Асылбек Кулмырзаев: “МАНАС” ДАЯРДАГАН ДАРЫГЕРЛЕР ЭҢ МЫКТЫ АДИС БОЛОТ”

  • 21.01.2022
  • 0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде медициналык факультет ачылууда. Жаңы окуу жылынан баштап дарылоо иши адистиги боюнча алгачкы студенттер даярдала баштайт. Жаңы ачылып жаткан факультеттин артыкчылыгы жана келечеги тууралуу университеттин биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев “Кут Билимге” берген маегинде айтып берди.

Асылбек Кулмырзаев: “МАНАС” ДАЯРДАГАН ДАРЫГЕРЛЕР ЭҢ МЫКТЫ АДИС БОЛОТ”

  • Асылбек Атамырзаевич, Сиздердин окуу жайда медициналык факультетин ачуунун максаты жана милдети эмнеде? Азыр Кыргызстанда медиктерди даярдай турган окуу жайлардын саны деле аз эмес?
  • “Манас” университетине медициналык факультет ачуу жана клиникалык база куруу Кыргызстан менен Түркиянын президенттери тарабынан 2018-жылдын сентябрь айында Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга, анын ичинде биздин университетке болгон иш сапарынын алкагында башталган. Тайып Эрдоган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде бир эле Кыргызстанга гана эмес бүтүндөй Орто Азияга жогорку квалификациялуу медициналык адистерди даярдоо жана элге кызмат көрсөтө турган оорукана куруу жөнүндө сөз кылып, колдоосун көрсөтүп, эки өлкөнүн башчылары болочок факультеттин жана клиниканын пайдубалына капсула салган. Ошондон тартып биздин университеттин жетекчилиги, Камкорчулар кеңеши бул маселе боюнча иш жүргүзө баштады. Натыйжада  өткөн жылдын ноябрь, декабрь айларында даярдык иштери бүткөрүлүп,  лицензия алуу  боюнча  КР Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү уруксатын алдык. Андан соң КР Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялык комиссиясы иш жүргүзүп, натыйжада Лицензиялык кеңеши лицензия берилсин деген чечим чыгарды. 600 студенттен ашпаган контингент бекитилди.
  • Демек, быйыл алгачкы абитуриенттер кабыл алынат экен да?
  • Ооба, буюрса, 2022/2023-окуу жылына дарылоо багыты боюнча алгачкы абитуриенттерди кабыл алабыз. Алгач дарылоо адистигин ачып, анын тиешелүү базасын түзүп, кадрдык потенциалын бекемдеп, окутууну жакшы деңгээлге коюп алгандан кийин башка багыттарды да ачууну ойлонуп көрөбүз. Түркия дагы бул факультеттин ачылышына өзгөчө маани берип жатат. Жогорку билим берүү комитети жана Саламаттык сактоо министрлиги билим сапатына өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Себеби биздин диплом эки өлкөдө бирдей таанылат. Биздин бүтүрүүчүлөр Түркияга барганда эч кандай тоскоолдуксуз каалаган ишке орношо алат. Түркия да өзүнүн Саламаттык сактоо тармагына абдан кылдат мамиле кылат. Аларда бул тармак абдан өнүккөн. Дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин катарында турат. Медициналык факультеттин окуу программасы Кыргызстандын талаптарына жооп берүү менен бирге Түркиянын дагы талаптарына жооп бериши керек. Себеби студенттер баштапкы курсту биздин университетте окуп, 4-5-6-курста билимин Түркиянын алдыңкы университеттеринен улантышат. Ал жерде билим алуу менен клиникалык базаларда тажрыйба топтоп, дипломдук иштерин кайра бизге келип коргойт. “Манас” университетинин өзүнүн клиникасы курулуп, кадрдык потенциалын дагы бекемдеп алгандан кийин, окуу процессин толук кандуу окуу жайда гана жүргүзүүнү ойлонобуз.

Учурда Түркияга барып,  бир нече алдыңкы университеттеринин жетекчилери менен кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгону турабыз. Алардын профессорлорун, окутуучуларын биздин университетке тартуу боюнча да маселе койдук.

Асылбек Кулмырзаев: “МАНАС” ДАЯРДАГАН ДАРЫГЕРЛЕР ЭҢ МЫКТЫ АДИС БОЛОТ”

  • Мыкты адис даярдоо үчүн профессордук-окутуучулук курам мыкты болушу керек. Окутуучулук курам Түркиядан келеби же жергиликтүү окутуучулар да тартылабы? 
  • Азыр биздин университетте чече турган маселенин бири — жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз болуу. Кадр тандоодо университеттин өзүнүн эрежеси бар. Аны Кыргызстандагы академиялык чөйрө жакшы билет. Ички тандоо критерийлерибиз Кыргызстандын Жогорку аттестациялоо комиссиясынын талаптарындай эле. Бир профессор бизде иштеш үчүн конкурстан өтүш керек. Соңку беш жылда кеминде беш эл аралык деңгээлдеги журналда англис же башка тилде илимий макала жарыялаган, эл аралык долбоорлорду жүргүзгөн болуш талап. Менимче, медицина тармагында мындай талаптарга жооп берген кадрлар жетиштүү. Себеби бизде чет элдик студенттерге англис тилинде медициналык билим берип жаткан жогорку окуу жайлар бар, демек, алар тийиштүү кадрлар менен камсыздалган.

Түркиядан да жогорку квалификациялуу профессорлорду тартуу маселеси каралып жатат. Маалым болгондой, ал жакта медицина тармагында иштеген профессор жогорку эмгек акы алат. Кыргызстанда ошондой эмгек акы менен камсыз кылуу абдан оор, биз ошол маселени чечишибиз керек.

Кадр маселесин чечүүдө Түркияда иштеген кыргызстандыктарды ишке тартуу жагын ойлонуудабыз. Ал жакта медицина тармагында иштеген кыргыз жарандары көп экен. Ошолорду тарталы, жакшы шарт түзүп берсек, эмгек акысын да ал жактыкынан кем кылбай коюп берсек, кыргыз жарандары өзүнүн  мекенине келип иштесе деген изги тилегибиз бар.

Асылбек Кулмырзаев: “МАНАС” ДАЯРДАГАН ДАРЫГЕРЛЕР ЭҢ МЫКТЫ АДИС БОЛОТ”

  • Студенттер акысыз билим алышабы, кандай шартта тандалат жана кайсы тилде билим берилет?
  • Кыргызстандын жарандарын бюджеттик негизде окутабыз. Тандоо сынагы абитуриенттер үчүн бирдей шартта болот. Бизге тапшырууну каалагандар алгач ЖРТ тапшырып, босого баллына ээ болушу керек. Андан соң университеттин ички сынагына катышат. Ошол сынактан тийиштүү балл топтой алгандар гана кабыл алынат. Бюджеттик негизде окуган студенттер менен келишим түзүүнү ойлонуп жатабыз. Окууну аяктагандан кийин Кыргызстанда кеминде үч жыл иштеп бериши керек болот.

Азыр башка өлкөлөрдүн элчиликтеринен да студенттерин окутуп бергиле деген сунуштар түшүп жатат. Мүмкүнчүлүк болсо  аларды контракттык негизде окутабыз. Эгерде Түркиянын Жогорку билим берүү комитети түрк жарандарына квота бөлсө, аларды да окутабыз.

Алгач алтымыштын тегерегинде кабыл алынат. Февраль, март айларында Камкорчулар кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал жерде факультетке кабыл алынуучу абитуриенттердин саны бекитилет жана бюджети каралат.

Окутуу эки программа менен жүргүзүлөт. Биринчи  программа боюнча студенттер толук англис тилинде, экинчисинде, кыргыз жана түрк тилинде окушат.  Буюрса, бул программа боюнча билим берүүнүн бардык тепкичтери ачылат. Демилгени колдоп, шарт түзүп берген Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрликтерине ыраазычылык айтабыз.

  • Талап боюнча медициналык адистерди даярдоо үчүн окуу жайлардын өзүнүн клиникасы, лабораториялары болушу керек. Сиз жогоруда факультеттин өзүнүн клиникасы болот, капсуласын эки мамлекеттин башчылары салган дедиңиз. Ал качан бүтүп, студенттер үчүн кызмат кыла баштайт?
  • Учурда окуу процесси үчүн заманбап аудиторияларды, лабораторияларды даярдап жатабыз. Бизде мүмкүнчүлүк бар, имараттарыбыз да жетиштүү. 2021-жылы Ден соолук борборубузду, клиникабызды кайрадан куруп чыктык. Ал клиникабыз азыр студенттерге жана кызматкерлерибизге хирургиялык операциядан башка бардык кызматтарды берүү мүмкүнчүлүгүнө  ээ. Анын жанына COVID-19 (ПЦР) лабораториясын да курдук. Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясын алып жатат, буюрса, эң соңку тепкичине келип калды. Лабораторияда студенттердин жана кызматкерлердин  мониторинги жүргүзүлүүдө. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жардамынын аркасында клиникабыз заманбап жабдыктар менен камсыздалды. Дагы башка гематология лабораториясын курдук. Бул лабораториянын жабдыктары да  Түркиядан жакында эле келди. Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин уруксатын алуу үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Буга кошумча жакында ачылган Кыргыз-Түрк “Достук” клиникасы менен келишим түздүк. Бул оорукана биздин клиникалык база катары кызмат кылат. Кыргызстандагы башка ооруканалар менен да келишим түзүлдү. Буюрса,  өзүбүздүн клиника бүткөнчө ушулар менен кызматташабыз.

Түркия саламаттык сактоо системасы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн ичинде. Буга алар саламаттык сактоо жаатында реформаларды жүргүзүү менен жетишти. Биздин студенттер ошол реформалар менен кабардар болушат. Андан сырткары билим гана албастан, саламаттык сактоо тармагынын ишин уюштуруу  ыкмаларын: оорукананы кандай башкаруу керектигин, дарылоо протоколдорун жана анын азыркы заманбап ыкмаларын, дары-дармек, профилактика, диагностика, дарылоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүшөт. Кыргызстанга бул абдан керек.  Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасы менен келишим түзөөрдө бир топ жолугушуулар болду. Бул ооруканада түрктөрдүн тажрыйбалуу кыркка жакын дарыгери иштеп жатат. Ошолордон кызыгып “Биздин системаны тааныдыңар, иштешип жатасыңар, кандай кемчиликтер бар экен, ошолорду жоюу үчүн эмне кылуу керек” деп сурап көрдүм. Алар “Манас” университетинде медициналык факультет ачылып, Түркиянын өрнөгүндө билим берилип, ошол билимге ээ болгон адистер Кыргызстанга иштеп берсе, реформаларды жүргүзүүгө мүмкүндүк болот деген пикирди айтышты. Менин көз карашым боюнча, биздин эң негизги максат — Кыргызстандын жарандары алдыңкы тажрыйбага ээ болуп, анан Кыргызстандагы ооруканаларда, саламаттык сактоо борборлорунда иштеп, бул жаатта реформа жасоого салымын кошсо. Себеби мыкты кадр болбосо, реформа жасоо кыйын болот.

 

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер