АДАМ ТАГДЫРЫ – МУУН ТАГДЫРЫ

  • 11.11.2021
  • 0

(Арслан Капай уулу Койчиевдин ара жолдо калган жоокердин ыры жөнүндө аңгемеси тууралуу)

Жазуучулук өнөр назары сынбаса да салтанат кура албай туру. Жок, калган дүйнөдө эмес, биздин өлкөдө, биздин журтта көктө шаңшый албай туру негедир. Кыргыз баласын туулгандан көзү өтүп, сөөгү жерге берилгенге чейин ыр коштоп келген. Ошол кыргыздардын мекенинде ошол кыргыздын тукуму аталган бейдарек, бейбагыт эмки журт бул заманда китеп окууга шайы келбей, тукулжураткан көр тириликтен башы арылбай, элди эл кылган баалуулуктары, ыйык туткан нарктары айылдан алыс кубаланып, ордуна тыштан сүйрөп келген, көбүнэсе кай бир элдердин бери болгондо он кылым мурдагы көрүнүштөрү төрдү ээлей баштады. Илим-билим десе итатайы тутулган сабатсыздардын катмары калыңдап, цивилизациянын жетишкендиктерин жерип, кыргыз жерин, салтын, наркын, насилин, адатын, ысымын чанып, кийимин, жөрөлгөсүн, өнөрүн кошо танган пенделердин саны арбып барат. Китептин бактысын окурман ачат, аны түшүнгөндөр жана баалагандар болсо гана чыгарманын жылдызы жанат. Эки жыл мурун Кыргыз Эл жазуучусу, кайран атамдын аккан досу Мелис Абакировдун 80 жылдык мааракесинде “Сиз бактылуу адамсыз, анткени кыргыз журту китеп окуп, чыгарманы түшүнүп, көркөм дөөлөттү баалап, эстетикалык талабы өргө чыгып калган кезде чыгармаларыңыз жазылды, чыгарманы түшүнгөн окумандарыңыздын катары арбын учурда китептериңиз чыкты” деген элем. Евразия жазуучулар союзунун мүчөсү Арслан Капай уулу адабият конушуна кыйын кезеңде шашпай ат бастырып кирди, жөө-жалаң, кокус жолоочудай болбой, атайы келген адамдай, мыкты интеллектуалдык даярдык, турмуштук тажрыйба менен аралашты. Насили тарыхчы жазуучунун “Мисмилдирик”, “Айта бар менин кебимди”, “Бакшы менен Чыңгыз хан”, “Добул таштык Заратустранын баяны” (адегенде түрк тилинде жарык көрдү) сыяктуу китептери кыргыз көркөм дүйнөсүнүн багына жаралган, ар биринин көтөргөн жүгү арбын, омоктуу чыгармалар. Анын китептери көпчүлүккө али толук маалым эмес. Бирок окуган кишини кайдыгер калтырбаган, көкүрөгүнө сезим жараткан, көңүлүнө ой салган керемет чыгармалар. Эми минтип “Тагдыр жөнүндө ыр” аттуу жаңы аңгемесин коомчулукка сунуштап отурат.

20-кылым менен кошо бу жарык дүйнөгө келип, дүйнөлүк эки согуштун азап-тозогун көргөн кишинин тагдыры баяндалат, махабаты ырдалат.

Адамдын тагдыры, жеке инсандын тагдыры, кечирген өмүрү, бактысы жана шору, кубанычы жана кайгысы элдин тагдырынын кичирейтилген проекциясы окшобойбу. Ата-жотосу оңдуу билбеген, жети атасы жаа тартып атышып көрбөгөн, жети муун мурдагы бабалары алышып көрбөгөн орус менен немиске кыргыз баласынын тагдыры эки айланта байланат деп ким болжоптур. Орус менен немис урушу эки мертебе элге бүлүк салып, эки курдай кыргыз журтун алааматка салат деп ким ойлоптур.

Орус падышачылыгы адегенде кыргыз жерин каратып алганда биринчи дүйнөлүк согуш чыгып, Россия баштаган бир тобу, Германия баштаган бир даары жылдап согушат. Орус бийлиги басып алган аймактардагы жергиликтүү калкты, анын ичинде ири алдыда кыргыздардын аскер ишине жарактууларын жоого тике найза сунган кармашка салбаса да, согушка керек кара жумушка алмакчы болгону буга чейинки нааразычылыкты ого бетер күчөтүп, эл каршы чыгат. Эл хан шайлап, желек кармап көтөрүлүш башталат. Ушуну эле күтүп тургансып, ансыз деле “жок кылынууга тийиш” элге орус жазалоочу аскерлери кандуу бүлүк салат. Согуш жүргөн Европада миллиондогон кишилер набыт болсо, андан миңдеген чакырым алыста, Азиянын чок ортосунда он миңдеген кыргыз кырылат, тууган жерин таштап Кытайдагы эзелки жерине качат, сынбаган шагы калбай, көрбөгөн азапты баштан кечирет. Ошентип Арслан Капай уулунун аңгемесинин каарманы боз улан чагында кыргыздардын катарында жоону көрөт. Найза, келтек, союл, чанда бири гана түтөтмө мылтык менен жоону беттеп, Токмокту камалап, улам каптап кирип, орустардын жамгырдай огунан кырылып, жалп эте артка качып, боо түшүп кыйраган кыргызды көрөт. Улам чабуул жасап, улам суюлуган колду көрөт. Кытайга качкан элди көрөт. Токмоктун жанындагы соңку салгылашта эл менен кошо качканга үлгүрбөй калып, кыргыздарды сая кууган, жеткенин кырып келе жаткан солдатты көрөт. Ар бир үйдү тинте карап, томолонуп жерде жаткан кыргыздарды кайталап атып келе жаткан орус желдеттеринин бирине туш болуп, кайран жанга бир өлүм, жан айласы кылып, союл менен жыга чаап өлтүрөт.

Ошол орустар менен бирге кийин совет мамлекетте жанаша жашап, бир өлкөдө өмүр кечире баштайт. Кытайдан аман келген кыргыз колхоздо иштеп, эми жай тириликке жетип, эптеп оокат кыла баштаганда экинчи дүйнөлүк согуш башталат. Баягы Германия менен кайрадан уруш башталат. Бул ирет элди үркүткөн орусуңда, үрккөн кыргызыңда совет деп аталган чоңөлкөнүн түркүн эли немиске каршы улуу согушка аттанат. Аскери майданда, жай тургундары оорукта Германия менен согушат. Орусту жыга чапкан кыргызыңорусуңменен кошо мылтык көтөрүп, ураалап кыйкырып, немиске каршы уруш кылат. Майдандагылардын баарынын маңдайына баатыр болуу жазбаптыр, кай бири түркүн жагдайда немистин колуна түшөт. Алардын айрымдары туткундардан топтолгон Түркстан легионерлеринин катарына кошулат. Немис менен урушам деп барган жоокер колго түшүп, бул ирет немиске кызмат кылат.

Не деген тагдыр, чиркин. Аскер коштогон келгин орус ата-бабасынын жерин ээлеп, Ала-Тоону каптап киргенде немис менен согушуп жаткан оруска каршы чыгып, орустан качып, анан кайра орус менен бир эл, бир журт болуп жашап, немиске каршы согушуп, колго түшкөндө кайра аргасыздан немиске кызмат кылып, туш болгон тагдырын өзү да түшүнбөй, өңгөгө да түшүндүрө албай калганы не деген трагедия. Согуш аяктаган соңмекенине кайтып келсе сүргүнгө айдалаарын, не атылаарын угуп, Германиянын батыш бөлүгүндө калып калат.

Ошол эрксиз туткун, устаранын мизинде оодарылган дүнүйөнүн бечара курмандыгы кийин, карыган чал болгондо СССР ыдырап, жаңы заман келип, өз мекени Кыргызстанга келмекчи болуп камданганы келиштире сүрөттөлөт аңгемеде. Арслан аңгемесинин каарманынын реалдуу прототиби өзү кезиккен жалгыз кыргыз эмес, ушул тагдырга туш болгон жүздөгөн кишилер.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы туткунга түшкөн кыргыздар темасы кыргыз көркөм өнөрүндө гана эмес, тарых изилдөө илиминде алигиче чоочун тема, мен тарыхчымын дегендер өзүн оолак кармаган кооптуу тема, козгогонго оңой менен киши даабаган опуртал тема. Адабиятта жаңы, дыңтема.

Аңгемеде ошол туткун аркылуу бүтүндөй муундун тагдыры — урушканы, качканы, кайра согушка аттанып, колго түшкөнү, мекенине кайтканы, кайтпай бөтөн жерде калганы, кыскасы миңдеген кишилердин жана алардын үй-бүлөсүнүн тагдыры, туугандарынын тагдыры деген маселелердин тегерегинде түркүн ойго жетелейт. Аңгеменин аткарган миссиясы, арбын, көркөмдүгүнөн да көзүм жеткен күчү ушунда.

Арслан Койчиев аңгемесинде кыргыз баласы немис арасында кантип жүргөнүн, кандай жүргөнүн, не күн кечиргенин тизмектеп, узун сабак сөз кылбайт. Эрик Мария Ремарктын чыгармаларындагы качкын каармандардын көндөлүк турмушу сымал ийне-жибине чейин сүрөттөлбөйт, баскан-турганы баяндалбайт. Бирок кичинекей сүрөттөмөлөр менен көп нерсе айтылат. Кыргыз экенин чанып, тегин билбей, билсе билгиси келбей, кай бир динге таандык, дин ичинде агымга таандык экенин айтып, бат эле кыргыз болуудан калган пенделердин катары көбөйүүдө. Тегин сурасаңбабасын койдум, өз атасын айтпай, өзү кошулган уюшма топтун анабашын атагандар пайда болду. 30 жыл ичинде биз ырыстуу тарбия, жарактуу билим бере албаган, камгак сымал тамырсыз муундун улуттук иденттүүлүгү түйшөлтө турган оор проблема. Бала жытын жыттабай жигит бойдон согушка кетип, ошол күндөн ушул күн бөтөн элде жүргөн кыргыз улуттук иденттүүлүгүн жоготподу. Кандай сезим, кай күч ага кыргыз экенин өжөрлөнө эсине салып, улам кайра ата конушун, туулган жерин эстетип келди. Жоолашам деп келген элдин арасында өзү сымал жашап калган, айда-жылда гана көрүшкөн дагы бир бечара кыргыздан башка эне тилинде сүйлөшкөн кандашы жок абышка кыргыздыгын койбоптур. Мекени аны чанган менен ал мекенине куса.

Жигит кезиндеги ашыгына арнаган, кыргызча өзү гана өзүнө гана окуган төрт сап махабат ыры эле эмес го. Төрт сап ыр айтып бүткүс кусалык күүсү, сагыныч ыры, аяк-башы жок армандыр. Башынан өтпөгөн биз үчүн төрт сап ыр, өзү үчүн өтөлгөсү белгисиз, наркы күмөн өмүр дастаны чыгар.

Алмаз Кулматов,
мамлекеттик жана коомдук ишмер

 

Бөлүшүү

Комментарийлер