БИЙ ӨНӨРҮНҮН БИРИНЧИ ПЕДАГОГУ

  • 04.06.2021
  • 0

Бишкектеги М.Куренкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык училищенин театрына кире бериште хореография бөлүмүнүн тунгуч жетекчиси, кыргыз балет өнөрүнө негиз салуучулардын бири Гүлбара Даниярованын жаркын элесине арналган мемориалдык такта орнотулду. 2019-жылдан бери ал театр Гүлбара Даниярованын ысымын алып жүрөт.

БИЙ ӨНӨРҮНҮН БИРИНЧИ ПЕДАГОГУ

Муундан муунга келаткан көөнөрбөс мурас

Адамды даңазалаган анын артында калган эмгеги деген анык сөз. Анын аныгына айрыкча бала окуткан мугалимдердин эмгегинен улам ынансак болот. Агартуучулардын атын алыска таанытып, ак эмгегин даңазалаган ошол өздөрү окуткан окуучулары. Мугалимдин муундан муунга алып келаткан көөнөрбөс мурасы, аздектеген табериги, ошол окуткан окуучуларынын жетишкен ийгилиги болот тура.

Гүлбара Бакировнаны жакындан билгендер ошондой көрөгөч, көсөм педагог эле дешет. Буга айкын далил, анын кыргыз балетинин чолпон жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин талантын таба билгени, тээ алыскы Кочкордун кетирейген кадимки айылдык баласынан кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан зор талантты тарбиялап чыгаргандыгын али күнчө айтып келишет. Ал кезде кыргыздарда, айрыкча, эркек балдар арасында бий өнөрүнө кызыккандар сейрек эле. Ата-энесинен алыс чыгып көрбөгөн он жаштагы тестиер бала кыйналып, окуудан чыга турган болгондо да, болбой көшөрүп, көтөрмөлөп, колдоп, бийик искусствонун даңгыр жолуна салып, бий падышасына айланткан анын биринчиден, табигый таланты болсо, экинчиден Гүлбара Бакировнага окшогон устаттар болгон десек, аша чапкандык эмес.

БИЙ ӨНӨРҮНҮН БИРИНЧИ ПЕДАГОГУ

Учурда кыргыз балетинин чолпон жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин ысымын алып жүргөн окуу жайы узак тарыхый жолду басып өттү. Адегенде студия, андан соң М.Куренкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы бөлүм болуп жүрүп, өз алдынча окуу жай статусуна 1980-жылы гана ээ болгон.

Ошол эң биринчи күндөн баштап, кыргыз балетинин пайдубалын кынаптап бирден түптөгөн адам Гүлбара Даниярова болгонун анын шакирттери зор сыймыктануу менен эскеришти.

Дүйнөнү сактап турган маданият

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова өз сөзүндө бул улуу инсандын ысымы чоң мекемеге ыйгарууга татыктуу экендигин баса белгиледи.

БИЙ ӨНӨРҮНҮН БИРИНЧИ ПЕДАГОГУ

– Дүйнөнү сулуулук сактап калат дешет, чындыгында аны жан дүйнөнүн сулуулугу сактайт, аны маданият сактайт, маданият гана коомчулуктун эстетикалык табитин тарбиялайт. Бул окуу жайды биз ошондой табият тартуулаган таланттары бар жаштарды тарбиялап өстүргөн ыйык жай деп билебиз. Өнөр аздектеген сиздердей адамдар бар кезде, бийик искусствону аздектегендердин катары үзүлбөйт, коомду удургуткан терс көрүнүштөр азаят. Гүлбара Бакировнаны кыргыз маданиятынын сыймыктуу да, жооптуу да жүгүн аркалаган, кыргыз балет искусствосун түптөгөн адам катары унутпай, эскерип жүрүү – баарыбыздын ыйык парзыбыз. Андыктан мемориалдык тактасын орнотуу демилгесин көтөрүп чыккан окуу жайдын жалпы жамаатына, аны ишке ашырууга жакындан жардам берген туугандарына ыраазычылык билдиребиз, — деди.

Ал улуу педагогдун эмгегин татыктуу баалап, юбилейлик жылында маданий мекемелердин бирине Гүлбара Даниярованын ысымын ыйгарып, анын атындагы сыйлыкты уюштуруу боюнча пландарды түзүп жатышканын кошумчалады.

БИЙ ӨНӨРҮНҮН БИРИНЧИ ПЕДАГОГУ

Г.Даниярова менен бирге иштеген, кыргыздын дагы бир сыймыктуу бийчи кызы, КР Эл артисти Рейна Чокоева да кесиптеши жөнүндө жылуу эскерди.

– Гүлбара Бакировна Ленинграддагы азыркы Агриппина Ваганова атындагы балет училищесинде билим алган, кыргыздын келечегинен көптү үмтөттүргөн жаштарынын бири болгон. Ал өз убагында окутуучулук жагын тандап алганы да бекеринен эмес деп эсептейм. Анткени окуу жайда иштеп баштаган алгачкы күндөн баштап, ардактуу эс алууга чыкканга чейин, Ленинграддагы мектептен үйрөнгөн билимин жаштарга жогорку деңгээлде үйрөтүп келди. Андан окуп үйрөнгөндөр кийинки муундун өкүлдөрүнө үйрөтүшүп, ошол көзгө көрүнбөгөн өнөрдүн сыйкырдуу байланыш күчү үзгүлтүксүз уланып келе жатканын көрүп кубанып турам, — дейт.

“100 балет либретто” менин турмушумда

Гүлбара Даниярова1923-жылы төрөлүп,1991-жылы көз жумган. Бий өнөрүнүн улуу устатынын тууганы Асел Даниярова элине эмгеги сиңген ушундай сыймыктуу уул-кыздарынын ысымы унутулбай айтылып турганда, ал адам эч качан өлбөйт деп эсептейт.

– Гүлбара эжекебизге арналган барельеф белгилүү скульптор Аскар Турумбековдун колунан жаралды. Бул биз үчүн өтө сыймыктуу. “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” демекчи, Гүлбара Даниярова азыр арабызда жок болсо да, анын артында калтырып кеткен эмгектери элинин эсинен чыкпайт деп ишенебиз. Ал жөнүндө кесиптештери өз кесибин туу туткан, өз ишине өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасаган адам болгондугун айтышат. Бул чындык. Аны үйдө жана жумушта деп бөлүп кароо мүмкүн эмес эле. Себеби үйдө да жумуштагыдай бийиктигин сактай билчү. Менин эсимде, ал бизге дайыма балет өнөрү жөнүндө китептерди алып келип, өзү окуп берчү, айрыкча “100 балет либреттосун” окуткандан тажачу эмес. Андыктан баарыбыз эл аралык хореграфиялык сынактар качан, кайсы жерде болоорун, ким жеңгендигин жакшы билчүбүз. Кийин менин турмушумда ал билимимдин пайдасы көп тийди, кайсы жерге барбайын, кандай адамдар менен баарлашпайын, бийик искусство жөнүндө жаңылыктарды талкуулаганга оңой аралашып кетчүмүн, — дейт сыймыктануу менен.

Бир нече муунду тарбиялап өстүргөн бий өнөрүнүн биринчи педагогун эскерүү кечеси музыкалык-хореографиялык училищени быйыл аяктап жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн чоң концерти менен коштолуп, устатка арналган кинотасма көрсөтүлдү.

Айнагүл Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер