12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР ЖАНА НАРКТУУЛУК САКТАЛАТ
- 19.08.2025
- 0
Кыргызстанда билим берүү системасы акыркы он жылда бир топ реформаларга учурап, дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келтирүү максатында 12 жылдык окуу моделине өтүү алдында турат. Бул өзгөрүү билим берүүнүн мазмунун жаңыртууну, окуучуларды заманбап коомдун талабына ылайык даярдоону көздөйт. Ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды жана нарктуулукту (моралдык-адептик принциптерди) сактап, өнүктүрүү – негизги багыттардын бири болуп саналат. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Социалдык-гуманитардык билим берүү кафедрасынын башчысы Айтикан Кыдыралиева август кеңешмесинин секциялык ишинде ушул темада докладын окуп, катышуучулар менен талкуулады.

Улуттук баалуулуктардын мааниси
Улуттук баалуулуктар – бул элдин тарыхы, маданияты, тили, салт-санаасы жана руханий мурастары. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
Тил жана адабият – кыргыз тилин, оозеки чыгармачылыкты, улуттук адабиятты үйрөтүү.
Салт-санаа жана үрп-адаттар – ата-энеге урмат, чоңдорду сыйлоо, меймандостук.
Тарыхый мурастар – кыргыз элинин тарыхы, “Манас” эпосу, баатырлар жана улуу инсандар.
Маданий искусство – улуттук музыка, кол өнөрчүлүк, кийим-кече маданияты.
Нарктуулук маселелери
Нарктуулук – бул адамдын инсандык, моралдык жана адептик сапаттары. 12 жылдык билим берүүдө бул маселелерди камтуу:
Адамгерчилик жана боорукерлик – классташтарга, коомго кам көрүү.
Эмгекчилдик жана жоопкерчилик – окууга, ишке мамилени туура калыптандыруу.
Патриотизм – өлкөнү сүйүү, улуттук кызыкчылыкты коргоо.
Көп маданияттуулукка ачык болуу – башка элдердин маданиятын сыйлоо менен өз наркын жоготпоо.
12 жылдык системанын мүмкүнчүлүктөрү
Улуттук компоненттерди предметтерге интеграциялоо (тарых, адабият, музыка сабактарында).
Тарбиялык иштерде улуттук каада-салттарга басым жасоо.
Өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү тажрыйбалар менен айкалыштыруу.
Окуучуларды өздүк долбоорлор аркылуу маданий мурастарды изилдөөгө тартуу.
Кыйынчылыктар жана коркунучтар
Батыш моделдерин ашыкча көчүрүп алуу улуттук мазмунду азайтышы мүмкүн.
Информациялык технологиялардын таасири менен чет элдик маданий үлгүлөрдүн басымы.
Аймактарда материалдык-техникалык базанын жетишсиздиги.
Мугалимдердин жаңы программаларга даярдыгынын деңгээли ар түрдүү.
Чечүү жолдору
1) Улуттук баалуулуктар боюнча атайын окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу.
Ар бир предметтин программасына кыргыз элинин тарыхына, маданиятына, каада-салттарына байланышкан кошумча материалдар киргизилиши керек.
Мисалы, математика сабагында кыргыздын санак системасы же кыргыз этнографиясындагы өлчөм бирдиктери, адабият сабагында “Манас”, Жусуп Баласагын, Алыкул Осмонов сыяктуу чыгармаларды тереңирээк талдоо.
Мектептерге бирдиктүү методикалык колдонмолор, иш-тапшырмалар жыйнагы, сабактан тышкаркы иш-чараларга сценарийлер даярдалып берилсе, мугалимдерге жеңил болот.
2) Мугалимдерди атайын тренингдер жана курстар менен даярдоо.
Ар бир мугалим улуттук баалуулуктарды өз сабагына интеграциялоону билүүгө тийиш.
Тренингдерде педагогдорго практикалык усулдар үйрөтүлөт: улуттук оюндарды тарбиялык максатта колдонуу; элдик жомокторду жана макал-лакаптарды окуу процессине киргизүү; тарбиялык сааттарды улуттук салттардын негизинде өткөрүү.
Университеттерде педагогдор үчүн кошумча квалификацияны жогорулатуу курстары уюштурулуп турса, бул 12 жылдык системага даярдыкты күчөтөт.
3) Ар бир мектепте “Улуттук маданият жана тарбия” багытындагы иш-чараларды туруктуу өткөрүү.
Жылдык планга киргизилип, ар ай сайын же чейрек сайын улуттук багыттагы тарбиялык иштер уюштурулушу керек. Мисалы, “Манас күндөрү”, “Элдик оюндар жумалыгы”, “Кыргыз тили жана адабияты айлыгы”.
Окуучуларды улуттук кийим күнүнө тартуу, улуттук тамактарды даярдоо сынагы.
Айылдагы аксакалдар менен жолугушуу, алардын тажрыйбасын угуу.
Мындай иш-чаралар окуучулардын патриоттук сезимин, өз маданиятына сый-урматын күчөтөт.
4) Окуу китептеринде кыргыз тарыхы, адабияты жана салттары тууралуу сапаттуу материалдардын болушун камсыз кылуу.
Азыркы окуу китептеринин көбүндө материалдар кээде үстүртөн берилген же жетишсиз.
Жаңы китептерди жазууда улуттук темаларды кеңейтүү, мисалдарды көбүрөөк кошуу маанилүү:
- тарых сабагында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн ар бир этабын так, терең чагылдыруу;
- адабият сабагында кыргыз поэзиясынын алтын мурастарын көбүрөөк талдоо;
- география сабагында Кыргызстандагы табият өзгөчөлүктөрүн, экологиялык маселелерди чагылдыруу.
Китептер заманбап стилде, сүрөттөр жана интерактивдүү тапшырмалар менен камсыз болушу зарыл.
Сөз соңу
12 жылдык билим берүү системасы улуттук баалуулуктарды жана нарктуулукту сактоого жана өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн билим берүү мазмуну заман талабына жооп берип гана тим болбостон, өз элибиздин маданий жана руханий мурастарына терең таянуусу зарыл. Эгерде жаш муун улуттук наркын билип, дүйнөлүк деңгээлде билимдүү болсо – өлкөнүн келечеги бекем болот.
Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер