«АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ»

  • 24.11.2022
  • 0

(залкар инсан, көрүнүктүү окумуштуу-педагог,  коомдук ишмер, таланттуу жетекчи, улуу устат  Искендер Исамидиновдун жаркын элесине арналат)

«Аккан арыктан суу агат»,- деп бекеринен айтылбаса керек. Ата-эненин, ата-журттун нарктуу тарбиясынан өткөн уул Искендер агайдын сөзмөрлүгү, чечендиги, шайырлыгы, эмгекчилдиги, сарамжалдуулугу, кичи пейилдиги, чыдамкайлыгы, көтөрүмдүүлүгү, ыр жандуулугу, чоң адамгерчилиги ата-энесинен алган руханий табериги болгон.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

Атаке баатырдын урпагы

Анын атасы Исамүдүн кыргыз тарыхындагы кадимки Атаке баатырдын урпагы. Андыктан бул адамда тектүүлүктүн сапаттары бар эле. Ал эми апасы Аманат карт тарыхтын өзөгү Кемин өрөөнүнөн чыккан Шабдан баатырдын тилмечи Мамбетаалынын бир тууган иниси Муса болуштун кызы экен. Аманат апабыз да тек жайынан тетик өсүп, төркүн-төсү Чүй өрөөнүндө аттын кашкасындай таанымал үй-бүлөдө чоңойгон. Тектүү жердин кызы бир гана өзүнүн уул-кызын тарбиялабастан, бүтүндөй айылды өзүнүн жүрүш-турушу,  эмгекчилдиги, жакшы кеп-кеңеши менен тарбиялап, көпчүлүк айылдык  тургундардын кеңешчиси, сырдашына айланган. Бүтүндөй айылдын эл сыйлаган ардактуу, эстүү энеси болгону,  жалпы айылдын мээримдүү энесине айланганы айтылат.

 

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

Искендер агай АТАЛЫК МЕКТЕБИНЕН  калыстыкты, тууралыкты туу тутуп, сабырдуулуктун, аракетчилдиктин, тырышчаактыктын ээси болууга, убакытты бекер өткөрбөөгө, акыйкатчыл болуп, токтоолукту сактаганга, көтөрүмдүүлүккө, ар дайым намыстуу, адептүү, тарбиялуу болууга, аалымдар менен билимдүүлөрдөн өрнөк алууга үйрөнүп, кең пейил болуп, текеберсинип кетпестен, кайраттуулукту курал кылып, жумшактыкты туу туткан, ачууланган чагында өзүн кармай билүүгө калыптанган. Кыраакы, бир сырдуу ата “Бир жылдыгыңды ойлосоң эгин эк, жүз жылдыгыңды ойлосоң бак тик, ал эми түбөлүгүңдү ойлосоң балаңа билим-тарбия бер” деген элдик накыл кепти көкүрөгүнө бек тутуп, келечектеги чыгаан уулуна татыктуу тарбия берген.

ЭНЕЛИК МЕКТЕБИНЕН “абийирдүү, кайрымдуу, мээримдүү, боорукер болуп, калайыкка кызмат кылып, жамаатка пайда келтирип, жалпы журттун сүймөнчүлүгүнө айланып, алкышын алууга татыктуу бол” деп тарбия алган эле. Эне уулуна “өзүңө жана башкаларга пайдасы тийбей турган  сөздөрдү сүйлөбөгүн, үнөмдүү  болгун, ысырапкерчиликтен сактангын, кичи пейил, элпек болгун” деп дайыма айтып келген. Билим-тарбияны көптү көргөн, көптү билген, өмүрү өрнөк адамдардан алууну айтып, адам тааны, инсан тааны, эл тааны, жер тааны, сени да эл таанысын деп кулагына куюп келген.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

Ата-эненин төгүлгөн мээримин, тарбиянын маани-манызын эрте түшүнгөн жаш улан окуусун ийгиликтүү аяктап, турмуштун кенен даңгыр жолуна түшкөн. Айлана чөйрөнү баамдай билген. Керектүүсүн өздөштүрүп, өзүн ар тараптуу сындан өткөргөн. Убакытты текке кетирбей билимдин сересине умтулган. Ар бир көздөгөн максаттарынын натыйжасын күткөн, изденген. Өзүнүн алган билимин жалаң окутууга, агартуунун айдыңына арнаган. Келечек муундарга таалим-тарбия берүүдө жогорку окуу жайды жетектеп, илимий даражасын көтөргөн.

Мындай ийгиликтерге ар бир эле адамга бериле бербеген жөнөкөйлүк сапаты менен айылдан келген карапайым боз улан улам өрдү көздөй, ийгиликтин төрүн көздөй бет алган. Ак ниет, адал эмгеги менен айылына алынган. Жалпы элдин сый-урматына татыган. Үй-бүлөлүү, эки уул, төрт кыздуу болуп, аларды эң мыкты тарбиялап, турмуштан туура орун табууга түрткү болгон. Ата салтына ылайык жоро-жолдош, куда-сөөк күтүп, капкалуу шаарга айланып, атпай журтка таанылып, ЭЛ УУЛУ аталган.

         Жүрөгүн улуттук университетке арнаган инсан

«Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Искендер агай бүткүл өмүрүн, эмгек жолун, илимий ишмердүүлүгүн Ж.Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетинде өткөрдү. Аталган университетке студент болуп келип, комсомол комитетинин секретарынын орун басары, окутуучу,  ага окутуучу, доцент, он эки жыл декандын орун басары, 18 жыл проректор,  анын ичинде 8 жылы биринчи проректор, ал эми 2011-2014-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп эмгектенди.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

И.Ч. Исамидиновдун жогоруда белгиленген административдик- башкаруучулук ишмердүүлүгү аны жогорку  билим берүү системасын башкарууда, окуу процессин уюштурууда, илимий-педагогикалык коллективди жетектөөдө зор тажрыйбасы бар азыркы типтеги жетекчи катары  калыптандырган.

Тубаса жетекчи

Жетекчилик кылууда авторитардык жол менен эмес, кесипкөйлүк менен адамгерчиликти айкалыштыра билип, башкарууда алдыңкы тажрыйбаларды пайдаланып, убакытты, кадрларды, мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдаланып, кемчилик, катачылыктардын себептерин, ийгилик, жетишкендиктердин сырларын эң мыкты өздөштүргөн.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

Тажрыйбалуу жетекчи утурумдук, күндөлүк иштерди эле ийгиликтүү аткарып калбастан, өлкөнүн билим берүү тармагынын келечектеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу улуу максат, пландарды алдыга коюп, чечкиндүүлүк менен ишке  ашырып келген.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

90 жылдык тарыхы бар Улуттук университетте не деген залкар окумуштуу-педагогдордун, мыкты ректорлорунун арасында жетекчилик милдетти татыктуу аткара алды. Ал жетекчилик кылган жылдар аралыгында университетте бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Алардын айрымдарына гана токтолсок, окуу жайдын эл аралык байланыштары күч алып, Япония, Корея, Турция, Индонезия, Россия, Франция, ошондой эле Европанын башка дагы бир катар окуу жайлары менен мамиле жакшыртылып, кыска убакыт аралыгында, тагыраак айтканда, акыркы 2-3 жылдын ичинде университеттин 700дөн ашык окутуучулары жана студенттери илимий жана билим алуу стажировкаларынан өтүп келишкен. Айрыкча Кытай мамлекети менен тыгыз алака-байланыш түзүлүп, ага терезе ачууда Искендер Исамидиновдун эмгеги зор болгон.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

Ошону менен катар Болон процессин, жогорку билим берүү системасын эки деңгээлдүү окутууга өткөрүү мезгили да агайдын Улуттук университетке жетекчилик кылган учуруна туш келди. Бул боюнча И.Исамидинов алгач Италиянын Болонья университетине Кыргызстандын 11 университетинин ректорлорунун катарында барып, университеттердин хартиясына кол коюшкан. Анын натыйжасында окуу жайда кредиттик технология менен окутуунун системасы киргизилип, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

Ректорлук кызматты аркалоодо окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өтө чоң салым кошуп, өз демилгеси менен бир катар маанилүү инвестицияларды алып келген. Далай жылдары оңдоого муктаж болуп келген башкы окуу имараты, лабораториялык жана №5-окуу имараттарын капиталдык ремонттон өткөрүп, жаңы техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жагын ишке ашырган. Эгерде Түркиялыктар менен болгон сүйлөшүүдөн соң, алардын каржылоосу менен башкы окуу имаратынын азем залы (№248) жасатылса, ал эми Иран элчилиги менен жылуу кызматташтык кылуунун натыйжасында, 5000 евро инвестиция тартуу менен №5-окуу имаратындагы 218-конференция залын бүтүндөй ремонттон өткөрүп, эмерек, оргтехника менен камсыз кылып, жасалгалоого жетишкен. Окуу жайды жакшыртууга болгон бул сыяктуу алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө карата Искендер Исамидиновдун жеке салымы өтө чоң болгон жана ага жалпы жамаат күбө.

Ал эми Искендер агайдын университеттин алдындагы орнотулган улуу ойчул Жусуп Баласагындын, залкар окумуштуулар Константин Юдахин менен Касым Тыныстановдун эстеликтерин коюуда, окуу жайга көрк берип турган фонтандын иштөөсүндө бир топ эмгеги бар экендигин ошол кездеги ректор, кыргыз билим берүүсүндөгү, илиминдеги залкар инсан, академик А.Ч.Какеев да көпчүлүк жерде эскерип айтып жүргөнү белгилүү.

Агайдын демилгеси менен эки институт түзүлүп, бүгүнкү күндө Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту (азыркы педагогика факультети) Кыргызстандагы педагогдорду даярдоочу бирден бир окуу түзүмдөрүнүн бирине айланды. Аталган институтту ачуу аркылуу канчалаган мугалимди жумушчу орун менен камсыз кылып, миңдеген студенттердин билим-тарбия алуусуна шарт түзүп бере алды. Аны менен гана тим болбостон, жалпы Кыргызстандын агартуу журтчулугу  тууралуу ойлонуп, 2011-жылы «Мугалим» илимий-педагогикалык журналын негиздеп, ал журнал 2014-жылдын март айынан баштап жарык көрүп келүүдө.

И.Исамидинов  улуу инсан Исхак Раззаковдун “Жетекчилик принциптери жана методдору” китебиндеги жетекчинин төрт түрдүү жооперчилигин дайыма сактап келди.

  1. Өзү жетектеген тармак үчүн учурдагы жоопкерчилик.
  2. Айыл, өлкө, эл алдындагы жоопкерчилик.
  3. 3. Келечектеги тарыхый жоопкерчилик.
  4. Кудай алдындагы жоопкерчилик.

          Элдин уулу болуш кымбат

Атанын, ата-журттун ак батасын алып чоңойгон, эненин ак сүтүн, аруу тилегин актап, ата-эне мектебинен элдик таалим-тарбияга сугарылган уул – Искендер Исамидинов Ата Мекендин да сыймыктуу уулу боло алды. Жалпы калайык калың журт да дал ушул ойдо. Анын кылган ар бир иш-аракетинен жалпы элге, өлкөгө, билим берүү тармагына, университетке, андагы студенттерге болгон сүйүү сезиминин ашып-ташып тургандыгы баамдалып турчу. Ошондуктан анын калк арасында, билим берүү жаатындагы, педагогикалык коомчулуктагы аброю өтө жогору эле.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

“Атанын уулу болуш урмат, элдин уулу болуш кымбат”-деген эл макалын Искендер агайыбыздын эмгек жолу менен байланыштырып, кадырлап-сыйлап терең түшүнө билсек, өрнөктүү өмүрүнөн сабак алсак, өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн кайдыгер карабаган адам болуп калыптанар элек.

Үлгүлүү ата, татыктуу жар

Искендер агай менен Бактыгүл эженин үлгүлүү үй-бүлөсүнүн бузулбас, бекем ынтымагы, ошол үй-бүлөдөгү бири-бирине болгон өтө терең сыйлашуу сезимдери, андагы улууга болгон урмат, кичүүгө ызат мамиле, конок күтүүдөгү, элге кылган мамиледеги жогорку маданияттуулук, ошол үй-бүлөдөн тарбияланып чыккан балдардын, небере-чөбөрөлөрдүн тартиби, адептик деңгээли, башкаларга кылган сылык-сыпаа, жеткире сый мамилеси бул үй-бүлөдө калыптанган ыймандык нарк-дөөлөттүн тереңдигин далилдеп, нукура элдик салттуу таалим-тарбия менен замандын талабына ылайык калыптануунун ортосунда түзүлгөн гармониянын сакталгандын ачыктап турчу.

Бир карап, Искендер агай курган үй-бүлөгө, андагы сакталган адептик мыйзам ченемдүүлүктөргө, адамзаттык мыкты сапаттарга ширелишкен таза, тунук мамилеге ичиң жылып суктанасың, бир карап, ар бир үйдө ушул жылуулук, тазалык, адамдык бийик чен-өлчөмдөр сакталса деп тилек кыласың.

"АТАНЫН УУЛУ БОЛУШ УРМАТ, ЭЛДИН УУЛУ БОЛУШ КЫМБАТ"

Тилекке каршы, Искендер агайыбыз балдарынын төрүндө жан шериги, өмүрлүк жубайы Бактыгүл эже менен отуруп, карылыктын узак, бактылуу күндөрүн сүрө албай калды. Атаганат, бири кем дүйнө деген ушул беле? Керек болсо ушул дүйнөдөн да ооруп жатып калбай, эч кимди кыйнабай, азапка салбай, оордугун көрсөтпөй, баягысындай эле шайыр-шайдоот, күлүмсүрөп 2022-жылдын 17-ноябрында өзү бүтүндөй өмүрүн байланыштырган студенттердин майрам күнүндө бул жарык дүйнө менен кош айтышып, капыстан арабыздан узап кете берди… Шум ажал токтой турса, ушундай нарк-насилдүү калдайган карааныбыз, адамдык аруулукту бийик сактап, алдыга ак жол тилеген, татыктуу турмуш курууга багыт көрсөткөн залкар инсан, улуу устатыбыз жок дегенде дагы бир 10-15 жыл жашаса эмне эле…  Айтууга сөз жетпей турат…

Искендер агайдын адамгерчилиги, мамиле кура билүү маданияты, дипломатиясы, жетекчилик чеберчилиги, устаттык өнөрү, үй-бүлөнү бактылуу кыла билүүнүн эталону болгондугу тууралуу замандаштары, кесиптештери, шакирттери мындан кийинки эскерүүлөрдө дагы далай узун сабак кеп кыларбыз.  Жаткан жериңиз жайлуу болсун, устатым. Сиздин жетекчилик мектебиңизден тарбияланып, шакиртиңиз болгонум үчүн сыймыктанам. Кошуңуз деп айтууга ооз барбайт. Ишене албай турабыз. Арабыздан узап, акка моюн сунганыңызга ишенбеске арга жок… Кошуңуз, АГАЙ. Жаткан жериңиз жайлуу болсун. Өзүңуз жан дилиңиз менен сүйүп, өмүрүздү арнаган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз  улуттук университетинин, анын курамында көргөчтүк менен түзүп кеткен педагогикалык факультеттин жалпы жамаатынын эсинде элесиңиз түбөлүккө сакталат.

Рахат СУЛАЙМАНОВА,

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз  улуттук университетинин

педагогика факультетинин деканы,

“Мугалим”  журналынын баш редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер