АК КАРЛУУ АК-ШЫЙРАКТЫН АГАРТУУЧУСУ

  • 18.11.2021
  • 0

Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, райондук борбордон 280 чакырым алыстыкта жайгашкан Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак айыл аймагынын Талып Жамгырчиев атындагы жатак мектебинен кабар алуу оюбузда болгону менен колубуз жетпей турган кезде мектептин директору Абдыбекова Салкын Бишкек шаарына Билим берүү жана илим министрлигине келип, редакцияга баш багып, алыскы ак карлуу аймактагы мектептин ийгиликтери менен бөлүшүп кетти. 

АК КАРЛУУ АК-ШЫЙРАКТЫН АГАРТУУЧУСУ

  • Салкын Орозакуновна, жакында эле тарыхта биринчи жолу Билим берүү жана илим министри Б.Купешев барып, мектептин, мугалимдердин абалы менен таанышып, кабар алып келди. Биздин дагы сиздерден кабар алууга колубуз жетпей турган кезде минтип өзүңүздүн редакцияга баш бакканыңыз абдан жакшы болду. Ак-Шыйрак дегенде эле көзүбүзгө тээ эң алыскы, тоолуу жерде жайгашкан, эч кандай цивилизациясы жок жер элестейт. Чынында азыркы абалыңар кандай?
  • Ак-Шыйрак алыскы Сырт өрөөнүндөгү чек ара аймагында жайгашкан, климаттык шарты өтө катаал айыл. Жолдун узактыгына жана татаалдыгына байланыштуу ал жакка киши өтө сейрек каттайт. Айылда болгону 27 түтүн эл бар. Мектепте болсо 1-9-класска чейин 66 окуучу, дагы жети бала даярдоо классында окуйт. Айыл элинен сырткары кокту-колоттордогу чабандардын балдары келип жатып окушат. 16 мугалим, алты тарбиячы иштейт. Мугалимдер жетиштүү. Болгону химик жок. Беш саат үчүн ал жакка эч ким барбайт экен.  Мектептин жаңы имараты 2010-жылы пайдаланууга берилген. Анда жети класстык бөлмө, усулкана жана тогуз компьютери менен бир компьютердик классыбыз бар. Учурда республикалык бюджеттин эсебинен 30 орундуу жатакана жана ашкана курулуп жатат. Азырынча балдар 2015-жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун каржылоосу жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынын колдоосу менен 17 контейнерден ылайыкташтырылып жасалган жатаканада жашайт. 1965-жылы салынган эски жатаканасы 2011-жылы эле пайдаланууга жараксыз деп табылган. Контейнерден тургузулган жатаканабызды жылыта албай убара болгон күндөрүбүз көп болду. Кээде дубал тоңуп калган күндөрдү да башыбыздан өткөрдүк.  Буюрса, курулуш иши бүтүп, ишке берилип калса, балдарыбыз да, биз дагы жыргап эле калабыз деп чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Биздин мектептен окуган, биз сыймыктана турган балдарыбыз көп. Орозобеков Бактилек деген окуучубуз медицина илимдеринин кандидаты, Мамакеев атындагы шаардык ооруканада хирург. Дагы бир окуучубуз азыр Америкада билим алып жүрөт. Айыл өкмөтү тарабынан бир окуучубуз зоо ветеринария боюнча Россияда окуп жатат. Жолдошбек кызы Алтынай деген кызыбыз КММАда бюджетте окуп жатат.

АК КАРЛУУ АК-ШЫЙРАКТЫН АГАРТУУЧУСУ

  • Биз тоолуу жердебиз деп жата бербесеңиздер керек? Балдар үчүн кандай шарттар түзүлгөн? Бош убактысын кантип өткөрүшөт?
  • Мектепте дене тарбия, кол өнөрчүлүк жана музыка боюнча үч кружок иштейт. Жерде жаткан талга да жан киргизген Кушаев Нурлан деген агайыбыз бар. Ошол балдарга чопо менен иштегенди үйрөтөт. Бирок муфель меши, карапа жасоочу станок жок болгондуктан, балдардын жасаган буюмдары тез сынма болуп калат. Ушул керектүү техникаларды алып берген демөөрчү болсо жакшы болмок.

Биз чек арада болгондуктан застава менен тыгыз байланыштабыз. Окуучулардын баары  чек арачы. Ар бири автомат чечкенди билет. Чек арачылар дайыма тарбиялык сааттарды өтүп турушат. “Зарница”, “Атам, апам жана мен” оюндарын тез-тез өткөрүп турабыз. Айыл тургундары да, чабандар да мектеп менен тыгыз байланышта болуп, ар бир иш-чарабызга активдүү катышып беришет.

Тилекке каршы, жолдун алыстыгына байланыштуу көп сынактарга катыша албай калабыз. Бир жолу райондук сынакка катышып, 2-орунду алганбыз. Нарынга Ак илбирсти колдоо күнүнө карата жаратылышты коргоо боюнча сынакка төрт окуучубуз катышып, 2-орунду алып келишти.  2017-жылы Алтайга Ак илбирсти колдоо форумуна Кыргызстан боюнча Токторбаева Элиза деген мугалимибиз барып, презентация жасап келген. 2015-жылы алты окуучубуз Алтайга барып, илбирс бийи боюнча жакшы сыйлык алып келишкен. Сарычат–Ээрташ мамлекеттик коругу  биз жакта болгондуктан Жапайы жаныбарларды коргоо фонду менен да жакшы иш алып барабыз. Андыктан биздин балдар такыр бош калышпайт.

Мен дайыма окуучуларыма “Силер Ак-Шыйрактын Ак шумкарларысыңар” деп коем. Мурунку директор Кудайберген Орозобековдун “Ак-Шыйрактын маркасын түшүрбөгүлө”  деген сөзү бар эле. Тоодон келип, тоодон түшүп деген жаман сөздөрдү укпайын дечү. Бизге коомдо жашап жатып коомдон артта калууга болбойт. Балдарга дайыма жаман деген адамдан дагы ошондой болбоюн деп үлгү алыш керек деп айтып, адам болуп тарбияланышына колдон келген аракетимди кылып келем.

АК КАРЛУУ АК-ШЫЙРАКТЫН АГАРТУУЧУСУ

  • Өзүңүз аял киши болсоңуз, жаратылышы катаал аймакка барып иштөө сизге, үй-бүлөңүзгө кыйынчылык жараткан жокпу? Үйдөн колдоо болбосо мындай жерде иштөө кыйын эле болсо керек.
  • “Келиндин келген кези эстен кетпейт” деп коет го. Менин бул мектепке келгендеги алгачкы көз ирмемдер эгерим эсимден кетпейт. 2010-жылы которулуу жолу менен мектепке директор болуп келдим. Ага чейин Жети-Өгүз районундагы Мундуз айылынын Байбеков атындагы мектебинин директору болуп иштеп жаткам. Эмнегедир Ак-Шыйракты Жети-Өгүздөй эле тоолорунун баары карагайлуу, кооз жер экен деп ойлоптурмун. Анан жолдун узактыгына да маани бербептирмин. Ак-Шыйракка барасың десе эле кинодогудай жаратылышы кооз жерге барам деп кыялдангам. Көрсө, бул жакта карагай эмес тал өспөйт экен.

“Жол азабы – көр азабы” деп бекеринен айтылбаптыр. Биринчи жолу жолго чыкканда эле жолдун азабын тарттык. Жолдошум экөөбүз 2010-жылы 16-сентябрда 5-7-класста окуган балдарыбызды уктап жаткан жеринен таштап коюп, мектеп менен таанышып келүү үчүн геологдордун унаасы менен жолго чыктык. Тилекке каршы, Ак-Бел деген жерден унаабыз бузулуп, жолдо калдык. Тоонун шартын билбегенге мен өтө жука кийинип алыптырмын. “Кумтөрдүн” машинасы келип, биздин сазга тыгылып калган унааны сүйрөп чыкканча тоңуп калгам. Тилекке каршы, анда түн ортосунда артка кайтканга туура келди. Экинчи жолу “Кумтөрдүн” унаасы менен кеттик. Жолдун узактыгын айтпа. Дөңдөр бүтпөй койгон, улам бир дөңдү ашып эле кете бердик. Чынында биринчи баратканда абдан кыйналдым. Азыр деле жол жүргөндөн заарканам.  Ошол жолдо нечен жолу калдык. Сууга түшүп кетип агып кетебизби деп жаның көзүңө көрүнгөн учурлар да болду. Жарым жолго жеткенде кеттик кайра деп ыйлаган күндөрүм да болду. Бир жолу катуу авария да болдук. Далай жолу машина бузулуп же тыгылып башыбыздан аягыбызга чейин баткак болуп машина түрттүк. Жолду күрткү уруп салып, нечен кар күрөгөн учурлар болду.

Ак-Шыйракка барганда  эң биринчи көргөн кишим Чыманова Ажаркүл эжей болду. Ал мурда ушул мектепти бир канча жыл жетектеген Орозбеков Кудайберген агайдын өмүрлүк жары экен, химия сабагынын мугалими. Быссымылда деп машинадан түшкөндө эле ушул эжей тосуп алып, “Балам, сенден бир өтүнүчүм бар эле” деди, мен болсо, ал жактагы абалды көрүп эсим ооп турган жаным, эмне жөнүндө айтат болду экен деп сестене түштүм. Анан ал: “Балам, ичкилик ичпе, жолдошуң да ичпесин, балдарың жакшы окусун”, —  деди. Аны укканда жүрөгүм ылдыйлап, “Ух-х эже, аны аткарам, колумдан келет” дедим. Көрсө, ал жактын жазылган анан, жазылбаган мыйзамдары бар экен. Ошого баш ийип жашайт экенсиң. Эл өзү эле тарбиялап коет экен.

Менин бул жакта иштеп калышыма жолдошум дагы чоң түрткү берди. Жолдошум Токтомушев Тойгонбай жогорку билимдүү, көп нерсени түшүнө билген, өтө жакшы адам. Мени дайыма колдоп, оорумду колдон, жеңилимди жерден алып жүрөт. Мектептин баардык кара жумушун ошол киши кылат. Кайын журтум дагы абдан мыкты кишилер. Ошолордун колдоосу менен ушинтип алыскы жерде иштеп жүрөм. Жашым кырк тогузга келип калса да дагы билим алышым керек деп аспирантурага тапшырдым.

Өзүм Тоң районундагы Оттук айылынын кызымын.  Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кыргыз тили, адабияты адистигин бүтүргөм.  Акыркы курста окуп жүргөн кезде Тилекмат айылына турмушка чыккам. Алгачкы эмгек жолумду ушул эле университеттин педагогика-психология кафедрасынан баштагам. Тилекке каршы, бир жылдан кийин турмуш-шартка байланыштуу айылга кеткенге туура келди. Тилекмат айылында Алтымышбаев мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалим болуп иштеп жүрүп, 2009-жылы Мундуз айылынын Байбеков атындагы орто мектебине директор болуп дайындалдым. Айылдык Кеңешке депутат болдум.

АК КАРЛУУ АК-ШЫЙРАКТЫН АГАРТУУЧУСУ

  • Жогоруда аспирантурага тапшырдым дедиңиз. Өзүңүз алыскы аймакта жашасаңыз, жашыңыз элүүгө таяп калса да, билим алууга болгон мындай дилгирлик кайдан чыкты?
  • Университетте иштеп жүргөндө бир жылда эле кафедра башчысы Ырыс Жакеновнадан көп нерсени үйрөндүм. Шариятта окуткан устатыңа карыздарсың деп айтылат экен. Өкүнүчтүүсү, устаттарымдын көбүнүн көзү өтүп кетти. Филология илимдеринин доктору, профессор Жолдош Жусаевден сабак алдым. Ушунчалык адамдык сапаты жогору адам эле. Кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасынан Орунбаев Турганбай агайдан алган сабагымдын орду толгус. Ушундай устаттардан  сабак алганыма абдан сыймыктанам. Ал окууңду улантасың деп дипломдук ишиме изилденбеген теманы берген. Тилекке каршы, турмуш-шартка байланыштуу аспирантурадан окуй алган жокмун. Кийин агай жолугуп, дагы сунуштады эле, “Менин аспирантурам — үй-бүлөм” деп койгон элем. Ата-энем карапайым болсо да билимди баалаган адамдар. Алар дагы аспирантурадан оку, илим жакта деп көп айтышты. Андан кийин Сыртка барганда раматылык Ажаркүл эжей дагы сен окушуң керек деп көп айтып жүрдү. Тилекке каршы, бул эжейибизди өткөн жылы пандемияда ажал колубуздан жулуп кетти. Ошол эженин көзү өтүп кеткенден кийин эмнегедир өзүмдү устаттарымдын, ата-энемдин алдында карыздар сезип, быйыл ЫМУга аспирантурага 49 жашымда тапшырдым. Көңүлүмдүн тереңинде жакшы адамдардын ишеничин актайын дедим.

АК КАРЛУУ АК-ШЫЙРАКТЫН АГАРТУУЧУСУ

  • Сиз элестеткен карагайлуу тоолор жок, Ак-Шыйракка кантип көндүңүз?
  • Чынында башында барганда жаман болдум. Кийин тез эле көнүп кеттим. Ак-Шыйрактын элинен айланса болот деп калам. Эгерде алар болбогондо эмдигиче Кытай ээлеп алат беле, ким билет? Тээ союз тараган кезде айылда болгону үч түтүн калган экен. Азыр минтип ал жыйырма жетиге жетти. Жогоруда айтылгандай, Ак-Шыйракта жашыл эч нерсе өспөйт. Керек болсо мал айдаганга чыбык жок. Кыялдарды орундатып көрөлүк деп 2017-жылы Чүйдөн карагайдын үрөнүн, кичинекей карагай, туя алып барып отургуздук. Үрөн өнүп чыкты, бирок кичине баш көтөргөндөн кийин эле өлүп калды. Карагай, туялар дагы эки айга жетпей эле ийнесин күбүп салды.  Анан Кожомкулов Таалай деген илимпоз бар экен. Ошол Сырттын топурагын алып кетип изилдеп көрдү. Көрсө, топурактын курамында туз көп экен.  Бак-дарактын өспөгөнү ошондон деди. Эми болсо карагайларды топурагы менен алып барып жерге эмес идишке өстүрүп жатабыз. Буюрса, Улуу ата мекендик согушта курман болгондорго арналып  тургузулган эстеликтин, мектептин алдына жака жактан топурак алып келип отургузабыз. Биздин шартка жийде өсөт деп угуп, буюрса, жазда жийде алып келелик деп да пландап жатабыз.

АК КАРЛУУ АК-ШЫЙРАКТЫН АГАРТУУЧУСУ

  • Жол алыс, катаал. Мектептин кем-карчын кантип толуктайсыздар? Кыш мезгилинде кыйынчылыктар болбойбу?
  • Кем-карчынын баарын кышка чейин дайындап алганга аракет кылабыз. Мектеп көмүр менен жылытылат. Андан маселе жок. Мамлекет өз убагында камсыздап берет. Айылда директор болуп иштеп жүргөн кезде демөөрчү табуу жеңил болчу. Бул жактан андайлар жокко эсе. Албетте, ата-энелер бир аз жардам беришет. Баардык класстык бөлмөлөрдүн терезелерине жалюзи алып беришкен. Анча-мынча кем-карчыбызды алып берип турушат. Бирок ошентсе да көйгөйлөр дагы жок эмес. Бизде азыр мектепте спорттук зал, актовый зал жок. Ошондон кыйналабыз. Жакында эле тарыхта биринчи жолу Билим берүү министри Б.Купешев барып, абалыбыз менен таанышып кетти.  Буюрса, бул маселелерибиз да чечилет деген ишенимдебиз.

Мурун телефон жок айыл менен кат аркылуу кабар алышчубуз. Азыр кудайга шүгүр, байланыш жетип калган. Төрт абоненттик телефон бар. Ушуну көбөйтүп беришсе жакшы болмок. Анан бирдик салган жерибиз жок. Кээде бирдик жок, айыл менен байланыша албай калабыз. Өзгөчө бороон-чапкында кыйын болуп калат. Айыл өкмөтүбүз жаш бала, буюрса, жакшы иштеп жатат. Өзүм айылдык кеңештин төрайымымын. Проблемаларды чечкенге колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Кудайга шүгүр, жаңы имараттар түшүп жатат. Үч сааттык бала бакчанын имараты бар, бирок ошол ачылбай жатат. Ал дагы ишке кирип калса, айыл элине чоң жардамы тиймек.

Анан биз жакка жүк алып кетүү абдан кыйын. Өзүң эле иш чыгып калса бирөөлөргө жармашып атып араң кетесиң. Алар болсо жүгүң жок болсун дешет. Жүгүм жок дегенде эле жаныңда эки чоң баштык болот. Жок дегенде балдарга беш китеп ала кетейин дейсиң. Ошондуктан бизге да бир машина берип койсо жакшы болмок.

Маектешкен Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер