Абалыӊ кандай, мугалим?

  • 11.11.2024
  • 0

УӉГУЛУУ ЖУРТ УЮТКАН УЛУТМАНДАР

Азыркы Эгемен Кыргызстандын башаты болуп саналган Кара-Кыргыз автоном облусу менен жашташ жаралган улуттук эл агартуу тармагынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы белгиленип, жаӊы окуу жылынан тарта жалпы билим берүү мекемелери 12 жылдык окутууга трансформацияланып жаткандыктан, калк арасында бала бакчалар менен мектептердин, окуучулар менен мугалимдердин азыркы абалына кызыккандар арбын. Ошондон улам, окурмандарды жалпы эле билим берүү тармагынын абалы, андагы өзгөрүүлөр менен жаӊы жагдайлар жаатындагы статистикалык маалыматтар менен учкай тааныштырып коюуну туура таптык. Эмесе, ошого назар салалы…

Билим берүү Кыргызстандагы эӊ ири тармак болуп саналат. Саны жагынан болсун, каржылануу жагынан болсун, азырынча ага теӊдеше турган бир дагы мамлекеттик тармак жок. Азыркы учурда өлкө аймагында 2400 мектеп бар, аларда болжол менен 1,6 миллионго жакын окуучу билим алат, 72 миӊден ашуун мугалим иштейт. Андан тышкары, тарбиячыларыбыз менен усулчуларыбыз бар. Ал эми атайын кесиптик билим берүү жана жогорку окуу жайларындагы студенттер менен окутуучуларды кошкондо, алардын саны дагын да кыйла арбыйт. Бул – зор күч!

Ошентип, Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагынын 2024-жылдагы бюджети 64,9 млрд сом көлөмүндө бекитилген. Албетте, буга жеӊилдетилген насыялар менен гранттык каражаттар кирбейт. Мисалы, жакында эле Евробирликтен 7 мле евро (болжол менен 648,7 млн сом) өлчөмүндөгү каражат алынды. Каражат негизинен мугалимдерди STEM системасында, анын ичинде санарип көндүмдөрүнө кайра дардоого, бир сөз менен айтканда, окуучулардын келечек тагдырын жакшыртуу багытында жумшалмакчы. Буга чейин ушул эле багытта 27 млн евро өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөнүн эске сала кетели.

 

  • Статистикалык маалымат боюнча, мугалимдерибиздин 87 пайызынын жогорку билими бар. Кыргызстандын аймагында 4 миӊден ашуун (баштапкы, орто, жогорку билим берүү) мекеме бар. Билим берүү жамаатарында баш-аягы130 миӊ 745 мугалим иштесе, жалпы курамдын 58,2 пайызын аялдар, 41,8 пайызын эркектер түзөт, Бул деле болжолдуу көрсөткүчтөр болшушу мүмкүн. Ошону менен бирге, элет жергесинде ар мугалимге болжол менен 15 окуучу туура келсе, шаар шартында 19 окуучу туура келет.

 

  • Статистикалык маалыматтарга караганда, жогорку окуу жайларында 12 миӊ 322, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 10 миӊ 426 педагог эмгектенет экен. Андан тышкары, майып балдарды багып, алардын андан аркы өнүгүүсүү үчүн күрөшкөн жарандарыбыздын бар экенин да унутта калтырбайлы.

 

  • Эгер Мамстаткомдун маалыматына ишенсек, мугалимдердин орточо эмгек акысы – 26 миӊ 75 сом өлчөмүндө. Ал эми 2014-жылы 8 миӊ 621 сомду түзгөн. Мугалимдердин маянасы мамлекет тарабынан кыйла жогорулатылганына карабастан, агай-эжейлерибиздин эмгек акысы анчалык алымсындырарлык эмес экенин моюнга алышыбыз керек. Мунун баары, барып-келип эле мамлекеттик казынанын чама-чаркына барып такаларын жакшы билебиз.

 

  • Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ушу тапта Министрлер Кабинети тарабынан мугалимдерге жүктөлгөн түйшүктү жеӊилдетүү, алардын эмгек акыларын жеӊилдетүү чаралары иштелип чыгууда. Кыскасы, мектептер менен мугалимдердин саны көп, чамгарагы кенен, кыйчалыш маселелери да арбын. Мамлекеттик бийлик эл аралык уюмдар менен бирге аларды чечүү аракетин жасап жатат.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдагы бюджети 65 млрд сом көлөмүндө бекитилген. Анын ичинде, 40 млрд сом каражат түздөн-түз мектептерге бөлүнөт. Каражаттын дээрлик 87 пайызы мугалимдердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Бул каражат азырынча чакталуу, кантсе да, бюджеттин жыл сайын кескин арбып бараткан ыргагы жалпы жарандарыбыздын ишенимин арттырып, агай-эжейлерибизге дем байлап турганы чын.

Буюрса, өлкөнүн өткөн 9 айдагы макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жаман эмес. БУУ эксперттеринин айтымында, 2024-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын макроэкономикалык өнүгүү көрсөткүчү болжол менен 5,8 пайызы түзүшү мүмкүн. Ал эми Министрлер Кабинетинин болжолунда, экономикалык өсүү деӊгээлибиз болжол менен 6,2 пайыздан кем болбойт. Мындай жоромолду эл аралык эксперттер деле жокко чыгарган жок. Пандемия кесепети менен дүйнөлүк инфляцияга карабастан, акыркы үч жыл аралыгында экономиканын ички дүӊ өнүм көрсөткүчү кескин жакшырды. Муну танууга болбойт. Алсак, ал өткөн жылы 1,2 трлн сомдон ашкан.

Арабызда гимназиялар менен лицейлердин келечек тагдырына кабатыр болуп, ушинтип ара жолдо кала береби дегендер арбын. Ошондон улам, билим берүү жана илим минстри Догдуркүл Кендирбаева өткөн жылы «Билим берүү жөнүндө» жаӊы мыйзам кабыл алынганын, анда «гимназия» жана «лицей» деген түшүнүктөр жок экенин эске салды. «Өлкө аймагында баш-аягы 350 гимназия менен лицей бар. Биз мыйзам талаптарын так аткарууга тийишпиз. Бардык окуучуларга бирдей шарттар түзүлүп, бирдей нукта билим алышы керек. Башка жол жок. Мындан ары бир дагы мектепке артыкчылык берилбейт. Жалпы талап ушундай», — дейт министр айым.

Албетте, башынан эле чыныгы атаандаштык табияты ошондой: аламанда зээндүү балдар иргелет жана тандалат, мыктылардын мыктысы озуп чыгат! Ал эми балдарынын келечегине өзгөчө кам көргүсү келген ата-энелер аларды билимин тереӊдетүү борборлорунда кошумча окутса же атайын стандарттарда билим берген жеке менчик мектептерге берсе деле болот. Мындай мекемелер бизде жетиштүү.

Чынында мектепте окуу жылынын мөөнөтү өзгөргөн деле жок. Тилекке каршы, айрым мугалимдерибиз дагы өзгөргөн жок. Айрымдарынын мындан ары деле өзгөргүсү жок. Муну баары эле баамдап турган чыгар. Ошого карабастан, мезгил күтпөйт эмеспи, заман талабы башка, болгону азыркы заманбап окуу усулу өзгөрүп жатат.

Андан тышкары, «Жалпы билим берүү уюмдарына кошумча билим берүү жөнүндө» мыйзам жоболоруна ылайык, өткөөл мезгилде лицензияларынын мөөнөтү бүтөлек мындай багыттагы билим берүү мекемелери жергиликтүү бюджеттер менен жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен кошумча каржыланары, же ушуга окшогон дагы башка булактардан жардам берилери белгилүү болду. Анткени, башынан эле гимназиялар менен лицейлердин чыгымдары кыйла арбын. Муну мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да жакшы билет, туура түшүнөт деген ойдомун.

Улуттук билим берүү тармагына эл аралык деӊгээлдеги жаӊы милдеттер тагылып, заманбап талаптар коюлуп жаткан чак. Жашы жеткен балакайлардын баарын бала бакчага тартуу жаатында иштиктүү чаралар көрүлүп, жалпы мектептер 12 жылдык окутууга интеграцияланып жаткан учурда, жабыла жаӊы нукка түшүп, жаӊы шартта иштеген мугалимдерди эмгек акынын өлчөмү да кыйла кызыктырары турулуу нерсе. Анын жайын тактап көрдүк.

Жагымдуу бир кабар бар. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ушу тапта Финансы министрлиги тарабынан билим берүү тармагында иштеген жарандардын маянасын маал-маалы менен көтөрүп туруу чаралары иштелип чыгууда. Жолжобого ылайык, инфляция көрсөткүчтөрүнө жараша эмгек акылар көбөйтүлүп турмакчы. Канткен күндө да, мындай төлөмдөр жалпы кунсуздануу өлчөмүнө жараша болорун эгерим эстен чыгарбашыбыз керек. Мынча болду, эми мунусун да күтө туралы.

  • Мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүнүн дагы башка жолдору бар экен. Маселен, мындан ары мугалимдер ар 5 жыл сайын атайын аттестациядан өткөрүлүп турат. Сынактан шыр өтүп кеткен мугалимдер келерки 5 жыл бою маянасына кошумча ай сайын 5 миӊ сомдон алат. Ошондой эле, ар мугалимдин өз иш натыйжасына жараша да кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгү бар. Азыркы учурда мунун дагы жолжоболору иштелип чыгууда. Анча болду, эми анысын да күтө туралы.

 

Кемел Белек, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер