АГРОЭКОНОМИКА АДИСТЕРИН ДАЯРДООДО АЛДЫДА

  • 18.02.2022
  • 0

С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи — тээ союз мезгилинен бери агроэкономика багытында теориялык билим менен практикалык билимди айкалыштырып окутууда, республиканын элдик чарбасына талап кылынган жогорку квалификациялуу адистерди эл аралык деңгээлде даярдоодо көч башында турган бирден-бир окуу жайы катары жалпы журтка кеңири таанымал. Аны республикадагы орто кесиптик окуу жайларынын “аксакалы” десек да жарашат. Анткени былтыр сентябрь айында Бишкек агроэкономикалык колледжинин негизделгенине туура 85 жыл толду.

АГРОЭКОНОМИКА АДИСТЕРИН ДАЯРДООДО АЛДЫДА

Бишкек агроэкономикалк колледждин директору Н.Омуров

Эмгек рыногу талап кылгандай адистерди даярдайбыз

1936-жылы Токмок шаарында ачылган Бишкек агроэкономикалык колледжи адегенде жумушчу факультет базасындагы алгачкы мөмө-жемиш техникуму деп аталган. Согуш башталган 1941-жылы Кемин районунун борбору Быстровкага которулуп, кийинчерээк Пишпек айыл чарба техникуму болуп уюштурулуп, жаңы зоотехник, мал догдурлук, талаачылык бөлүмдөрү ачылган эле. 1957-жылы март айында Фрунзе айыл чарба техникуму деп аталып, мөмө-жемиш, агроном, зоотехник жана токой чарба деген кошумча бөлүмдөрү ачылган.

“Окуу-тарбия иштерин уюштурууда окутуучулардын эң башкы тапшырмасы жана милдети – эмгек рыногунун талаптарына шайкеш сапаттуу адистерди даярдоо, жаштардын базалык функцияларын калыптандыруу: жоопкерчилик, өз алдынча жана команда менен иштөө жөндөмү, өз ишинин натыйжаларын пландоо, эң негизгиси – иштин практикалык көндүмдөрүн сатып алуу” — дейт, колледждин директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Раиса Токтобекова, сөзүн андан ары улап.

– Биздин колледж агроэкономика тармагындагы адистерди даярдоодо кошкон салымы, үлгүлүү эмгеги үчүн 2016-2017-окуу жылында “Жылдын мыкты колледжи» деп табылган.

Колледжде окуу сабактарынын негизги түрлөрү боюнча өткөрүлгөн лекция, семинарлар, практикалык сабактар, консультациялар, өз алдынча иштөө, курстук иштердин баары окуу жана өндүрүштұк практика менен бирге айкалыштырылып жүргүзүлөт. Окуу процессине ылайык, практикалык окутуу окуу лабораториясында жана өндүрүштүк объектилерде ишке ашырылат. Ал эми өндүрүштүк практика окутуу профилине жараша ишканаларда жана уюмдарда өткөрүлөт. Практикалык окутууларды уюштуруу тартиби ишканалар менен түзүлгөн тийиштүү келишимдер, макулдашуулар жана колледждин студенттерин практикалык окутуу жөнүндөгү жобосу менен аныкталат, — деп Раиса Нуркалиевна бизди окуу жайдын окуу процесси менен кеңири тааныштырды.

АГРОЭКОНОМИКА АДИСТЕРИН ДАЯРДООДО АЛДЫДА

Германияда практикада

Раиса Токтобекова белгилеп өткөндөй, колледжде окууну аяктап жаткан жаш адистер үчүн карьера жана ишке орноштуруу борбору түзүлгөн. Борбордо бош орундардын жарманкеси, ачык эшик күндөрү, кесиптик чеберчилик конкурстары өткөрүлүп турат. Чындыгында мал киндиктүү агрардык өлкөбүздө агроэкономика багытындагы адистерге муктаждар арбын эле. Андыктан студенттерге өндүрүштүк практикадан өтүү, ишке орношуу маселе деле эмес.

“Аталык”, “Тимагро”, “МИС” ААКлар сыяктуу социалдык өнөктөштөр менен адистерди даярдоо боюнча келишимдер, өндүрүштө практика базалары түзүлүп, ал эки тарапка пайдалуу жолугушуулардын алкагында бекемделип турат.

– Биздин окутуучулар студенттердин теория менен практиканы айкалыштырып билим алуусуна терең көңүл бурушат. Ал үчүн лабораториялык-практикалык сабактарга жана өндүрүштүк практикага басым жасашат. Анткени азыркы учурда эмгек рыногу сабаттуу жана сапаттуу адистерди талап кылууда. Коомдук уюмдар жана окутуучуларды социалдык колдоо боюнча колледжде көзөмөлчү кеңеш түзүлгөн, андан тышкары, профсоюз уюму жана студенттик кеңеш иштейт. Мына ушулардын баары биздин майнаптуу иштөөбүзгө, эс алууга, тиричиликти жакшыртууга колледждин жетекчилиги тарабынан көрүлгөн камкордугу, колдоосу.

Колледждин негизги максаты – кыска мөөнөттүн ичинде татыктуу кесиптик билим гана бербестен, көп багыттагы татыктуу тарбия берүү, инсандын калыптанышына зарыл шарттарды түзүү. Ошондуктан окуу жылы ичинде ар кыл багыттагы иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Алсак, улуттук каада-салттарды бекем сактоого, эне тилди урматтоого жана сергек жашоого үндөгөн маданий жана спорттук иш-чараларга студенттер активдүү катышат, — дейт Раиса Токтобекова.

Раиса Нуркалиевнанын айтымында, колледжде былтыркы окуу жылында сүт азыктарын кайра иштетүүнүн технологу деген жаңы адистик ачылган. Анда студенттер контракттык жана бюджеттик негизде билим алат. Жаңы ачылган бөлүмдүн студенттери өндүрүштүк практикасын өтүүгө колледж кечээ жакында эле мүчө болгон КСБ, тагыраак айтканда, Кыргызстандагы сүт азыктарынын бирикмеси менен түзүлгөн келишим жол ачып берди. Алар менен түзүлгөн келишимдин негизинде студенттер сүт азыктарын кайра иштетүүчү “Белая река”, “Нарын сүт” сыяктуу белгилүү ишканаларда практикадан өтүшөт.

Өлкөдөн сырткары өнөктөштөр менен түзүлгөн алака

Колледж Дүйнөлүк Азия Өнүктүрүү банкынын экинчи долбооруна катышып, “Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Жасалма жол менен уруктандыруу” боюнча эки лаборатория, заманбап техникалар менен жабдылган бир компьютердик кабинет ачылып, колледждин жатаканасы толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Колледждин мына ушундай материалдык-техникалык базасынын жакшыртылышы өлкөбүз муктаж болуп турган квалификациялуу адистерди заманбап айыл чарба технологияларынын жардамы менен даярдоодо, айыл чарба потенциалын өздөштүрүүдө чоң күч болууда.

АГРОЭКОНОМИКА АДИСТЕРИН ДАЯРДООДО АЛДЫДА

Салтка айланган Нооруз майрамын ар жылы салтанаттуу белгилешет

Учурда бардык кабинеттер тиешелүү ремонт иштеринен өткөрүлүп, заманбап жабдылган.

Окуу пландары онлайн жана офлайн форматына ылайыкталып бекитилген жана зарылдыгына жараша WhatsApp, Zoom, Moodle порталдары боюнча сабактарды өткөрүүгө толук даяр турат.

Колледждин студенттеринин дагы бир эң негизги артыкчылыгы – бул теориялык билимин чет мамлекеттерде практика жүзүндө улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугунда. Мындай тажрыйба 2015-жылдын 7-июнунан бери калыптанып келатат. Ошол жылы Германиянын Штутгарт шаарындагы “Агроконтакт Интернациональ” ассоциациясы менен эки тараптуу келишим түзүлгөн. Анын негизинде студенттер сегиз айлык мөөнөт ичинде технологиялык практиканы кошо өздөштүрөт.

Колледждин директору Намир Омуровдун жетекчилиги астында колледждин территориясына караштуу аймактарды жана имараттарды тийиштүү деңгээлде күтүү, инфраструктураны жакшыртуу жана ошондой эле кызматкерлер жана студенттер үчүн эмгектенүү, окуу жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү багытында алгылыктуу иштер аткарылып келет.

Кыска мөөнөттүү окуу курстарына келгиле

Колледжде “Тракторист-машинист” жана “Малды жасалма жол менен уруктандыруу” багыттары боюнча кыска мөөнөттүү үч айлык окуу курстары ачылган. Кошумча кесип алууну каалагандар үчүн ар дайым эшик ачык. Ал эми колледжде алган билимин андан ары улантууга да эң сонун мүмкүнчүлүк бар. Колледждин бүтүрүүчүлөрү окууларын республикабыздагы жогорку окуу жайларына, анын ичинде К.И.Скрябин атындагы КМАУга тапшырып, Кыргызстандын жогорку билимдүү айыл чарба кызматкерлеринин катарын толуктай алышат.

2021-2022-окуу жылында кесиптик багытта кабыл алуу толугу менен онлайн/офлайн форматта жүргүзүлүп, кабыл алуу комиссиясынын иши оптимизацияланды.

Колледждин келечектеги максаттары:

– Ветеринария, агрономия, айлана-чөйрөнү коргоо, сүт азыктарын кайра иштетүү технологу, экономика жана бухгалтердик эсеп кесиптери боюнча билим алышкан студенттердин өндүрүштүк практика өтүүсүнө мүмкүн болгон зарыл шарттарды жакшыртуу жана илимий тажрыйба иштерине көбүрөөк көңүл буруу;

– Дыйкандардын асыл тукум мал күтүү, сапаттуу азык-түлүк алуу жана пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрүү ыкмасын үйрөнүшү үчүн практикалык иштерди коомдук уюмдар, аймактык, республикалык өндүрүш ишканалары менен тыгыз байланыш түзүү.

– Окуу курстарын жандандыруу жана заманбап агрардык технологиялар менен тааныштыруу, иштөө жолдорун үйрөнүү. Календардык тематикалык пландарды, жумушчу пландарын, көрсөтмө куралдарын, лабораториялык, практикалык жана семинардык сабактарды жана башка окуу методикалык комплекстерин талапка ылайык даярдоо жана өткөрүү болуп саналат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер