АР БИРИБИЗДЕ ЧЫҢГЫЗ АТАБЫЗДЫН ГЕНИ БАР
- 11.12.2020
- 0
Редакциядан: Быйыл жайында «РухЭш» сайты уюштуруп, жеңүүчүлөргө Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев байге берген “Айтматовдон алган сабагым” конкурсу жыйынтыкталды эле. Анда биринчи орунду алган дилбаянды жарыялап коюуну чечтик.
Мен көркөм адабият, музыка, көркөм чеберчиликке кызыкпаган бала элем. Базар экономикасында өстүрүп, келечегимди катуу ойлогон ата-энем, менин практикалык жагымды көбүрөөк машыктырууга аракеттенет эле. Өзүм дагы так илимдерге көбүрөөк шыктуу болгондуктан, лирикага көп деле кызыкчу эмесмин.
Чыңгыз атабыз менен алгач мени чоң апам тааныштырды. Телевизордо «Бай болуунун жолдору» берүүсү болуп жаткан. “Тренерлер, ийгиликтин илимпоздору, психологдор, философтор көбөйдү. Айтматовду окуп чоңойгон балага мунун бири да кереги жок” — деди чоң апам. Алгач түшүнгөн жокмун, бирок кызыгуум ойгонду. Ошол күндөн тартып, Чыңгыз атабыздын дүйнөсү менен тааныша баштадым.
Анын ар бир чыгармасынын тарбиялык мааниси терең, алынган сабактарын эрежедей жаттап, турмушта колдонсо болот. Сүрөттөлгөн каармандар, окуялар ички дүйнөңдү кеңейтип, билинбеген менен терең өзгөрүүлөрдү киргизет. өткөн жума “Кылым карытар бир күн” чыгармасын окуп бүттүм, бул эссемде ошол чыгармадан алган сабактарым жөнүндө жазууну чечтим:
1-сабак: Жашоонун мааниси жоопкерчиликте. Бул сабакты мен Казангап, Эдигей аталардан үйрөндүм. Ата-бабаларыбыздын татаал заманында максаты жерди коргоп, үй-бүлөнү, мекенди душмандарга бербей сактап калуу эле. Ата мекендик согуштан кийин – урпактар үчүн тең мүмкүнчүлүккө толгон келечек куруп берүү болду. Азыркы учурда биз тынчтыкта жашайбыз, ачарчылыктан, жакырчылыктан азап тарткандар жок. Бирок, тилекке каршы, базар экономикага өткөнүбүзгө байланыштуу, баарынын максаты – сатуу. Максаты ишке ашса, маанайы жакшы. Бирок бирөөнө жакшы маанай үчүн бир стакан жетиштүү, ал эми башка бирөөнүн кабагы эки кабат үй салмайынча ачылбайт. Сабитжан мактоо, шарап, жагалдануу аркылуу мансапка жетүүнү ойлоо, керек болсо, Эдигей үчүн үй-бүлөсүнүн бакыты, элинин тынчтыгы, аманчылыгы керек эле. Демек адам канчалык көбүрөөк жоопкерчиликтүү болсо, деңгээли ошончолук бийик болот. Мен Эдигей атадай жоопкерчиликтүү болууну үйрөнгүм келет.
2-сабак: Өзүңдү өнүктүргүң келсе, биринчи өзөгүңдү кабыл ал. Бул сабакты мен Сабитжандан үйрөндүм. Өнөр үйрөнүү, билим алуу, тажрыйба жыйноо – жип ийрүү сыяктуу. Адам канчалык өнүксө, жиби ошончолук калың болот. Ийик – адамдын өзөгү. Сен өзөгүңдөн тансаң, ийикти чангандай болосуң. Ийиксиз ийрилген жип чогулбайт, ар кайсы жерде чачылып калат, берекеси болбойт, пайда чыкпайт. Сабитжан жибин чогулта берген, туруктуу ийиги жок болгон үчүн, оозго алынар ийгиликтерге да жетишкен эмес. Ал шаарда окуса дагы, орусча сүйлөп, жакшы кийинип, өкмөттө иштесе дагы, адам боло алган эмес. Аны эч ким урматтап, сыйлаган эмес, анткени ал өзүн, өзөгүн сыйлачу эмес. Өмүр бою айылынан, ата тегинен, чыккан жеринен уялып, жашырып жапкан бечара сыяктуу, «үйдө баатыр, жоодо жок» коркок сымал эле.
3-сабак: Адамдардын баардыгы эле таза ниеттүү, адилеттүү, пейили кенен эмес. Бут тоскон, ичи тар пенделер көп. Жашоо баарын ордуна коюп, бат эле таразалап коёт дечи, бирок сактанганды кудай сактайт дегендей, колдон келген аракеттерди кылуу зарыл. Бул сабакты мен Абуталип атаны каматкан Тансыкбаевди карап үйрөндүм. Абуталип ата өзү таза адам болгондуктан, элдин баарын ошондой ойлогон. Темир жолдо талыкпай иштеп, үйүндө мээримдүү ата болуп, түнкүсүн балдарына мурас калтырам деп өмүр баянын жазат эле. Тилекке каршы элдин баары өзүндөй болбогондуктан, көрө албастар анын тагдырына балта чапкан. Мен Абуталип атанын жашоосунан өз ишимди мыкты кылууну, жакшы адамдар менен мамиледе болууну, бирок душмандарды да унутпай, көзөмөлгө алуу керек экендигин үйрөндүм. Ичи тарларды бат эле аныктап, уулуу сөздөрүнө, арам аракеттерине туруштук көрсөтүү керектигин билем, чек араларым дайым көзөмөлдө.
4-сабак: Адамды адам кылган – акыл-эси. Бул сабакты мен Найман эненин баянынан үйрөндүм. Душманыңдын эң корккон нерсеси сенин оюңда эмне болуп жатканында, анткени ал дайыма табышмак. Бир дагы рентген адамдын оюн сканнерден өткөрө албайт. Колу-буту жок адамдар, ою бийик болуп кандай даражаларга жетише алса, кээ бир дени сак адамдар, акыл-эси жоктуктан өзүн өзү жакырчылыкка батырат. Найман эненин уулун дагы душмандар мыкаачылык менен акыл эсинен тайдырган. Колу-буту иштегени менен, өзүнүн өзөгүн, ким экенин унуткан Жоламан денеси бар, руху жок затка айланган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө өз каалоосу менен маңкуртка айлангандар аз эмес. Дүнүйө, байлык, кресло, жалган атак үчүн, өзүн, атадан калган мурасын, каада-салтын, тилин, дилин унутуп, башка элге жармашып, кыпчылып жашагысы келгендерге күлкүм келет. Мен үчүн алар акылсыз, жалкоо адамдар. Жалкоолор оңой оокат издегендиктен, маңкурттукка өз эрки менен баргандай эле. Мен өз тилимди, тарыхымды, салтымды жакшы билем. Башка тилдерди, илимдерди билүү – жаңы өнөрдү өздөштүрүү сымал. Заманга жараша билимге көп умтулам, бирок өзөгүмдү да бекемдеп турам.
5-сабак: Адам өнүккүсү келсе, көп тараптуу болушу керек. Бул сабакты мен Сары-өзөктүн тургундарынан үйрөндүм. Эдигей ата темир жолдо кара күч менен эмгектенип, ысык, суукта иштеп, денесин чыңалтса, үйүндө дастандарга, домбуранын күүлөрүнө кызыгып, айылдаштары менен терең маектерди куруп, рухун өстүргөн. Абуталип ата дагы, билимдүү болгонуна карабай, үй-бүлөсүн багуу үчүн кара жумушта иштеп, үйүндө мээримдүү ата болуп, түнкүсүн көркөм адабиятка мээнетин жумшаган. Мен алардын эмгекчилдигин барктап, кадырлуу жактарын үйрөнөм. Эмнеге көп ийгиликтүү адамдар айылдан чыгат? Анткени айылдын балдары көп тараптуу. Эртең менен чын дили менен билим алып, күндүз айрымдары түрдүү ийримдерге катышып, кечинде чуркап келип мал карайт, кара жумуш аткарат. Алардын акылы дагы, руху дагы күн сайын машыгып, чыңалып турат. Турмуштун ысыгын да, суугун да көргөндүктөн, кыялдары да реалдуу, так. Мен айылда жашабасам дагы, бардык жумуштарды аткарганды билем. Каникулда ата-энеме жардам берип турам, дем алыш күндөрү футбол ойноп, денемди чыңдайм. Туугандарыбызга барганда, аларга да жардам бергенден баш тартпайм.
6-сабак: Эркектер бири бирин колдоп, тиреп турса, эл дагы бакубат болот. Бул сабакты мен
Эдигей, Казангап, Абуталип аталардан үйрөндүм. Негизи биздин ата-бабаларыбыз эрдик, тайманбастык, айкөлдүк көрсөткөн азаматтар болгон, канчалаган майданда жан аябай, биздин муунга мурас катары жерибизди, тилибизди, байрагыбызды, маданиятыбызды калтырып кеткен. Менимче, азыркы эң чоң күрөш – өзүң менен болгон күрөш. Көп мекендештерибиз чет өлкөдө иштеп жүрөт. Мыкты билим алып, талыкпай эмгектенип, үй-бүлөсүн багышат. Кубанган нерсем, ошол агаларыбыз керектүү акча топтогондо, мекенине кайтып келип, чет өлкөдөн алган тажрыйбасын инилерге үйрөтүп, ачкан ишканалары аймактагы элге жарап келет. Менин жакшы, тайманбас, өнөрлүү досторум көп. Биз бири-бирибизге жардам берип турабыз. «Келечекте сен мындай иш ач, мен болсо тигиндей иш ачамын» деп кыялданабыз, максаттарды коёбуз. Кыздарга көп кайгырбайбыз, алар ийкемдүү болгондуктан, оңой эле жашоосун жөндөп кете алышат деп ойлойбуз. Негизи, адам ишинен чындап рахат алса, бактылуу да, бай да болот.
Жакшы тилектерим менен,
Мунарбек уулу Айтбек
Дарегим: Нарын облусу, Нарын шаары, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи.
Айтматовдон алп ойлор
Чындык жолунан тайбаган адам күн сайын өсүп-жетиле берет.
***
Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы — үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү.
***
Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.
***
«Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менимче, бактылуу кезиңде да билинет.
***
Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.
***
Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.
***
Сүйүүдөн аалам жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк.
***
Миңдеген адамдын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың…
***
Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.
***
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.
***
Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.
***
Эң ириде өзүңдүн киндик кан тамган жериң тууралуу ойлонгондо, жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың.
***
Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу.
***
Мени сүйгөн адам жашырбай ачык сүйүшүн каалайм. Антпесе
Комментарийлер