АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИ ОКУУЧУЛАРДЫН МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМИН ОЙГОТО АЛАБЫ?  

  • 14.10.2022
  • 0

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИ ОКУУЧУЛАРДЫН МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМИН ОЙГОТО АЛАБЫ?  

Сүрөт интернеттен алынды 

Аскерге чейинки даярдык предметинин сапатын жакшыртуу күн тартибиндеги маселе экенин Баткендеги акыркы окуялар көрсөттү. Буга чейин бул тема байма-бай көтөрүлүп, мектептерде толук кандуу сабак өтүү үчүн шарттардын жоктугу айтылып келген. Бирок тилекке каршы, ушул күнгө чейин маселе чечиле элек.

ОКУУ КИТЕБИ ЖОК

Аскерге чакырууга чейинки даярдоонун максаты балдарда патриоттуулукту, жарандык жана аскердик милдетти калыптандыруу, өз Мекенин коргоого даярдоо болуп саналат. Сабак Кыргызстандын мектептеринде 10-11-класстарда, жумасына эки сааттан окутулат. Бирок тилекке каршы, шарттын жоктугунан сабак мектептерде тийиштүү деңгээлде окутулбайт. Отуз жылдан бери бир дагы окуу китеби жазыла элек. Мугалимдер кырдаалдан чыгуу үчүн өз алдынча изденип, керектүү материалдарды интернеттен алып же эски материалдары колдонуп келишет.

— Мен бул сабакты отуз жылга жакын убактан бери өтүп келем.  Тилекке каршы, ушул күнгө чейин окуу китеби, көрсөтмө куралдар чыга элек. Кырдаалдан чыгуу үчүн интернетти казам, орустардын “Допризывного подготовка молодежи” деген  китебин таап алгам, айла жок ошону менен сабак өтөм. Кээде тээ СССР убагынан калган материалдарды пайдаланганга туура келет, — дейт Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылындагы Д.Иманов атындагы орто мектебинин мугалими Байжарыков Батырбек.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИ ОКУУЧУЛАРДЫН МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМИН ОЙГОТО АЛАБЫ?  

Сүрөт интернеттен алынды 

МАШЫГУУ ҮЧҮН КУРАЛ КЕРЕК 

Бул сабактын мугалимдеринин колун байлаган дагы бир маселе – мектептерде машыгуу үчүн курал-жарактын жоктугу. Айрым мугалимдер кырдаалдан чыгуу үчүн жыгачтан автомат жасап алып сабак өтөт. Аскерге дагы курал кармаганды билбеген балдардын барып жатканынын эң башкы себеби да мына ушунда.

  • Балдарга автоматтын, гранаталардын түзүлүшүн көрсөтөйүн десем колумда эч нерсе жок. Машыгуу үчүн автоматтарды жакынкы аскер комиссариатынан алып келгиле дейт. Аны алып келиш үчүн таң атпай чыгып, 20 километрден ашык жол жүрүп, азап-тозок менен аласың. Аны алып келгенден кийин кайра 1-2 сааттын ичинде жеткирип беришиң керек болот. Анан элестетсеңиз күнүгө ошентип жүргөнүмдү. Анан айла жок автоматтын макетин жыгачтан жасап алып колдонуп жүрөм. Орустар айтмакчы, “И смех, и грех”, айла жок күлөсүң. Ошол жыгач автоматтан ок салган магазини бул, стволу бул деп көрсөтөм, — дейт Батырбек агай.

Мындай көрүнүш айыл жериндеги мектептерде гана эмес, борбордогу мектептерде да бар. Бишкектеги №69 мектеп гимназиясынын аскерге чейинки даярдык предметинин мугалими дагы сабакты машыктыруучу куралы жок өтөт.

  • Окуучуларга көрсөткөнгө колдо курал-жарак жок. Бул эң чоң мааниге ээ. Автоматты кармап көрүп, ажыратып кайра чогултуп көрсө жаштарда башкача сезим пайда болот. Бирок тилекке каршы, бизде андай шарт жок. Курал алыш үчүн аскер комиссариатка барыш керек. Алардан сурасаң бир автомат бар, ошону ал дешет. Бизде болсо сабак эртең менен саат 7:30да башталат. Ал куралды алыш үчүн саат тогузга барышың керек. Анткени алар ошондо иштеп башташат. Анан аларга кат жазып алып башчысын күтөсүң, алар бир аскерди кошуп берет, аны менен келгенче сабактар бүтүп калат, — дейт Абдылдаев Иманкул.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИ ОКУУЧУЛАРДЫН МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМИН ОЙГОТО АЛАБЫ?  

Сүрөттө: Бишкектеги №69 ОТКнын окуучулары АЧД сабагында 

КУРАЛ САКТОО ҮЧҮН ШАРТ ЖОК

Республикадагы мектептердин дээрлик көпчүлүгүндө курал-жарак сактай турган жай жок болсо, айрымдарында шарт жок. №69 мектеп-гимназияда курал сактай турган жай жок болгондуктан мүмкүнчүлүктү пайдалана албай келишет.

  • Бизге штаб канча курал керек болсо берели, атайын курал сактоочу бөлмө жасагыла дейт. Аны жасайлы десек кайтаруу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн сигнал берүүчү тутумуна кошуу керек экен. Ага болсо айына акча төлөнөт. Акча төлөйүн десең мектепте каражат жок. Баякы эле ата-энелерге күнүң түшөт. Алардан сурасаң кыйкырып, соттошуп чыгышат. Ошондуктан бизге жок дегенде дүкөндөрдө сатылып жаткан машыктыруучу автоматтардан алып берип коюшса бир аз болсо да маселе чечилмек. Андан сырткары гранаталардын да муляждары керек, — дейт Абдылдаев Иманкул.

Д.Иманов атындагы орто мектебинде болсо курал-жарак сактай турган дагы, ок атуучу жай дагы бар, бирок курал берем деген киши жок.

— Мурун Чычкан деген айылда райондун окуу базасы бар болчу. Ошол жакка 10-классты аяктап жатканда райондун бардык окуучулары барып беш күн бою кадимкидей аскер кызматын өтөп келчүбүз. Биздин мектепте болсо курал сактоочу жай да, атуучу жай да бар болчу. Ошол жактан бизди тир, гек аттырчу. Азыр болсо ал жер бош жатат. Бизге жок дегенде пневматикалык курал берсе, ошол жерде балдарды машыктырат элек. Бизге шарт түзүп берип койсо 3-4 коңшу айылдын мектебинин да маселеси чечилмек. Алар бизге келип окуучуларын машыктыра алмак, — дейт Байжарыков Батырбек.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИ ОКУУЧУЛАРДЫН МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМИН ОЙГОТО АЛАБЫ?  

Сүрөттө: Бишкектеги №69 ОТКнын окуучулары АЧД сабагында 

КЫЗМАТТАШТЫК КЫРДААЛДАН ЧЫГАРАТ

Мугалимдер бул кырдаалдан чыгуу жана окуучулардын мекенчилдик сезимин ойготуу үчүн аскер бөлүктөрүнө жок дегенде бир чейректе бир жолу окуучуларды алып барып туруу керек деп эсептешет. Анткени окуучулар аскерлердин жашоосун, курал-жарактарды, машыгууларды өз көзү менен көрсө мекенчилдик сезими ойгонуп, аскерден качмак эмес.

  • Каракол шаарында чек ара бөлүгү бар. Ошол жакта жылына бир жолу ачык эшиктер күнүн өткөрүп, 10-11-класстын балдарын алып барып турабыз. Балдар аскерлердин жашоосун, тамак ичкен, уктай турган, машыккан жерлерин, кийимдерин, курал-жарактардын, техникалардын түрүн көрүп келишет. Ошол дагы аябай жакшы эффект берет. Жакынкы аскер бөлүктөргө ушундай ачык эшик күндөрдү көбүрөөк өткөрүп турсак жакшы болмок. Мындан аскер бөлүктөрүнүн эч нерсеси деле кетпейт. Жолубузду өзүбүз төлөп барабыз, алар болгону аскерлерди тизип, курал-жарактардын көрсөтмөсүн уюштуруп, аскерлердин машыгуусун  көрсөтүп эле беришсе, — дейт Батырбек агай.

Абдылдаев Иманкул болсо мектепте аскерге чейинки даярдык менен дене тарбия сабагын кошо жакшыртуу керек деп эсептейт. Себеби азыр балдардын көбү аскерден гана эмес дене тарбия сабагынан да качып калган.

  • Азыр окуучулардын көбү ден соолугу боюнча маалым кат жаздырып алып дене тарбия сабагына катышпайт. Өзгөчө эркек балдар үчүн биринчи кезекте физикалык даярдык керек. Дене тарбия сабагынан качкан бала эч качан аскердик кызмат өтөбөйт. Ошондуктан ушул эки сабакты айкалыштырып  сапатын жакшыртуу зарыл. Болбосо балдардын аскерден качканы качкан, — дейт  Абдылдаев Иманкул.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ПРЕДМЕТИ ОКУУЧУЛАРДЫН МЕКЕНЧИЛ СЕЗИМИН ОЙГОТО АЛАБЫ?  

Сүрөттө: Бишкектеги №69 ОТКнын АЧД сабагынын мугалими Абдылдаев Иманкул окуучулары менен.  

АЛЬТЕРНАТИВДИК КЫЗМАТТЫ ЖОЮУ ЗАРЫЛ

Биздин ата-бабалардын мекенчилдик сезими өтө курч болгонбу же дагы башка себептери барбы, айтор, Ата мекендик согуш учурунда Мекенди коргоо үчүн кың дебей согушка кетишкен. Курагы жете элек жаш балдар жашын жашырып жаздырып алып, кеткен учурлар да көп болгон. Азыр тилекке каршы, аскер кызматын өтөөдөн качкан балдардын катары көбөйүүдө. Мугалимдер буга балдардын ата-энелери көбүрөөк себепкер болуп жатат деп эсептешет.

  • Мектепте окуп жүргөндө балдардын баары эле аскерге барам дейт. Анан эле кандайдыр бир себептер менен ойлору бузулуп калат. Массалык маалымат каражаттарынан өзүн-өзү атып салыптыр, асынып калыптыр, таяк жептир деген маалыматтар көп чыгып жаткандыктан ата-энелер балдарын аскерге жибергенден коркуп, алып калыштын түрдүү амалын кылып жатышат. Ошондуктан бизде альтернативдик кызмат дегенди такыр жоюп салуу керек. Анан Кыргызстанда жашаган бардык улуттун балдары аскерге чакырылууга тийиш. Ошондо гана армия чыңдалып, балдарыбыз чыныгы патриот болуп өсөт, — дейт Батырбек агай.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер