АТАМ БАСКАН БАЙСАЛДУУ ЖОЛ

  • 11.02.2022
  • 0

Алгачкы эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштап, өмүрүнүн аягына чейин колунан калеми түшпөй, мугалимдик кесип менен журналисттик кесипти бирдей алып жүргөн белгилүү журналист Таштанбек Ашыралиев көзү тирүү болгондо быйыл 88 жашка чыкмак. Төмөндө анын уулдарынын эскерүүлөрүн жарыялайбыз.

АТАМ БАСКАН БАЙСАЛДУУ ЖОЛ

 

Атам кандай адам эле

Атам Таштанбек Ашыралиевди 1989-жылы 8-майда шум ажал арабыздан алып кеткен. Тагдыр экен, “Иш десе ишке тойбой, аш десе ашка тойбой” турган 55 жаш курагында, болгондо да өзүнүн туулган күнүндө, биз үчүн кубанычтуу күндү кайгыга айлантып кете бергенине алигүнчө армандайбыз. Аны эстеген сайын анын күлүмсүрөгөн, жайдары элеси көз алдыма тартылат да, толкунданып, муунум бошоп, көзүмө жаш тегеренип кетет…

Ашыралы уулу Таштанбек 1934-жылдын 8-майында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш колхозуна караштуу Бириккен (азыркы Өтөгөн) айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Апасынан эрте айрылып, жаштайынан турмуш түйшүгүндө калган тирикарак жаш уландын «Фрунзе шаарына барып окусам» деген тилеги ишке ашып, 1950-1952-жылдары Кыргыз педагогикалык окуу жайдан, андан кийин 1954-1958-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алып, жогорку билимдүү болгон.

Алгачкы эмгек жолун Ош облусунун алыскы Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айылындагы мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштайт. Ата-энесинин жалгыз баласы болгондуктан, бир жылдан соң Чүй районундагы Дөң-Арыкка көчүп келип, айылдагы мектепте мугалимдик кесибин уланткан.

АТАМ БАСКАН БАЙСАЛДУУ ЖОЛ

Табият тартуулаган шык-жөндөмү үстөмдүк кылганбы, айтор ал көп өтпөй, журналистика тармагына ооп, 1960-жылдан тартып журналисттик эмгек жолун улантат. 1960-жылдан 1977-жылга чейин республикалык «Кыргызстан пионери», 1977-жылдан 1988-жылга чейин республикалык «Мугалимдер газетасынын» (азыркы «Кут Билим») редакцияларында жетекчилик кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, өмүрүнүн акыркы жылдарында өзү туулуп-өскөн Бириккен айылына көчүп барып, айылдагы мектепте иштеп турган.

Атабыз менен бирге көп жыл иштешкен калемдештери аны жеке эле өз ишин мыкты билген жогорку деңгээлдеги жетекчи гана эмес, адамгерчилик сапаттары бийик, үй-бүлөлүк баалуулуктарды ыйык туткан камкор ата, жолдошчулукка бекем, сый-урматка татыктуу адам эле деп эскеришет.

Үйдө кандай ата эле

Атам үйдө, туугандар, жердештер, жоро-жолдоштор арасында, дегеле кызматтан тышкары турмушунда кандай адам болгон деген суроонун тегерегинде ой жүгүртүп калганда, атамдын баскан-турганы күнү бүгүнкүдөй көз алдыма тартылат.

Менин балалык кезим менен жуурулушкан анын жаркын элесин ээрчип, айылдагы үйдүн чарба иштеринде огород иштетип, суу сугарганыбыз, кой кайтарып, кой кыркынга барганыбыз, тоого аң уулоого чыкканыбыз, чөп чаап-жыйнаганыбыз, иш ортосунда кобурашып, тамактангандарыбыз, айтор, атам менен бирге туулуп-өскөн айылымдын түйшүктүү, ары кызыктуу турмушу күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Биз Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жашап, инилерим менен шаардагы №5 жана №39 орто мектептерде кыргызча окудук. Шаарда жашап, окусак да, Медет иним экөөбүздү атабыз эс алуу күндөрү айылга ала барып, үйдөгү чарба иштерине салчу. Атам жарыктык, биз эмне иш кылсак да, жөн гана көрсөтүп тим болбостон, өзү үлгү болуп, аралашып кетээр эле. Жайкы эс алуу каникулдарыбыз ар дайым айылдагы чоң ата-чоң апабыздын жанында өтчү. Ошондуктан биз айыл турмушуна жакын чоңойдук. Көрсө, атам көсөмдүк кылып бизди жашыбыздан айылдагы кара жумушка бышырып тарбиялаган экен.

Атам балдарынын баарын кыргыз мектепте окутту. Иним Назар да ушул кезге чейин айтып, сыймыктанып калат.

— Мен ал кезде 6-класста окучумун, бир күнү атамдан: «Ата, биздин үйдө жашаган башка кыргыздардын балдары орус мектептерде окуйт го, биз эмнеге ошенткен жокпуз?» деп сурасам: «Балам, короодогу балдар менен ойноп жүрүп деле орусчаны үйрөнөсүңөр, ал эми өз эне тилинде билим алуу, өз эне тилин билүү – ар бир кыргыз баласы үчүн намыс, милдет», — деп түшүндүргөн эле. Ошол айткандары өмүр бою жадымда жазылып калды. Атамдын мүнөзү жумшак, катуу айтпаган жайдары адам болгону менен тартип, тактык, тазалыкты жакшы көрүп, ошого жараша талапты да катуу коё билчү. Бирок кандай кырдаал болсо да ар бирибиздин оюбузду угуп, анан чечим чыгарчу. Эсимде, мен 7-класста окуп жүргөн кезимде, бизге көп балалуу үй-бүлө катары беш бөлмөлүү батир берилип, Аламедин кичи районуна көчүп бардык. Жашаган жерибизге жараша башка мектепке которуу маселеси пайда болду. Мектеп алмаштыруу деген эмне экендигин баары эле жакшы билсе керек, атам менин кыйылганымды көрүп, жайыма койду. Ошондо сүйүнгөнүмдү айтпа. Атам кандай маселе болсо да, адамдын шагын сындырбай оюн угуп, кайра өзүң менен кеңешип, жылуу-жумшак түшүндүрүп айтып берчү” — деп эскерет Назар Ашыралиев.

Атам өзгөчө баласаак жан эле

Жай бою айылда жүрүп аткарган иштерибизге ыраазылыгын билдирип, дем берүү иретиндеби, айтор бир маал Фрунзе шаарынын четиндеги же Ысык-Көлдөгү пионер лагерлерине эс алууга жиберээр эле. Бизди эле эмес, биз менен ойноп-чоңойгон туугандардын, досторунун балдарын да кошуп жиберчү.

Атабыз бизге өзү жасаган иш-аракеттери менен үлгү болду. Туугандар, айылдаштар, тааныштары менен жолугуп калса, алардын эмне иши болсо да, колунан келген жардамын берүүгө даяр эле. «Балам, колуңдан келген ишти аянбай, жакшылык кыл, жакшылык жерде калбайт» деп айткандан тажачу эмес.

Айылдаштардын, туугандардын шыктуу, жөндөмдүү улан-кыздарын астыртан байкап, «шаар көрсүн, жакшыга умтулсун, окусун» деген ниетте үйгө ээрчите келип, алар менен өзүнчө маектешип, шык-жөндөмүнө жараша окуу жайларын сунуштап, туура багыт, баалуу кеңештерин бергенин андагы боз улан-кыздар, азыр өздөрү очор-бачар үй-бүлө күткөн ага-эжелерибиз алигиче айтып калышат.

Биз бала кезде 1-май, 7-ноябрь майрамдары өзгөчө салтанат менен майрамдалаар эле. Ошондой майрамдарда атам үйгө ар кандай түстөгү үйлөмө шарларды ала келип, көчөдөгү балдардын санына жараша бөлүштүрүп, баштыкчаларга салдырып койчу. Анан ал баштыкчаларга өзү фотоаппараты менен тартып алган айылдаштардын, балдардын сүрөттөрүн салып, майрамдын алдында үйлөрүн кыдырып таратып чыкчубуз. Мен да атама сүрөт чыгарганга жардамдашып жүрүп, эсимде жакшы сакталып калыптыр.

Атабыздын кыз балдарга мамилеси өзгөчө эле. Улуу эжекебиз Сагын беш баланын ортосунда жалгыз кызы болгондуктан, ага өзгөчө мамиле кылчу. Бизге да «жалгыз эжекеңерди сыйлап жүргүлө» деп көп айтчу. Эжекебиз М.Абдраев атындагы музыкалык мектептен билим алды. Атам: “Кызым музыкант болот” деп сыймыктанып, ага пианино, виолончель сатып берген. Эжекем окуусунан колу бошобогондуктан биз, эркек балдар үйдөгү кыздар аткарчу жумуштардын баарын өзүбүз жасап коёр элек. Кыз баланын баркын жакшы билген атабыз кийин келиндүү болгондо, келиндерине кадимкидей жан тартып: «Бул да мендей атанын алмончоктой кызы, азыр менин бүлөм» деп, аяр, сый мамиле кылаар эле. Эми турмуштун тамашасын карабайсызбы, атабыз «бир эле кызым бар» деп армандап жүрүп, жалаң кыз неберелүү болду. Азыр кээде апабыз: «Атаңардын тукумун улачу жалгыз эле Жаныбек болуп калабы?» деп, Назардын уулун «жалгызсыратып» калат.

Келинчегим Клара экөөбүз үч кыздуу болгонубузда кубанганы көз алдымда. Кыздарыбыз Айжан, Нуржан, Бегимайлар да атабызга аябай ынак болуп чоңоюшту. Алар айылга көчүп баратканда эрмек болсун деп, кичүүбүз Бегимайды ала кетишкен эле. Айылга барган сайын апам бизге атам менен небересинин жоруктарын айтып берип, баарыбызды күлдүрчү. Көрсө, кызыбызды өзү теңдүү балдар менен бирге болсун деп, колхоздун бала бакчасына берип койгону менен, акмалап эле ошол жерде жүрчү тура.

Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн

Атам Таштанбек айылдагы, тууган ичиндеги жакшылык-жамандыктардан калбаган, өтө жоопкерчиликтүү, ары тууганчыл жан болчу. Андай жерлерге сөзсүз бизди кошо ала бараар эле. Азыр ойлосом, атабыз ошондо бизге турмуштун билинип-билинбеген, айтылып-айтылбаган улуу сабактарын үйрөтүп кетиптир. Тууганчылыкты, жердешчиликти бийик туткан атабыздын таалим-тарбиясын азыр биз колдон келишинче аткарып, айыл ичиндеги, тууган ичиндеги жакшылык-жамандыктардан калбай, эл менен катышты үзбөй улап келгенге аракеттенебиз.

АТАМ БАСКАН БАЙСАЛДУУ ЖОЛ

Атабыздын көзү өткөнүнө 30 жылдан ашты. «Жакшылык жерде калбайт», — деп өзү айткандай, Өтөгөн айылыбыздын эли атабыздын айылга, элине кылган эмгегин жогору баалап, 1992-жылы өзү туулуп-өскөн көчөгө атын ыйгарышкан. Ал үчүн айылдаштарыбызга терең ыраазыбыз.

Турмуш өз нугу менен улана берет экен. Атабыз көрбөй кеткен жакшылыктарыбызды апабыз көрүп, карылыктын бакубат төрүндө узак жашасын деп тилек кылабыз. Апабыз быйыл 85 жашка чыкты. Учурда 14 небереге, 13 чөбөрөгө мээримин төккөн бактылуу чоң апа, таене болду. Атабыздын жалгыз кызы Сагын эжекем жолдошу Сагынбек жездем менен үч балалуу, жети небере көрүштү. Жолдошум Клара экөөбүз үч кыздан төрт неберелүү болдук. Медет иним келинчеги Элмира менен эки кыздуу болушкан кезде, 1997-жылы күтүлбөгөн кырсыктан улам каза болуп калды. Улуу кызынан эки небере бар. Назар иним келинчеги Динара менен үч балалуу: эки кыз, бир уулдун ата-энеси. Атабыздын «көкүрөк күчүгү», ата журтунун ээси, кенжебиз Данияр үч кыздуу болду. Ал келинчеги экөө апабыздын «социалдык тапшырмасын» аткарышып,
Жаныбекти жалгызсыратпай иничек тартуулашса деп тилек кылабыз.

Бакытбек АШЫРАЛИЕВ, Москва шаары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер