АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

  • 16.02.2022
  • 0

Кесиптешибиз Гүлнара Алыбаева 60 жашка чыкты. Адатта, айымдардын жашын сурабайт, андан да аны жалпыга жарыялабайт деп коюшат эмеспи, а бирок биз ачык эле жаздык, себеп дегенде, бараандуу бул куракка жеткиче алтымыш ашуу ашып, ак эмгек өтөмөй бар, алардын баарына саресеп салып, артыңа бир кылчайып отчет бермей бар дегендей.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Жыл тогошоор алдында айтылуу Ат-Башыда жарык дүйнөгө келип, анын атыр жыттуу абасынан кере-кере жутуп, эне-атасынын, чоң ата-чоң энесинин эрке кызы болуп чоңойгон кесиптешибиз Гүлнаранын окуучулук бактылуу учуру Ат-Башыдагы №2 Ленин атындагы орто мектепте өттү. Эс тартканы юрист болууну кыялданган кыз, 1978-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, тажрыйба топтоп иштеп, андан кийин гана окууга тапшырууну ойлойт. Себеби ал кездеги талап боюнча юристтик окууга баруу үчүн өндүрүштө иштеп, тажрыйбага ээ болуу керек эле. Алдына койгон максатына тик караган тирикарак тың кыз ошол таризде Ат-Башы райкомунда техникалык катчы, андан кийин “Кыргызмашэлектрожабдуу” ишканасында иштеп тажрыйба топтоп, жумуштан бош убактысында окууга даярданып жүрдү. Арийне, турмуш аны таптакыр башка жолго салып, Воронеж шаарындагы Ленин комсомолу атындагы мамлекеттик университеттин филология факультетинин студенти болуп калды. Көрсө, анын турмуштагы вазийпасы – билим берүү, агартуу тармагынын адиси, акыйкат жарчысы — журналист болуу экен.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫБир туугандары менен

— Мага негизи тактыкты, адилеттикти, теңдикти, тартипти туу туткан, даңазалаган юристтик кесип аябай жаккандыктан, юрист болом деп кыялданчумун. Бирок ошол кездеги шарт боюнча филология кесибин тандадым. Буга өкүнбөйм, себеби билим уясы болгон мектепте ак барактай таза кезинде мектеп босогосун аттаган баланы билим менен кошо адилеттүү, калыс болууга, ыймандуу, кайрымдуу болууга тарбиялагандар – мугалимдер эмеспи. Мен Воронеждеги мамлекеттик университетин 1986-жылы аяктап келип, Ат-Башы айылындагы №32 орто кесиптик окуу жайда орус тили жана адабияты мугалими болуп он жыл иштедим. 1997-жылы үй шартына байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келип, «Кут Билим» гезитине баяндамачы болуп кабыл алындым. Ошол күндөн тартып мектептер бөлүмүнүн редактору катары республиканын мугалимдерине кеңири таанылдым.  Ар бир мага жүктөлгөн ишти баштагандан кийин аны аяктамайынча тынчыбаган өжөрдүгүм бар.  Журналисттик кесибимди окутуучулук (Борбордук Азиядагы Америка университети, 2000-2003-ж.), уюштуруучулук («Айгине» маданий изилдөө борборунда координатор, 2010-жылдан азыркы кезге чейин), котормочулук, катчылык («Ала-Тоо Финанс» Эл аралык каржы агенттиги, 2011-2012-жж.), шеф-редакторлук (“Замандаш” журналы 2005-жылга чейин, «Мугалим» журналы, 2012-жылдан азыркыга чейин) иштерди айкалыштырганга жетишип иштеп келатам, — дейт Гүлнара, басып өткөн жолуна кылчайып.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ«Кут Билимдин» 60 жылдыгында жамаат менен

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫКутбилимчилер  КУУнун Педагогика факультетинин жамааты менен

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫКесиптеши Айнагүл Кашыбаева, баласы Бейкут менен

Гүлнаранын ак мээнети акталып, бир топ сыйлыктарга арзыды. Билим берүү, илим жана жаштар министрлигинин, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык «Сейтек» борборунун, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык кеңешинин, Ош облустук билим берүү институтунун Ардак грамоталары менен сыйланып, борбор калаабыздагы бир топ мектептердин Ыраазычылык каттарын алды. Андан тышкары, агартуу тармагынын жетишкендиктерин жана көйгөйлөрүн  чагылдырган актуалдуу макалалары үчүн “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси, гуманизм жана тынчтык идеалдарына көп жылдар бою кызмат өтөгөндүгү, лидерлигин көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстан Аялдарынын конгрессинин дүйнөдөгү 17 өлкөдө катталган эл аралык маанидеги «Лидерлиги үчүн» алтын медалы, “Билим берүү жана илим тармагынын кесиптик кошуун кыймылынын отличниги” төш белгиси, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин баалоосу боюнча «2013-жылдын мыкты журналисти», “Насаатчы” коомдук фондунун “Ардактуу инсаны”, Демократиялык Кыргызстан аялдар комитетинин “Жылдын мыкты жетекчиси” сыйлыктары менен сыйланган. Ушунун баары Гүлнара Алыбаеванын кумурскадай жаны тынбай эмгектенген мээнеткеч эмгегинин ак үзүрү деп билебиз. Анын айрыкча күжүрмөндүгүн, иштермандыгын, кандай кысталыш кырдаал болсо да, сергек ой жүгүртүп, оң жолго баштап кеткен кыраакылыгын кесиптештери өзгөчө жогору баалашат.  Ал жигердүү калемгер катары билим берүү тармагынын оош-кыйыштарын, мугалимдер армиясынын түмөн түйшүктүү эмгегин башка да басма сөз беттеринде байма-бай чагылдырып келет. Алсак, илимий-популярдуу “Мугалим” журналына, “Тил жана маданият” гезитине орчундуу маселелер тууралуу макалаларды үзбөй жарыялап келатат. Андан тышкары, “Айгине” маданий изилдөө борбору чыгарган “Касиеттүү Баткен аймагы жана эл билими”, «Нарындын наркы: жандуу жайлар жана барктуу билим», «Чүйдүн касиеттүү жайлары жана руханий тажрыйбалары» китептерин, ошондой эле “Улуу Баян урпактардын оозунда” дискин редакциялап чыккан. ЮНЕСКОнун жана “Айгине” МИБтин тапшырмасы менен “Балдарга арналган ырымдар”, “Калпак” жана “Кыргыз ээри” даректүү тасмалардын сценарийин жазып, тарткан. Бүгүнкү күндө “Балдарга арналган ырымдар” тасмасы КТР жана Маданият каналынан көрсөтүлүп келет.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ     Экс-президент Р.Отунбаева менен «Жайлоо өнүгүү борборунда»

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫЖКнын VI чакырылышынын депутаты Айнура Аскарова Ардак грамота тапшырып жаткан учуру

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Сыйлык — сыймык, 2021

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

«Кут Билимдин» кыздары менен

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ«Замандаш» журналы, кесиптештер менен

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ«Кыргыз ээр» даректүү тасманы тартып жаткан учур

Гүлнара Мукашевна менен иштешкен мекемелер, уюмдар анын дилгир мамилесине, иштиктүү сунуштарына, жазган макалаларына ыраазычылыктарын билдирип турушат. Алардын баарын бул жерде атап отурсак, гезиттин бир бетине сыйбайт. Анын чыгармачылыгы жеке гана Кыргызстан менен чектелбей, коңшу казак туугандарыбызга да жакшы таанымал. Буга Казакстандын “Гүлстан” республикалык журналынан жана Алматы облусунун билим берүү башкармалыгынан келген ыраазылык каттар, айтылган алкыштар айкын күбө.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫКазак-кыргыз окумуштуу эжейлер менен, Алма-Аты шаары

Гүлнара Алыбаеванын курсташы, Ишеним фракциясынын лидери Улугбек Ормонов окууну аяктагандарына 36 жыл болсо да, ушул кезге чейин баарынын башын кошуп, жолугушууларды уюштуруп келген уюштуруучулук сапатына жогору баасын берди.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

ЖКнын беш жолку депутаты, Ишеним фракциясынын лидери, курсташы Улугбек Ормонов менен

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫКурсташтары менен

— Гүлнаранын оор басырыктуу, ак көңүл мүнөзү, анан андагы кыргыздын нукура меймандостугу баарыбызды өзүнө тартып тураар эле. Ошондон болсо керек, улуу-кичүүбүз имерилип, ал жашаган бөлмөгө бара берчүбүз. Уюштуруучулук мыкты сапаты ошол кезде эле бар болчу. Университетте окуп жүргөндө ар кандай иш-чаралар Гүлнарасыз өтчү эмес. Айрыкча, жыл сайын 8-9-майда Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигине Воронежден эле эмес, Курск, Мичуринск, Харьков шаарларынан студенттер келишчү. Воронежде окуган студенттердин коому бар, анын башчысы – биздин Гүлнара. Ар дайым жолукканда студенттик алтын курагыбызды эстеп, бир жашарып алабыз” – дейт, депутат курсташы.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Балдары Малика, Арген, неберелери Айлуна, Аймир менен

“Эркектер үчүн эр ортону элүү жаш” делсе, аялзаты үчүн алтымыш жаш активдүүлүгү, акылмандыгы ашып-толуп, көрөңгөлүү дүйнөсү көөдөнүнөн тиреп толкуп ташып, айланадагы адамдарга күндүн нуру сымал жылуулук менен мээрим чачып, телегейи тегиз болуп турган курак турбайбы, көрсө. Мына ушул кутман курагың кут болуп, чарчабай-чаалыкпай, эмгектене бер демекчибиз. Кызың Маликанын, күйөө балаң Аргендин, неберелериңдин сый-урматына бөлөнүп, көп жаша!

  Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

  Жакындарынын каалоо-тилектери

Рахат Сулайманова,  “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору, Ж. Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы:

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

«Мугалим» журналынын жамааты

— Билим берүү тармагынын ар бир жаңылыгын, ийгилигин, жетишкендигин, өсүп өнүгүүсүн жеке жан дүйнөсүнөн сыдыргыга салгандай өткөрүп, калайык журтка, калың элге жеткирүү милдетин өз мойнуна жүктөп, ага бүтүндөй өмүрүн арнаган инсан, кара кылды как жарган, кадырлуу журналист эжекем Гүлнара Алыбаева менен кесиптеш, санаалаш, пикирлеш адамдарынын катырында болуу мен үчүн чоң сыймык! Себеби ал  өлкөнүн билим берүү тармагынын оту менен кирип, күлү менен чыккан, агартуу айдыңынын бала бакчасынан тарта жогорку окуу жайына чейин астыртан саресеп салып, анын ар бир укумдай жерине өзүнүн тоодой салымын кошкон белдүү, белгилүү журналист, агартуунун жарчысы, мугалимдердин үнү. Көргөнгө жапжаш, энергиясы, идеясы ашып-ташкан элибиздин чыгаан кызы бүгүн мына 60тын кырын басып турган чагы.

Гүлнара Алыбаева — учурда Кыргыз мамлекетибизде сексен миңдей мугалим болсо, алардын оюн, жаңычылдыгын, билим берүүгө кошкон салымын таасын чагылдырып,  окурмандарга татыктуу жеткире билген дасыккан журналист, кесипкөй инсан. Аны жалпы агартуу журтчулугу билим берүүнүн күжүрмөнү, тагдырын агартуу тармагына энчилеген, чыныгы билим берүүнүн күйөрман журналисти катары тааныйт.

Гүлнара Алыбаева — билим берүү тармагын жакшыртууну биринчи орунга койгон, мугалимдердин көйгөйүн башкы маселе катары караган, алардын кесиптик чеберчилигин жайылтууга өзгөчө күйөрмандык менен мамиле жасаган таланттуу журналист. Ошондуктан анын ысмы кыргыз билим берүү тармагында, журналистикасында  чоң үлгү.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Эл мугалими Мукаш Базаркулов менен, «Мугалим» журналынын жамааты

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Эл мугалимдери менен

“Ийгиликке жеткиң келсе, деңиздеги сууга эмес, мээнетиңден аккан терге чөмүл” — деген сөз бар. Анын сыңарындай, Гүлнара эже бир ордунда тура албаган, тынчы жок, дайыма жаңы иштин, жаңыча идеялардын чордонунда, борборунда жүргөн ак эмгектин каарманы. Анын кумурскадай талыкпаган эмгеги менен жетишкен ийгиликтери жалпы кыргыз журналистикасын туура жолго багыттайт. Агартуунун жарчысы болгон “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүн ийгиликтүү жетектөө менен гана чектелбестен, Кыргызстан аялдар конгресси, “Айгине” маданий-изилдөө борбору, “Кыргызстан демократиялык аялдар кыймылы” сыяктуу уюмдарга коомдук ишмер катары өз көмөгүн көрсөтүп келет.

Ал эми мугалимдин чыныгы трибунасына айлансын деген аруу тилектер менен  ачылган кыргыз агартуу тармагында жаңыча өң, жаңыча түс, жаңыча дем менен чыгып келаткан “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын калыптанышына, аны өнүктүрүүгө кошкон салымы нар көтөргүс. Бул ишти жасоодогу кандай гана кыйынчылыктарда, жүрөк кубанткан ийгиликтүү күндөрдө бир кишидей биригип, жуурулушуп, бир дем менен, бир командада бири-бирибизди айттырбай түшүнгөн гармониянын сакталып келе жатышында да Гүлнара эженин салымы өтө зор. Бул жаатта биз жасай турган сонун иштер буйруса алдыда.

Жүзүнүнөн нур төгүлүп, өтө жөнөкөй, сүйлөсө оозунда нуска сөзү, насаат кеби менен агартуу журтуна дем-күч берген журналисттик өнөрдүн чебери  катары Гүлнара Алыбаеванын элине өтөй турчу эмгегине дагы көп ортоктош болобуз.

Мааракеңиз кут болсун, ардактуу ГҮЛНАРА ЭЖЕ!

Динар Мамбетакунова, классташы, КР жазуучулар союзунун, КР Музыка ишмерлер союзунун мүчөсү, акын жана обончу:

— “Туурга консок да, ар тарап  болсок да, оюмда жан курдашым,

Турмуштун жакшына энчиси өзүңсүң, ардагым классташым”, — деп классташтарды сагынганда жазган ыр саптарымда айтылгандай, классташ деген эң асыл адамың болот экен. Классташты ар ким өзү тандап же сурап албайт. Классташ Кудайдын буйругу аркылуу энчиленип берилген жакының болот турбайбы. Ошондой ардактуу адамымдын бири Алыбаева Гүлнара Мукашевна.

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Классташтар менен

Гүлнара экөөбүз Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы район боюнча жалгыз орус мектепте, тактап айтканда, В.И.Ленин атындагы №2 орто мектепте он жыл бою бир класста окуганбыз.

Гүлнара бала кезде эле тырышчаактыгы менен айырмаланчу. Мектепти беш жана төрт деген баага аяктады. Классташтардын арасында кадыр-баркка ээ болуп, ар дайым калыс сөзүн айтаар эле. Мүнөзү назик жана эч кимдин көңүлүн оорутпаган тамашакөй окуучу болчу. Кандай курч кырдаал болсо да, көйгөйдү урушпай-талашпай тынч чечкенге кудурети жетчү. Көрсө, бала кезде эле дипломаттык жөндөмү бар экен.

Окуучулук жылдарда ар кандай иш-чаралар, фестивалдар өткөзүлгөндө өзүнүн мукам уккулуктуу үнү менен “Родина” аттуу ырды ырдап, а мен баян менен коштоп берчүмүн. Ошондогу уккулуктуу таза үнү али кулагымда турат. Эгерде Гүлнара ошол бойдон ырчылык кесипти аркаласа азыр андан чоң атактуу ырчы чыкмак деген ойдомун.

Биз мектепти аяктап студент болуп кеткенде, классташтардын арасынан биринчилерден болуп ошол кездеги Ат-Башы райондук партия комитетинин 1-катчысынын техникалык катчысы болуп иштеп, эрте эле бийик жоопкерчиликке үйрөнүп, райондук деңгээлдеги жооптуу иш-чараларга аралашып, алардын документациясын түзүү менен эле чектелбей, сүйлөчү сөздөрүнөн бери жазып үйрөнүп калемгер болуунун башатын 17 жаш кырчын курагында ошол райкомдогу  иштеген мезгилинен алган экен. Классташтардын ичинен эки адам Борбордук (Центральный ВУЗ) жогорку окуу жайында окуган болсо, албетте, бирөө Алыбаева Гүлнара, Воронеж шаарындагы Ленин комсомолу атындагы мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Өзүнүн адистиги боюнча алдыңкы саптагы мугалимдердин катарында Ат-Башы айылындагы №32 кесиптик-техникалык окуу жайына он жылдык эмгегин арнады. Ал эми соңку 25 жылдан бери “Кут Билим” гезитинде журналист болуп үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Калемин уучтап алып, ар кыл маселенин чоо-жайын терең иликтеп, жүрөгүнөн өткөзүп, жалгыз өзүнө тиешелүү креативдүү жол-жобо менен материалды окурманга таасын жеткире алгандыгы менен айырмаланат.

Г.Алыбаева “Кут Билим” гезитиндеги мектептер бөлүмүнүн редактору ишине жанаша котормочулук жана редактордук иштерди аркалап келет. Ал эле эмес, “Кыргыз ээри”, “Ак калпак”, “Балдарга арналган ырымдар” аттуу даректүү фильмдердин автору катары, эфир аркылуу аталган тематиканы чечмелеп берип, келечек муунга эзелтеден келе жаткан салттуу буюм-тайымды мурас кылып калтырууга кошкон олуттуу салымы мактоого татыйт.

Классташтардан ар убак кабар алып, баарыбызга данакер-көпүрө болуп бири-бирибиз менен байланыштырып турганы да Гүлнарабыздын бийик адамгерчилигин айгинелейт.

Биз ар дайым Гүлнара менен сыймыктанабыз! Классташыбыздын кыргыз элине жасаган кызматынан жасай элеги али да алдыда. Потенциалы, кесиптик жана турмуштук тажрыйбасы бай классташыбыздан келечекте  көптөгөн асыл иштерди күтөбүз.

Гүлнарага бекем ден соолук, бактылуу өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Гүлнара Айтпаева, досу, “Айгине” маданий-изилдөө борборунун жетекчиси, ф.и.д., профессор:

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Досу Гүлнара Айтпаева менен

— Гүлнара Алыбаеваны 20 жашыман билем. Азыр экөөбүз тең 60 жашка келдик. Илгерки эмей эмне, окуп жүргөн кезде экөөбүз бир бөлмөдө жашадык. Кышкы каникулдан кийин Гүлнара тээ Ат-Башыдан Воронежге чейин бир койдун этин көтөрүп келчү. Ошондо эле Гүлнаранын көтөрүмдүүлүгү байкалган!

Мен баалаган да, кээде кыжырланган да Гүлнаранын сапаты — ишенчектиги. Бирге окуган, бирге иштеген, айлана-чөйрөдөгү кишилерге ишенет да турат. Жаман жактарын анча байкай бербейт, жакшы жактарын этибарына илип, ошого таянат. Жашоосунда бир топ эле алданды, бирок ишенчегинен тайган жок. Жакшылыкка ишенген адамдар өзүлөр жакшылыкты жаратышат, жакшылыктын жышааны болушат.

Ишенчек, өз ишинин көзүн шексиз таба алган, көбүнчө жакшылыкты ойлогон Гүлнара жакын адамдарымдын арасында болгонуна ыраазымын.

Кулипа Хайтбаева, сокурсница:

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Курсташтары

— Юбилей человека – значимое событие не только для него, но и для семьи, близких друзей, коллег.

Хочется присоединиться к поздравлениям юбиляра Гульнары Мукашевны, сказать добрые слова о хорошем человеке. Знаю её ещё со студенческих лет: всегда активная, позитивная, не по возрасту мудрая. Она всегда выделялась среди сокурсников своей уравновешенностью, целеустремлённостью, дальновидностью и практичностью. В ней совмещается, казалось бы, несовместимые понятия, как женственность и твёрдость характера, уступчивость и требовательность, творчество и рациональность.

Она – человек с большим потенциалом. Она — разносторонний человек. Её, мы знаем не только как филолога, журналиста, но и как начинающего режиссёра. Дебют её документального фильма «Обряды кыргызского народа», был высоко оценён на фестивале.  А также вышла под её редакцией несколько книг по святым местам Кыргызстана.

Несмотря, на свой современный взгляд на мир, она ценит традиции и обычаи  кыргызского народа, считает, что истоком духовного развития человека должно стать заветы наших предков: нет настоящего без прошлого, нет будущего без настоящего. Эта неразрывная связь поколений залог сохранности кыргызского народа.

Гульнара Мукашевна – патриот своей Отчизны. Её работа – это служение народу.

Благодаря, таким людям, идёт прогресс в обществе.

Керез Абдыкова, досу, мугалим:

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ№32 КТУнун окуучулары, досу Керез менен

— Ар бир адамдын жүрөгүнүн түбүнө сактаган, баалаган, сыйлаган жакын адамы болот тура. Менин дагы ошондой жүрөгүмдүн түбүнө кондурган адамым, менин кыйбас досум Гүлнара Алыбаева. Сөзүмдүн башында эле, Гүлнараны эң кымбат, баа жеткис алтын адам деп атасам жаңылышпайм, себеби мен аны 53 жылдан бери таанып билип келем. Ал — сөздү орду менен таап сүйлөгөн акылдуу, турмуштагы чоң-кичине нерселерге байланышкан өзүнүн жеке көз карашы бар, сырга бекем, адамдын ички дүйнөсүнө, аң-сезимине карап мамиле жасаган түшүнүктүү, баамчыл, токтоо, калыс, жөнөкөй адам. Гүлнара адамгерчиликти урматтагандай эле, достукту туу туткан, ага башкача мамиле кылган баалаган инсан. Мага досумдун жан дүйнөсүнүн тазалыгы, чындыкты бетке балп этип айткандыгы, орунсуз жана ашык бир да сөз оозунан чыгарбашы, оор басырыктуу сырткы келбети, тунук акылы, кесибин сүйгөндүгү жагат. Гүлнара мыкты апа, мээримдүү таене, баласаак, сүйкүмдүү, боорукер, камкор эне. Анын атасы, ыраматылык Мукаш аке, чынчыл, калыс, адилетүү, мекенчил, иштерман адам эле. Апасы, ыраматылык Ажар эже, колунан көөрү төгүлгөн, аракетчил, чечен, кыргыз макал-ылакаптарды жакшы билген жана аларды кебине кошуп сүйлөгөн, кичи пейил, тубаса жөндөмдүү, аксөөк, көсөм аял заты болгон. Ушундай адамдардан таалим-тарбия алган, мыкты үй-бүлөдө чоңоюп өскөн. Гүлнара мыкты адабиятчы, мыкты журналист, мыкты инсан, биздин суктанууга жана урмат-сыйга татыктуу адам!

Дагы белгилей кетчү нерсе, Гүлнаранын бала кезинен бери бир кыялы бар эле, ал сот болуп иштөөнү кыялданчу, бирок, тилекке каршы, ал кыялы кандайдыр бир себептер менен ишке ашпай калган. Эгерде сот болсо абдан калыс, адилеттүү сот болмок. Бирок журналисттик кесипти да сонун алып жүрөт. Гүлнара кандай ишти кармаса да, ошол иштин майын чыгара иштегенине күбөбүз.

Хабиба Ахмеджанова, классташы:

— Алыбаева Гүлнара класста мыкты окуган, активист кыз эле. Сабакка кечиккенди жаман көрчү. Тайманбаган, чынчыл, бетке айткан мыкты кыз болчу. Сот болом дей берчү. Кийин тилеги аткарылбаса да, адилеттүү балдарды тарбиялады. Мыкты мугалим, мыкты журналист болуп чыгып келди. Биздин сыймыгыбыз!

Окуучуларынын атынан Алмаз Орозакунов:

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

АГАРТУУ ТАРМАГЫНЫН АКЫЙКАТ ЖАРЧЫСЫ

Окуучулары менен

— Гүлнара Мукашевна бизге орус тили жана адабият сабагынан мектепте окубаган М.Цветаева, А.Ахматова, С.Есенин, А.Блок ж.б. орус акындарынын, жазуучулардын чыгармалары менен тааныштырган мыкты мугалим катары билебиз. Эжей мектеп мугалимдеринен айырмаланып сабакты башкача метод менен өтчү. Чоң барабан жасатып «Поле чудес», топко бөлүп окутуп, сабакка кызыктырып, шыктандырчу. “Бешиктеги баланы бек болоорун ким билет?” — деп “араңарда өкмөт башчылары, депутаттар, министрлер отурат. Силер билсеңер мектептен бир тепкич өйдө турган окуу жайдан билим алып жатасыңар, жакшы окусаңар жогорку окуу жайга экзаменсиз өтөсүңөр, өмүр бою айылда тракторист, айдоочу болбой борбор шаарга барып, жолунарды тапкыла” дээр эле. Чынында эле мыкты окугандар ЖКнын депутаты, министр, жеке ишкерлер, укук коргоо органында, аскер кызматкерлери ж.б. кесипте иштеп келатабыз. Эжей куратор болгон тайпалардын окуучулары бир кылка таптаза, окууда, коомдук иштерде аябай активдүү болушчу. Дайыма биринчи орунду беришпей, Алма-Атыга чейин окуучуларын алып барганын көрүп, сүйүнгөнбүз. Тазалыкка аябай көңүл бурчу. Тарбиялоо ыкмасы да башкача болчу. Чачы узун окуучуну көрсө чөнтөгүнөн акча алып чыгып, ортого койчу. Түшүнгөндөр 5-10 тыйын кошуп, керектүү сумма чогулгандан кийин баарын тизип алып, чач тарачка алып барчу. Ошондон кийин уялып, өзүбүз эле таза болгонго аракет кылчубуз. Эжейдин сабактарынан бир дагы окуучу качпай окуду. Башка сабакка келбесек да Гүлнара Мукашевнаныкында баарыбыз чыкыйып отурчубуз. Эженин 60 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ден соолук, узак өмүр, окуучуларынын төрүндө сый-урматка бөлөнүп жүрө бериңиз.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер