчүн терең философиялык, нравалык мааниге ээ экенин ар бир чыгармасында далилдеди. Орустун орошон жазуучусу А. Солженицын “Не все -называется. Иное влечет дальше слов… Как то маленькое зеркальце сказок: в него глянешь и увидишь — не себя, — увидишь на миг недоступное, куда не доскакать, не долететь. Искусство растепляет даже захоложенную, затемненную душу к высокому духовному опыту” деген таамай кепти айткан. Анын сыңары көпчүлүк билбегенди билүү, туйбаганды туюу сүрөткердин мандайына жазган артыкчылыгы окшобойбу. Ойчул катары ачылышка айланган жаңы түшүнүктөрдү, масштабдуу философиялык жалпылыктарды калыптандырды. Ошол түшүнүктөр бир гана илимпоздордун, адабиятчылардын энчисинде калган жок, ар улуттагы карапайым калктын көркөм кенчине жана руханий азыгына айланды.
Жазуучунун өмүрү – чыгармасы, таалайы – окурман. Бул жагынан Айтматов таалайлуу адам, бактылуу сүрөткер. Жазуучу Айтматов сүрөттөгөн окуяларды ар кандай өлкөлөрдөгү окурмандар өзү жөнүндө жазылгансып, өзүнө арналгансып, кан-жаны менен бирге бүткөнсүп кабыл алды. Окурмандар жазуучунун пенде рухунун машакатын баяндаган ойлоруна ниет коюп, жашоого кубат алып, чыгармаларындагы көркөм образдар менен кошо толгонуп, бирге өмүр кечирет. Акыл-ойдун соолубас булагы, руханий башат катары биз жазуучунун чыгармаларына улам кайрылып келебиз. Немис жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Гюнтер Грасс жазуучуну “мезгил агымына каршы жазган адам” деп аныктаптыр. Өттү дегениң кайтып келип, келечектеги болор-болбосу дайынсыз нерсенин маңдайыңа калдайып чыга калмагы – сүрөткердин гана колунан келчү иш тура. Айтылуу Чыңгыз ханды кимдер гана жазбаган. Айтматовдун “Кылымга тете бир күн” романындагы “Чынгыз хандын ак булуту” тууралуу уламыш адамзат тарыхына эбегейсиз таасир эткен, он кылым илгерки жеңүүчүнү 21-кылымдын башында курчуй баштаган, көбүбүз али сезе элек проблемаларга алып келип такап койгону ойго салат. Эзелки окуялар тууралуу баянды диктатура менен киндиктеш репрессияга, идеологиялардын кагылышына байланыштырганы керемет табылга. Эркиндик кооптуу нерсе, ага ээ болуу ар кимдин колунан келе бербейт. Эркин акылдан эркин ой чыгат. Эр киши гана оюн эркин айта алат. Айрыкча жазуучу. Эркин ойлонуу жазуучунун башкы миссиясы. Ушул аспекттен Чынгыз Айтматов оңой менен киши даабаган темаларды козгой алды, аларды айтып гана тим болбой, көркөм образдар аркылуу табиятын ачып берди, адамды жана адамзатты эскертти. Мисалы, маңкурт адеп окурмандар тарабынан чоочун элдин, өткөн доордун уламышы катары кабыл алынса, кийин жамы журттун алдынан калдайып чыкты, эң кооптуу көрүнүш экенин реалдуулук далилденди.
Александр Пушкин “Онегин деген түгөнгүр кебимди укпай, улам ар кайсыны айтат, Татьяна болсо ойдо жок иш кылып, күйөөгө чыкмай болду” деген экен, жазыла баштаган романдан кабары бар теңтушуна. Анысы кандай Айтматовдун каармандары турмуш логикасына ылайык жашаган реалдуу адамдар. Реализм бар, бирок натурализм жок, жасалма мүнөз, жалган кыял да жок, чыныгы турмушта пенде кандай жүрсө, чыгармада ошондой жүрөт. Сөзгө, ажайып кооздукка умтулуу түбөлүк нерселер. Айтматовдун керемет чыгармалары окурман журтунун сезимин козгоп, көкүрөгүнө ой салып, капкаяктагы бир толгонууларды жаратып, көркөм ырахат тартуулап келет.
Айтматов инсан катары өзүнүн бийик миссиясын эң сонун аткарды, бирок анын чыгармалары жалпы адамзаттын интеллектуалдык жүгүн, нравалык түйшүгүн тартып келе жатат, дагы тарта бермеги талашсыз. Мисалы. адамзат ара жолдо турганда Айтматовго кайрадан кайрылдык. Дүйнөлүк тартипке доо кетип, эл аралык укуктун жоболору толук сакталбай, эски чакырыктарга жаңылары кошулуп, адамзат кысталып туру. Дал ушул маселелерди интеллектуалдык аянтта кенен талкуулап, алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасы 2026-жылы июнь айында акылгөйлөрдүн бүткүн дүйнөлүк шеринесин уюштуруп жатат. Президент Садыр Жапаровдун 2-августагы № 256 Жарлыгы менен улуттук жана эл аралык деңгээлдеги чакырыктарга жооп издөө, глобалдык маселелерди талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу максатында юбилейлик Ысык –Көл эл аралык форумун өткөрүү белгиленген. Албетте, бул эл аралык үлкөн иш чара Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл шеринесинин 40 жылдыгына тушташ өткөнү турат. Бул Кыргызстан дүйнөлүк маанидеги демилгелердин жана изги окуялардын ородосу болууга астейдил ниетинин бир көрүнүшү. Интеллектуалдардын бүткүл дүйнөлүк жаңы шеринеси – реалдуулук жана муктаждык. Демек Айтматовдун идеялары али кызмат кылып жатат. Ал эми анын “Ысык –Көл шеринеси” 40 жылдан соң чалкеш доордо кайрадан ой толгоого чакырып, интеллектуалдык платформа катары кызмат өтөгөнү турат.
Анын чыгармалары аркылуу замандын интеллектуалдык мейкиндигинде жаңы идеялар, бүтүндөй нравалык темалар, дүйнөлүк адабиятта көркөм образдар, эстетикалык тажрыйбалар – “Айтматов феномени” пайда болду. Сүрөткердин жан-дүйнөнү бийиктикке көтөрүп, адамды нравалык аруулукка чакырып, асылдыкты гимн кылып ырдаган чыгармалары жалпы адамзаттык алтын казынага айланды. Айтматов жайдак жерден кокус жаралган эмес. Ал кыргыз элинин кылымдарды карыткан акыл санжырасынын, кадыры артык, баасы бийик оозеки чыгармачылыгынын, кай заманда болбосун наркы кымбат көркөм өнөрүнүн мураскору. Жалпы адамзаттык маданиятка тең орток, пендезаттын руханий өнүгүшүнө кайталангыс салым кошкон, мухит сындуу “Манас” эпосун жараткан элдин жараган, элдин таалайына жаралган мыкты уулу.
Ал ар бир учуру мекендештери гана эмес, планетанын ар кайсы бурчундагы замандаштары үчүн олуттуу окуяга айланган маңыздуу жана түйшүктүү, даңктуу жана татыктуу жашоо кечирди. Айтматовдун тагдыры – доордун тагдыры. Ал эми Айтматовдун өзү – бүтүндөй бир доор, Кыргызстандын кайра жаралуу, тарыхнаамада жана искусство таанууда колдонулган аныктаманы колдонсок, Ренессанс мезгили, көркөм өнөрүнүн, интеллектуалдык-маданий жашоосунун айжаркын, керемет учуру. Учурда Кыргызстанда расмий бийликтин демилгеси менен “Кыргыз кереметин” кайра жаратууга аракет көрүлө баштады. Кыргыз Ренессансы биздин азыркы муктаждык. “Кыргыз Туусу” гезитинде адилет белгиленгендей, кыргыз керметин кайра жаратууга муктаждык бар, мүмкүнчүлүк жетиштүү.
Элдин эң сыймыктуу уулу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго кайрылган сайын, биз кош жоопкерчиликти даана билүүгө тийишпиз. Ыйык мекенибизди жана кыргыз дөөлөтүн ааламга тааныткан улуу инсандын алдындагы тарыхый жоопкерчилик. Тарыхый эс-тутум окуяларды гана тизмектеп, сактап тим болбойт, ал абийирди, ар-намысты да ойготот.
Экинчиси – бул биздин кийинки муундар алдындагы жоопкерчилик. Маселе ар кимибизге тиешелүү. Ар кимибиздин алдында күн сайын адам болуу, жакшылык менен жамандыктын, адилдик менен кыянаттыктын, ак менен каранын түбөлүк, оор кармашында жеңе билүү маселеси турат. Улуу муундар калтырган мурасты кортопостон, байытуу да дал ошондой оор маселе. Бул максатка жетүү жолунда бизди оор сыноолор күтүп турат. Бирок бул биздин гана маңдайга жазган сыноолор эмес. Бай цивилизацияларды курган, кубаттуу империяларды түптөгөн элдер да улам татаалдашып бараткан дүйнөдө ар кандай сыноолорго чыдап, чакырыктарга жооп кайтаруу милдетинен буйтап кете албайт. Сыноонун куну өтө кымбат. Бирок сыноолорго даяр, өз күчүнө бекем ишенген, эрктүү, кайраттуу, чыдамкай элдер гана барзаманда жакшылыктын баркын билет, ырысын көтөрө алат, тарзаманда мүнкүрөбөй, кыйынчылыкты жеңе алат.
Ар бир муундун өз миссиясы, аткара турган ролу, алдыдагы милдети болот. Бул тарыхый логика. Бирок, тилекке каршы, айрым учурларда ошол тарыхый миссиясынан безерлик (дезертирлик) кылып, өзүнө чейинкилер жасаган нерсенин убайын көрүп, алсыздыгын өткөнгө шылтап, акыры кыйроого туш болот. Баарынан жаманы, өзү гана кыйрап тим болбой, келечекке да оңбогондой оорчулуктарды түртө салат.
Биз, биздин муун гана ушул жерде жана азыр чече турган маселелер арбын. Чечпестен, эртеңки муунга калтырып кеткенибиз бери болгондо чыккынчылык болот. Кийинки муундун алдында өзү теңдүү курдаштарынын арасында айыгышкан атаандаштык шартында татыктуу жашоо, өлкөсүнүн таламын талашуу, анын эл аралык аренада сыймыгын бекемдөө, ар-намысына шек келтирбөө сыяктуу озуйпалардан тышкары чоң милдеттер пайда болот. Ошол опол тоодой жүктү көтөрүп, агыны катуу суу кечип, бийик бел аша турган кийинки муунга дагы кошумча көйгөйлөрдү калтырууга, биздин өксүктөн жаралган маселелерди, биздин безерликтен улам ырбаган дарттарды мойнуна жүктөй салып, баса берүүгө эч кимибиздин
акыбыз жок. Алдыбызда турган милдеттерди биз гана аткарышыбыз керек. Айтматов бизди ушул сыяктуу акыл түйшүгүн бирге тартууга чакырып, ар кимибизди ойлонууга түрткү берип отурат.
Шаткүл КУЛМАТОВА,
педагогика илимдеринин кандидаты, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын кыргыз тили кафедрасынын ага окутуучусу
Комментарийлер