12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: ЭМНЕ ҮЧҮН АЛТЫ ЖАШТАН?
- 11.01.2025
- 0
Билим берүүдөгү азыркы дүйнөлүк тенденцияны эске албай, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн тарыхый зарылдыгын түшүнгүсү келбегендер бизде дагы деле бар экен. Эмесе, алардын кыргыз кыртышында суу кечпеген аргументтерин карап көрсөк.
Тоо шарты балдардын билим алуусуна кедерги болобу?
Түшүнгүсү келбегендер чү дегенде эле өлкөбүздүн эң көп бөлүгүн тоолор түзөрүн бетке кармап, Кыргызстанда орто тоолор (1000 метрден 2500-3000 метрге чейин) жана бийик тоолор (3500 метрден жогору) аймактарында 789 конуш жайгашып, анда бир миллиондон ашык кыргызстандыктар, анын ичинде мектепте окуган балдар да бар дешет.
Чындыгында эле, орто жана бийик тоолуу аймактардын баланын билим алуусуна тийгизген таасири профессор Сырга Бөкөнбаеванын Бишкек, Нарын шаарларында, Ош облусунун Алай районунда жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы аркылуу мурда эле далилденген.
«Мектеп окуучуларынын физикалык өнүгүүсү жашаган жерине жараша, өзгөчө тышкы чөйрөнүн таасирине жараша айырмаланат. Эгерде мисалы, Бишкекте балдар жети жылда 7ден 14 жашка чейин 46 смге өссө, Алай районунда — 32 смге жетет. Ошого жараша салмагы да өзгөрүп турат, эгерде Бишкекте бул убакыттын ичинде 25 кг салмак кошсо, анда Алайда бул көрсөткүч 15 кг түзөт» делет ал изилдөөдө.
Мектепте окутууну 6 жаштан баштап жатып, бизге төмөнкү аргументтер менен эсептешүүгө туура келет:
«…Бийиктик баланын боюна гана эмес, бүт денесине, нерв системасына, эс тутумуна жана ой жүгүртүү процесстерине күчтүү таасир этет. Мектеп окуучулары орфографиялык каталарды сабатсыздыктан гана эмес, ой жүгүртүү жөндөмү өзгөрүп, жайлап кеткендиктен да кетиришет. Балдарда ошол шарттарда кыймылдап жатканда гипоксия күчөп, эйфория абалында болушат. Башкача айтканда, кычкылтектин жетишсиздигинен алар коркунучту сезишпейт жана мугалимдердин сөзүнө адекваттуу мамиле кыла алышпайт. Гипоксиядан улам мектеп окуучулары физикалык жактан бат чарчашат, сабакта чаалыгып, жада калса бат-бат дем алуусу да мүмкүн. Ал эми аба ырайынын тез-тез өзгөрүшү алардын психоэмоционалдык абалына таасир этет. Алардын сезүү органдары да бийиктикке катуу жооп беришет. Тоолордо абанын тазалыгынан объекттерге чейинки аралыкты аныктоо өтө кыйын. Ошол эле нерсе угуу менен да болот. Түздүктө үндүн кайдан чыгып жатканын так аныктоого болот, анткени тоодогу жаңырыктан улам муну жасоо оңой эмес. Ал эми кычкылтектин жетишсиздигинен узун сөз айкаштары менен көпкө сүйлөө кыйын. Маселен, ыр окуганда балага аба жетпей калгандыктан сөздү үзүүгө аргасыз болот».
…»Басым жана кургак аба өз таасирин тийгизет. Тегиздикте абанын салыштырмалуу нымдуулугу 60-70 пайыз болсо, анда 10-15. Ошондуктан, бийик тоолуу адамдар көбүнчө жогорку дем алуу жолдорунун катарралары, ар кандай дерматит жана дерматоздор, башкача айтканда, тери жана былжыр челдин өзгөрүшүнө дуушар болушат».
…»Мындан тышкары, бийик тоолуу шарттарда абдан жогорку радиация, күчтүү инфракызыл жана ультра кызгылт көк нурлануу бар. Кара көз айнексиз иштей албайсыз, антпесе көзүңүз күйүп калышы мүмкүн. Ошондуктан балдар аларды кийиш керек. Ал жердеги нөлгө жакын болгон төмөнкү температура да таасирин тийгизет».
«…Же сууну алып көрөлү. Тоолордогу эриген кар суусунда электролиттер жок, ал дистилденген, аны эч качан иче албайсың. Бала аны көзөмөлсүз түрдө колдонсо, анда өпкө жана мээ шишиги пайда болушу мүмкүн. Суу туздуу болушу керек».
…»Мен азыр жалпысынан балдар жөнүндө айтып жатам, бирок алты жаштагы мектеп окуучулары менен мындан да көп көйгөйлөр жаралат. Мисалы, аларды мектепке кантип жөнөтүү керек? Кээ бирлерин жалгыз жөнөтө албайсың. Бала адашып же башы айланып калышы мүмкүн, анткени бул куракта вестибулярдык аппарат өнүгө элек, бул өз кезегинде жаракатка алып келиши мүмкүн».
Кожомкулду кайда катабыз?
Албетте, Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, тоо шартында билим алган балдардын физиологиялык, психологиялык, дене жактан өсүп-өнүүгүү өзгөчөлүктөрүн билип алуу педагогдор, жалпы эле ата-энелер үчүн эч бир ашыктык кылбайт. Бирок мындай медициналык иликтөөлөргө таянып, дүйнөлүк тенденциядан артта калуу биз үчүн бери дегенде акылсыздык болмок. Ошон үчүн «Чегирткеден корккон буудай экпейт, карышкырдан корккон токойго кирбейт» дегендей, бул инновациялык кадам бизден кайсыл бир тобокелчиликтерге барууну талап кылат деген ойдобуз.
Бир жагы жогорудагы илимий аргументтерге жамынган оппоненттерибиз мындай ойлордун баары кыргыз кыртышында жашап кетерине кепилдик бере алышпайт. «Бийик тоолуу жерде өскөн балдар дене бою, акыл-эси жагынан түз жерде жетилгендерден артта калышат» дегени, кыргыз тарыхында 2000 метрден жогорку бийиктикте, Суусамыр жайлоосунда төрөлүп өскөн айтылуу Кожомкул балбандын мисалында заматта жокко чыгат. Кожомкул жалаң эле күчү менен белгилүү болбостон, акыл-эси, лидерлик сапаттары аркылуу да элдин эсинде калган. Ал көп жыл айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеп, элдин жаңы турмушка өтүүсүндө, балдарга билим берүү үчүн мектептерди уюштурууда, балдар менен иштөөгө шыктуу адамдарды мектеп ишине тартып, билим берүүгө да зор салым кошкон.
Мындай мисалдар кыргыз тарыхында ондоп саналат. 2000 метрден жогору турган аймактардагы айыл-кыштактардан эчендеген эл артисттери, академиктер, сүрөтчү, обончулар, комузчу, акындар чыкты. Анткени, адамдын келечегин аныктоодо бир гана шаарда же айылда жашаганы, айылдык чакан мектепте же шаардагы гимназия, лицейде билим алганы эмес, кандай шартта адам катары жетилгени да зор мааниге ээ экен. Мисалы, шаарда жегенге тамагың даяр, бир жерге барайын десең, автобус, машинаң даяр эмеспи. Айылда болсо, ушунун баарына эмгек, аракет менен жетесиң. Адам көп кыймылдайт. Таза абада көп болот. Бийик тоолуу райондордо жашагандар көбүнчө мал баккан үчүн жаш балдар да кичинекей кезинен ат минип, мал кайтарып, козу, улак эмизип, үй тиричилигине эсепсиз жардам беришет. Тоо шарты, жайлоо, шылдырап аккан тоо суусу, туптунук тоо булагы, бетеге чөптөрү, нечен түркүн тоо гүлдөрү, арча-карагайлуу токойлору балдардын эстетикалык табитин калыптандырса, боз үйдө уккан кылым карыткан жомоктор, уламыштар алардын жан дүйнөсүн байытып, кебин өнүктүрүп, тилин телчитип, дүйнө таанымын кеңейтип жатат. Шаарда жашоого байланышкан бардык ыңгайлуу шарттар болгону менен ушунун бири жок. Жогоруда учкай айтып өткөндөй, азыркы кыргыз маданиятын, акындык өнөрүн өнүктүрүп жаткандардын баары, тагыраак айтканда, эл көзүнө көрүнгөн ырчы, чоорчу, комузчу, сүрөтчү, манасчы, акын, жазуучулардын дээрлик баары айылдан чыккан. Бул факторду да кайда катабыз?
— Мындай иликтөөлөрдү укканда, албетте, күлкүң келет. Катаал климаттык шарттар билим алууга тоскоол болсо, баланын өсүп-өнүгүүсүн кечеңдетсе, анда союз кезинде эмнеге Сибир же Ыраакы Чыгышта окууну он жаштан баштаган жок? СССРде биз билгенден билим берүү иши бүтүндөй окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнө таянып жүргүзүлгөн. Бул тармакты тейлеген Педагогика илимдер академиясы жана анын ондогон илим-изилдөө институттары бар болчу. Ошондо иштеген окумуштуулардын сунушу менен союзда бардык мектептерде окуу жети жаштан башталчу. Азыр мезгил башка. Баары укмуштуудай тездик менен өзгөргөн санариптик доордо жашап жатабыз. Интернетти, телефон, гаджеттерди колдонууда жаш балдар чоңдордон да алдыга озуп кетти. Ушундай шартта мектепте окууну эмне үчүн алты жаштан баштоого болбосун?– дейт өмүр бою башталгыч мектептин математика мугалимдерине окуу программаларын түзүп келген Кыргыз билим берүү академиясынын күжүрмөн кызматкери Чынар Аттокурова.
Алты жаштан кантип окутабыз?
Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атайын токтому менен (2024-жыл, 30-октябрь, №654) «Кыргыз Республикасынын он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясы» бекитилген. Бул концепцияда «Кыргызстан үчүн кыйла актуалдуу катары он эки жылдык мектептин (6+3+3) моделин кароо сунушталууда, анда кошумча жыл окутуунун башталгыч деңгээлине киргизилет жана мектептик билим берүүгө балдар алты жаштан баштап тартылат» деп айтылат. Концепция балдарды 6 жаштан окутууга тартуу мектепке чейинки курактагы балдардын 75%га жакынын камтыган «Наристе» мектепке даярдоо программасын трансформациялоонун эсебинен жүзөгө ашырыларын белгилейт.
Айта кетсек, бул моделде башталгыч мектеп 4+2 деп эки этапка бөлүнөт. 1-2-класстарда окутуу негизинен окутуу-оюн иш-аракеттери аркылуу жүргүзүлөт. Бул класстарда баа коюлбайт. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоону педагог окутуунун оптималдуу методикасын колдонуу аркылуу ишке ашырат.
Ошентип, реформанын ийгиликтүү болушу көп жагынан мектеп администрациясы менен алты жаштагы биринчи класстарга сабак берүүчү педагогдорго көз каранды.
— Көпчүлүк мектептерде биринчи класстар окуучу класстык кааналарга күн нурларынан калкалоочу ашыкча өлчөмдөгү жалюзилерди илип алышкан. Күндүзү да электр жарыгын жандырып алып сабак өтүшөт. Бөлмө убак-убагы менен желдетилбейт. Таза аба кирүүчү чакан терезелер каралган эмес. Азыркы желим терезе-эшиктер балдардын ден соолугуна зыян экенин эске алып, муну тез арада чечүү зарыл. Күн нурлары, таза аба ар бир класска, айрыкча алты жаштан окуган биринчи класстагыларга жеткиликтүү болушу керек. Ар бир класста ичүүчү таза сунун болушу абзел. Мугалимдердин кесиптик даярдыгы, оюн аркылуу окутуу усулдары, баа койбой окутуу — бул башка кеп. Аларды да унутууга болбойт, — деп айтат Кыргыз билим берүү академиясынын адиси Чынар Аттокурова учур маселесине кайрылып.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер