Алтынай Темированын Гаванада ыр китеби төрт тилде жарык көрдү

  • 28.05.2025
  • 0

Кыргыз калкына аты таанымал акын жана драматург Алтынай Темирова Кубанын баш калаасы Гаванада эл аралык поэзия фестивалында  испанча, англисче, кыргызча жана орусча – төрт тилде жарык көргөн “Бийчи жамгыр” ыр жыйнагынын бет ачаарын өткөрүүдө.

Алтынай Темированын Гаванада ыр китеби төрт тилде жарык көрдү

А. Темированын Гаванада болуп жаткан ыр жыйнагынын бет ачаарынын афишасы

Гаванадагы Эл аралык поэзия фестивалы дүйнөгө атактуу акын Федерико Гарсия Лорканын үйүндө өтүп атат. Ага Кыргызстандан Алтынай Темирова, Кытайдан Цао Цао, Сербиядан Билжана Милованович, Голландиядан Мариан Ейкелхофф, Мексикадан Паул Флорес, Аргентинадан Марсело Фагиано, ж.б. Бразилия, Чили, Франция, Перу, Румыния, Кения, Колумбия, Испания, Кубанын акындары катышууда.

«Биринчи күнү университеттин чет тил факультетинин студенттери менен жолугушуу болуп аларга ыр окудук. Алардын чет тили – орус тили экен. Андан соң Маданият министри менен жолугушуу болду»,-дейт Алтынай Темирова.

«Эрнест Хемингуейдин жашаган жерине да барат экенбиз, буюрса».

Алтынай Темированын Гаванада ыр китеби төрт тилде жарык көрдү

Алтынай Темированын Гаванада ыр китеби төрт тилде жарык көрдү

Алтынай Темированын Гаванада ыр китеби төрт тилде жарык көрдү

Алтынай Темированын Гаванада ыр китеби төрт тилде жарык көрдү

Кыргыздын акын кызынын төрт тилде чыккан китебинин бет ачаары 30-майда өткөрүлөт.

 

Алтынай Темированын Гаванада ыр китеби төрт тилде жарык көрдү

Темирова Алтынай кеңири диапозондогу, ар тараптуу жазуучу – акын, драматург жана котормочу. Кыргыз окурмандарына эле эмес, чет өлкөлөрдөн бери уникалдуу бийик поэзиясы менен таанымал заманбап “полилингв” акын. Дүйнөнүн беш континентиндеги акындар менен поэзия изилдөөчүлөрдүн башын бириктирген  “WORLD POETRY MOVEMEND” эл аралык уюмдун Кыргызстандагы координатору.

1990-жылы Москва шаарындагы бүткүл дүйнөлүк М.Горький атындагы Адабият институтун бүткөн.  1991-жылдан бери Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. 2000-жылдан эл аралык Пен-Клубдун, 2014-жылдан бери КР кинематографисттер союзунун мүчөсү.

Алгачкы китеби 1989-ж. Адабият басмасында “Бурганак” деген ат менен жарык көргөн.

1993-ж. “Генийдин нуру” пьесасы Ош шаарынын басмаканасында китеп болуп басылып чыккан. 1999-ж. “Жезит айым” (А.С.Пушкин “Пиковая дама”) прозалык котормо чыгармасы “Сорос” фондунан жарык көргөн.

2003-ж. “Алтынай” тандалмалар жыйнагы кыргыз-орус тилинде жарык көргөн. 2007-ж. “Сынык асман” пьесасы “Калемгер” фонду тарабынан китепке басылып чыккан.

2020-ж. Москва шаарында Интернационалдык жазуучулар союзунун гранты жана (жеке ишкер кезинде) К.Туманбаевдин меценаттыгы менен орус тилинде “Лунная гора” поэзия жыйнагы жарык көргөн жана “Лондонская премия представляет писателя” Эл аралык конкурс-долбооруна көрсөтүлүп, финалга чыккан.

2022-ж. Саха-Якутияда эл аралык фестивалына “Ардактуу конок” катары чакырылып катышкан жана “За укрепление мира и дружбы народов” мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланган.

2022-жылы Германияда немец тилинде поэзия китеби “Ich bin geflogenдеген ат менен басылып чыгып, “Адабияттагы жетишкендиктери үчүн Алтын Диплом” менен сыйланган.

2024-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен чыккан “50 китеп” долбоорунда А.Темированын прозалык жыйнагы “Кайыр кош каран түн” деген ат менен жарык көрдү.

2025-жылы “Сүйүүгө соната” поэзия китеби түрк тилинде Турциядан ТЮРКСОЙ тарабынан басылып чыгып жатат.

2025-жылы “Бийчи жамгыр” поэзия китеби Гаванадан испанча, англисче, кыргызча жана орусча – төрт тилде жарык көрүүдө.

Алтынай Темированын чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш бул, кандай гана жанрдагы чыгарманы жаратпасын, анда ар дайым терең философия, элдик нукура мүнөз, образдардын тереңдиги, тарыхый нуктун айкындуулугу, алган тематикасынын масштабдуулугу, түбөлүктүүлүгү, уникалдуу эстетикасы жана оригиналдуу стили менен өзгөчөлөнүп турат.

Анын ырлары 1990-жылдардын ортосуна чейин: орус, алтай, кытайлык кыргыз (араб тамгасында) тилдерине гана которулуп    гезит-журналдарга чыгып келген болсо, 2000-жылдардан баштап: фин, саха-якут, немис, казак, өзбек, англис, башкырт, түрк, испан, хинди, кытай, норвег, белорус, ж.б. тилдерге которулуп; басма беттеринде, өзүнчө китептерде, альманахтарда, бул өлкөлөрдүн антологиялык жыйнактарында жарык көрүп, чет өлкөлөрдө чыккан бир нече глобалдуу дүйнөлүк антологияларга да басылып чыкты.

Эл аралык фестивалдарда кыргыз адабиятынын татыктуу, абройлуу өкүлү катары катышып, алдыңкы орундарды алып, эл аралык сыйлыктарга ээ болууда. Ал өз чыгармачылыгын бир нече жанрда – поэзия, драма, котормодо өркүндөтүп жана элге жогорку деңгээлде тартуулоодо. (КС)

Бөлүшүү

Комментарийлер