Айтматовдун айлынан Америкага, андан Манас дүйнөсүнө аттанган Акылай
- 18.08.2023
- 0
Мугалим, котормочу Акылай Байматова — АКШнын Флорида штатында мугалим болуп иштеген кыргыз айым. Ал Кыргызстандын биология мугалимдери үчүн вебинар сабак өтүп, мындан ары да кесиптештерине өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп турмакчы.
Мугалимдин дүйнөсүндө жашаган Манас
Учурда Америкада жашаган Акылай Байматованы баардыгы “Манас” эпосун кыргыз тилине которгондугунан улам жакшы таанып калышты. Ал АКШнын Флорида штатындагы жеке менчик мектепте биология, химия мугалими болуп иштейт.
— Мен өзүм Талас облусунун Кара-Буура районундагы (азыркы Айтматов району – ред.) Аманбаев айылында төрөлгөм. Кийинчерээк ата-энем менен Жалал-Абадга көчүп барып, ошол шаардагы №14 физика-математикалык мектептен билим алгам. Мектепте окуп жүргөндө химия, биология сабагына өтө кызыгып, олимпиадаларга активдүү катышып жүргөн элем. Андан тышкары, англис тилин да өздөштүргөнүмдүн кийинки турмуш жолумда чоң жардамы тийди, — дейт.
Акылай Байматова мектепти алтын медаль менен аяктаган соң, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жүрүп 3-курска келгенде, Америкага кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, жакындары менен кеңешкен соң, ал ошол ыңгайлуу жагдайды пайдаланып, билим алуусун океандын ары жагынан улантууну чечкен. Андан бери 22 жыл өтүптүр. Ал жакта химия, биология боюнча адистигине ээ болуу максатында бир эле учурда колледжде да окуп, дүкөндө да иштеп, акча таап жүрдү.
Колледжде окуп креатив рейтингден сабак алып жүргөн кезде профессору анын көркөм жазууга шыгын байкап калып, эсселерин басма сөз беттеринде жарыялоону, студенттик газетага редактор болуп иштөөнү сунуштап калат.
— Креатив рейтингден сабак берип жүргөн профессор мыкты киши эле, ал бир күнү мага: “Сенин жазган эсселериңди басма сөз беттерине жарыяласак жакшы болчудай экен, чыгарма жазууга шыгың бар экени көрүнүп турат. Сага студенттик гезитке редактор болуп иштөөнү сунуштайм” – деп калды. Мен үчүн бул күтүүсүз сунуш болгондуктан: “Сиздин сабагыңызды эле жакшы өтүп алсам жакшы го” — деп жооп бердим. Анткени өзүм кампуста 20 саат иштечүмүн, андан тышкары дүкөндө иштеп кошумча акча тапчумун. Ага кошумча 12 кредит сабагым да бар болгондуктан, убактым өтө тартыш эле. Мени анын эгерде редактор болсом, стипендия бере турганы ынандырды. Ошентип редактор болуп иштеп калдым. Ошол жактан көп жакшы нерселерди үйрөндүм, бүт Американы кыдырып интервьюларды алып тажрыйба топтодум. Ал тургай “Нью-Йорк Таймс” газетасынын редакторлорунун лекцияларын уктум. Бирок менин негизги миссиям окуу болгондуктан, окуумду таштабай, магистратураны да химия, биология боюнча окуп аяктадым, — дейт Акылай айым.
Анткени штаттын өзүнүн талабы боюнча мугалим болуу үчүн штаттын химия, биология, математика, англис тили ж.б. боюнча экзамендеринен өтүүгө тийиш эле. Ошентип окуусун аяктаган соң, мектепте иштеп калды, адегенде мамлекеттик мектепте иштеп жүрүп, азыр жеке менчик мектепте мугалим болуп иштейт.
Кандайча Манаска келди?
Биз жогоруда айткандай, Акылай Байматова АКШда олтурукташып калганына 20 жылдан ашты. Ошол жактан үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болду. Балдары эс тарта баштаганда алар менен баарлашып олтуруп, аларга эмнегедир “Манас” эпосу, өзү туулуп-өскөн Талас жергеси жөнүндө айтып бергенди жакшы көрчү. Балким буга мекенинен алыс жүргөн эненин тээ көкүрөк түпкүрүндөгү сагынычы, кусалыгы түрткү болгондур. Балдары чөйрөсүнө жараша англис тилинде сүйлөп, окуп калгандыктан, алардын дилине кантип Манастын тилин жакындатууну ойлоп жүрүп, “Манас” эпосун англис тилине которууну ойлоду. Анын колуна жазуучу Мар Байжиевдин “Манас” эпосунун варианты тийгенден баштап, басса-турса ушул ой менен жашап калды.
— Мен үчүн “Манас” эпосун англис тилине которуу чечимин кабыл алуу оңой болгон жок. Мага ушул ой келгенден баштап өңүмбү же түшүмбү дегендей абалда жүрдүм. Анткени Манасты түшүмдө да көрчүмүн. Кай бирде күнбү-түнбү айырмалай албай калчумун. Күнүгө түшүмдөн көрүп жаткандан кийин кандайдыр бир белги катары кабыл алдым да, ошондон улам англис тилине которууга биротоло бел байладым. Ал үчүн даярдыктар керек эле. Англис, француз тилдеринде жарыяланган алардын эпикалык чыгармаларын окуп салыштыра баштадым. Алгачкы котормомду өзүмдүн кесиптештериме көргөздүм. Жакын бир досумдун: “Бир окуп эле токтоно албай түнү бою окуп чыктым, токтобо» деп айтканы мага жакшы стимул болду.
Котормо менен алектенип жүргөн тилчилер жакшы билет, котормонун түйшүгү күч болот. Мага эпостогу метафораларды табуу кыйынга турду. Атайын редактор менен иштешип, далай талашып-тартышып, далай таң атырдык. “Манас” эпосундагы кээ бир сөздөрдүн котормосу жок да, мисалы, Манастын кырк чоросу дегенди кантип которууга болот? Аларды “богатырь” деп айтууга да болбойт. “Манастын сүрүнөн душмандары корккондугун” жеткирип берүү да оңой болгон жок. Анткени аларда андай түшүнүк жок да, — дейт Акылай айым.
Акылай Байматованын Мар Байжиевдин варианты боюнча которгон “Манас” эпосу 2019-жылы жарык көргөн. Ага кызыккандар өтө көп. Ал китептин электрондук вариантынын окурмандары Европа менен Японияда, Нидерландияда, Түркцияда көп экен. Ошол эле жылы белгилүү жазуучудан уруксаат алган соң, адегенде 500 нуска менен жарык көргөн ал китепти жогорку окуу жайларга бекер таратышкан.
Канткенде балдарга “Манасты” окута алабыз?
Манасты Америкада эмес, өзүбүздүн эле Кыргызстанда, ал тургай кыргыз улутундагы эле балдарга окутуу кыйын болгон ушул азыркы шартта, ырас эле балдарыбызга канткенде Манасты окутуп жеткире алабыз?
— Мен өз тажрыйбамдан улам байкаганым — балдарыбыздын кулагына күнүгө куя беришибиз керек экен. Бирок балдарды тажатпай турган ыкманы табууга тийишпиз. Маселен, ата-энелери күнүгө 20 мүнөттөн суроо-жооп иретинде сүйлөшүү керек. Чындыгында “Манастан” көп сабак алса болот. Мисалы, өспүрүмдөр арасындагы достук темасы жөнүндө алсак, Манас менен Алмамбеттин достугун, жубайлар мамилеси боюнча Каныкей менен Манастын мамилесин талдасак болот. Ошондой эле эл аралык мамилелер, ата-эне менен мамиле ж.б. темалар өтө көп. Манас изилдеп бүтпөгөн терең океан. Лекция окубай эле күнүгө аз-аздан эле айта берип кызыктыра алабыз. Манас – бул түбөлүк. Интернет аркылуу эле видео лекция түрүндө таратып, Манасты эл аралык деңгээлге алып чыгып окутууга жетишүүгө болот, — дейт ал ишенимдүү.
Акылай Байматова 20 жылдан ашык мугалимдик тажрыйбасы, болгондо да чет өлкөдө иштеген тажрыйбасы бар мугалим катары Кыргызстандагы билим берүү тармагынын учурдагы абалы менен жакшы тааныш экенин белгилеп, өзүнүн ой-сунушу менен бөлүштү.
— Ал жакта адистер ар бир балага индивидуалдык подход жасоо керек дешет, тагыраак айтканда, ар бир балага өзүнчө ыкма колдонушат. Ал эми биздин мектептерде башталгыч класстарда бир класста 45 бала окуйт экен. Мугалим 45 мүнөттүн ичинде кантип ошончо балага билим берип үлгүрөт? Окуучу да эмнени үйрөнүп жетишет? Класстарда 25 окуучудан көп болбошу керек. Химия, биология сыяктуу так илимдерди окутуу — азыркы учурдун талабы. Бизде ушул предметтер боюнча мугалимдер жетишпейт экен. Дагы бир мисал келтире кетейин, Финляндиянын Билим берүү министрлиги педагогика факультеттерине алтын медалисттерди гана алат, анткени алар биздин келечегибизди тарбиялай турган адамдар деп эсептешет. Бизде болсо, мугалимдердин айлыгы аздыгы, мамлекет тарабынан жетишерлик колдоо жок экендиги өкүнүчтүү, — дейт.
Окуп билим алган эч качан кеч эмес
Жыл сайын Кыргызстанга келип, акыркы жаңылыктарды угуп, көрүп, мекенине сагынычын таркатып кетүүнү адатка айланткан Акылай айымдын бул жолку сапары олжолуу болду. Ал Манас таануу боюнча илимий изилдөө жүргүзүү сунушун кубануу менен кабыл алып, Илимдер Академиясынан аралыктан билим алууну чечти. Андан тышкары Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин Кыргызстандын химия, биология мугалимдерине тажрыйба бөлүшүп, консультант болуңуз деген сунушун да кош колдоп кабыл алды.
Ырасында эле окуган эч качан кеч болбойт, анын алыс же жакыны да болбойт, бир гана каалоо күчтүү болуусу кажет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер