АКЫЙКАТ ИЗДЕГЕН АТА-ЭНЕЛЕР

  • 17.09.2021
  • 0

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн тургундары Ф.Пазылова, Г.Кулуева жана Г.Зулпукаровалар редакцияга келип, Кара-Суу районундагы М.Жаманкулов атындагы №75 мектептин директору Б.Жээнбекова ата-энелерден акча чогултуп, тарбиялык иштерге маани бурбай келатканы, айыл өкмөтүнөн бөлүнгөн каражаттар кайда жумшалып жатканы белгисиз экенин, айрым мугалимдердин, техкызматкерлердин айлыгы толук берилбей жатканы тууралуу нааразычылыктарын билдиришти.

Эмне үчүн Жаңы жыл өткөрүлбөйт, окуучулар ишембиликке чыгышпайт?

Жолдун алыстыгына карабай ата-энелердин атынан келген отузадырдык тургундар, т.а.  Ф.Пазылова, Г.Кулуева жана Г.Зулпукаровалар ириде Ак үйдүн алдында плакаттарын көтөрүп, Президентке кайрылып, үндөрүн жеткиргенге аракет кылышкан. Түшүндүрүү иштеринен кийин Билим берүү жана илим министри Б.Купешов менен жолугуп, баардык маселелерди айтып беришти.

Нааразы болуп келген Отуз-Адырдын тургундары №75 М.Жаманкулов атындагы мектептин директору Б.Жээнбекова он жылдан бери бир орунда отуруп, эч кандай тарбия иштерин жүргүзбөгөнүн айтышты.

— Жаңы жылдык иш-чара өткөрүлбөйт. Балдар бактылуу балалыкты өткөрүүлөрү керек. Мен Аяз ата болуп, Гүлнара Аяз кыз болуп, балдарга жаңы жылдык майрам тартуулап келгенбиз. Эми балаты болбой калды. Экинчиден, окуучуларга эмгек сабагы кирбейт. Кыздар тиккенди, тамак жасаганды үйрөнсө, эркек балдар эмгекке үйрөнүшү керек эле. Ишембилик өткөрүлбөйт. Директорлукка он жыл эле жетишет, андыктан Б.Жээнбекова өз арызы менен кеткени жакшы. Биз борбор калаага баратканыбызды уккан ата-энелер өтүнүштү эле Ленин атындагы жана Киров айылындагы мектептер балдарга мектепке киргизүү үчүн 5000 сомдон чогултушса, мен өзүм неберемди 1-класска киргизгенде 2000 сом бергем. Мындан тышкары, класска керектүү нерселердин баары ата-эненин мойнунда. Мектептин аянты чоң, эч кандай көрктөндүрүү иштери жок, — дейт Фарида Пазылова.

Ал эми жердешинин сөзүн улаган Зулпукарова Гүлнара окуучулар айлана-чөйрөгө таштандыларды ыргытып, тазалыкты сакташпайт. Көп ата-эне окутуу орус тилиндеги класска балдарын берели десе, киргизүүгө 2000 сомдон кем эмес акча сурашат экен.

— Бул мектепке дагы бир окутуу орус тилиндеги класс ачылса деп суранып келдик. 5-класска чейин мугалимдер жетиштүү, сабак өтүшөт, андан жогорку класстарда көп сабактар өтүлбөйт, анткени мугалимдер жетишсиз. Мыкты мугалимдер менен директор тил табыша албагандыктан, алар башка мектепке кетип калышты. Директор ата-энелер менен сүйлөшкөндү үйрөнүшү керек. Ай сайын окуучулардан 200 сомдон чогултулат. Банктан эсеп ачылган эмес. Акчаны директор чогултпаганы менен, аны өзү кармайт. Муну баарыбыз билебиз. Айрым учурларда программа менен окутулбайт. Эн кызыктуу Марк Твен, Джек Лондон окутулбай калды десек, “сенин кызыңа анын эмне кереги бар?” дешет. Мунун баары мектеп директоруна айтылган, — деди Г.Зулпукарова.

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн тазалык секторун тейлеген  Кулуева Гулсайранын айтымында, мектеп ичинде тазалык сакталбай келет.

— Мен ушул маселени койгонумда, райондон комиссия келип, менин койгон талабым туура экенин айтышкан. Эң башкысы, бөлүнгөн каражатты даректүү иштетпейт. Алар кайда кетип атат, белгисиз… Айыл өкмөтүнөн бир жолу 100 миң сом, бир жолу 80 миң, бир жолу 300 миң сом, бир жолу 1 млн. бөлүндү. Бактыгүлдүн күйөөсү айылдык кеңеште отурат, ал ошол акчаларды бөлүштүрөт. Бул каражаттар даараткананын ремонтуна бөлүнгөн, бирок ал ага жумшалган жок. Мен талап кылсам, “ага эскертүү берилди”, — деди Г.Машрапова. Ошондой эле бир адамды эки штатка алып, т.а. Казакова Марияны алган. Бул аял ичкендигине байланыштуу, айлыгын директор жарым-жартылай берет.  Бүтүрүүчүлөргө вечер уюштуруп беришти. Мен эки жолу кармадым, милиция менен барып. Акча топтогула, кечеге барбасаңар болбойт дешиптир. 10000 сомдон чогултушту деп ыйлаган ата-энелер болду. Г. Машраповага ушундай кемчиликтерди айтсак эле факт дейт. Эмнегедир “директор таптаза” деп чыгышат, — дейт Г.Кулуева.

Ата-энелерге жетекчилердин жообу

№75 мектептин директору Б.Жээнбекованын билдирүүсү боюнча, ата-энелер жалаа жаап, туура эмес маалыматтарды беришкен. Эки жыл мурда мектепте Камкорчулар кеңеши жоюлган, ошондуктан эч кандай акча чогултулбайт. 2020-2021-окуу жылында бүтүрүүчүлөргө кече уюштурулган эмес. Ал эми мугалимдер менен техперсоналдар айлык акыларын карточка аркылуу гана алышат.

— Мектепте жалпы 56 мугалим эмгектенет. Кадр маселеси жок. Жалпы жумалык саат – 1065, анын ичинен 5-11-класстарга кыргыз жана орус класстарда – 638 саат. 2020-2021-окуу жылында үч мугалим өз каалоосу менен иштен бошотулган. Ден соолугуна байланыштуу акысыз эргүүдө эки мугалим жүрөт. Кеткен мугалимдердин орду үч кадр менен толукталган, — деп жазылган билдирүүдө.

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Туйбаевдин билдирүүсүнө караганда, №75 мектепке жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2019-жылы мектептин короосуна брусчатка басуу үчүн 248,0 миң сом, терезелерин эки кабаттуу салуу үчүн 110,0 миң сом акча каражаттары бөлүнүп, жумуштар толук аткарылган. Ал эми 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектеп окуучуларына ысык тамак уюштуруу максатында ашкана куруу үчүн 1043,9 миң сом, мектептин короосундагы  трансформаторду оңдоого 98,2 миң сом, чарбалык буюмдарды алууга 22,5 миң сом жана мектептин имаратынын кезектеги косметикалык ремонту үчүн 73,0 миң сом жана 2021-жылга 80,0 миң сом акча каражаттары мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тендер өткөрүлүп, жумуштары бүткөрүлгөндүгү анык экенин билдиришти. Ошондой эле 2021-жылга мектепке жергиликтүү бюджеттен ажааткана куруу үчүн 500,0 миң сом акча каражаты каралган. Тийиштүү сметалык-долбоорлоо документациялары бүтө электигине байланыштуу, ажааткананы куруу иштери баштала элек экен. Ал эми брусчатка басуу боюнча жумуштарды аягына чыгаруу үчүн 332,0 миң сомго сатып алуу порталына жарыя берилген.

Ал эми тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Г.Жолборсованын маалыматына караганда, тарбиялык иштер жылдык, айлык иш пландардын негизинде иш-чаралар өткөрүлүп келет. Мындан тышкары 2021-жылдын 14-апрелинде мектеп директору Б.Жээнбекованын буйругунун негизинде тазалыкты сактоо боюнча ишембиликтер өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу боюнча иш-чаралар өтүп, таштандылар чыгарылган. Айыл өкмөтү тарабынан берилген көчөттөр отургузулуп, т.а. 52 арча, 73 терек, 28 тал жана гүлдөр отургузулган жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Иш-чаралардын аткарылышы боюнча ар жуманын ишемби күнү райондук билим берүү бөлүмүнө маалыматтар берилип турган.

Соңку сөз

Арыз ээлеринин тынчсызданып жатканы дагы бекер эместир. Албетте, мындай иштерге укук коргоо органы өзүнүн баасын берип, тыянагын чыгарат. Биз болсок, окурмандарга болгону ата-энелердин арыз-муңун жана жетекчилердин даттанууга берген жоопторун жеткиргенге аракет кылдык. Калган иш-аракеттерди жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары териштирет деген ойдобуз. Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Жаркынай ата-энелердин дооматтары боюнча далилдүү фактылар, фотоотчет менен 40 папка чогулганын билдирди.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер