12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЛГАЧКЫ «АЛИППЕСИ»
- 18.05.2026
- 0

Жаңы “Алиппе” тууралуу профессор, окуу китептин автору С.Рысбаевди маекке тарттык.
-Жаңы «Алиппенин» мурунку варианттардан же башка авторлордун китептеринен башкы өзгөчөлүгү эмнеде болду? 12 жылдык билим берүүнүн багытында “Алиппеде” кандай өзгөрүүлөр, жаңылануулар бар?
-Кыргызстандын 12 жылдык билим берүүгө өтүүсү- бул, Республиканын билим берүү системасындагы чоӊ жаӊылык гана эмес, ошону менен катар, эбегейсиз чоӊ сыноо жана улут алдындагы жоопкерчилик. Анткени, бүгүнкү күндө саясатчылар, социолордор, ата-энелер, деги эле жалпы кыргыз коомчулугу гана эмес, коӊшулаш Республикалар дагы сын көз менен карап турушат. Кыргызстан эмне кылар экен, жолу шыдыр болуп, арабаны тартып кетер бекен, 12 жылдыктын философиясын жүзөгө ашыра алышар бекен, профилдик билим берүүнү жүзөгө ашыруу менен, келечек муундарынын турмушка болгон даярдыгын камсыз кыла алар бекен?-деп көз кыйыгын салып турушат. Андыктан, биз мына ушундай шарттарга даяр болушубуз керек.

Бул багыттагы эӊ негизги жумуш, албетте, кыргыз баласынын сабат ачар “Алиппесин” жазып чыгаруу болушу керек болчу. Буюрса, ал ишке ашып, биз күткөн жаӊы “Алиппе” комплекси жарыкка чыкты. Анын тутумунда: “Алиппеге даярдык” аттуу биринчи бөлүк бар. Анда ар түркүн тематикалардагы сюжеттүү сүрөттөр боюнча сүйлөтүү, нерселердин сүрөттөрүн боео жана жазууга даярдык көрүүчү кол көндүрүү куралы жана “”Алиппенин” өзүн коштогон “Жазуу дептери” бар. Ушул жерде, адегенде эле эске алар бир жакшы нерсе: балдарды эне тилинде сылык сүйлөөгө жана сүйлөө маданиятына үйрөтүү максатындагы ыкмаларды, ошондой темаларды бердик. Мисалы, мында алгачкы сабактардан баштап, “Кутман таӊ”, “Кутман күн”, “Кутман кеч” жана “Бейпил түн” деген адептүү кайрылууга, сүйлөөгө үйрөтүү, үйдө ата-энелери жана бир туугандары менен мамилелешүү маданиятына көнүктүрүү аракеттери эске алынган. Албетте, бул жерде улуттук таалим-тарбия идеялары китепте ачкыч катары колдонулган- десек да болот.

Экинчи дагы бир эске ала турган нерсе: “Алиппе” китебинин ички методикалык аппараты өзүмдүн эле автордугумдагы буга чейинки “Алиппеден” таптакыр айырмаланды. Педагогика –психология илиминде В.Выготскийдин, А.Галперндин “Өнүгүүнүн жакынкы зонасы” же “Баланын акыл ишмердигин этап менен өнүктүрүү” деген фундаменталдуу теориялары бар. Бул идеялар окуу материалын балдардын өздөштүрүүсүн бир деӊгээлден экинчи деӊгээлге көтөрүү, жакынкы өнүгүүнү аныктап, эми андан улам кийинки “аймакка”, “бийик тепкичке” көтөрүлүүгө жол көрсөтүп, ырааттуу өнүктүрүү сыяктуу ыкмалар бар. Мени дал ушул теориялар кызыктырды жана “Алиппеде” балдардын сабаттуулугу менен ой жүгүртүү ишмердиги дал ушул ыкмаларга салынды. Ошонун натыйжасында, адегенде, тамга окуу жана таануудан башталган иш-аракет муун окуу менен уланып, андан ары сөз окуу, сүйлөм окуу, андан ары текст окуу деген ишмердиктин этаптары же деӊгээлдери түрүндө окуу материалдары берилди. Булар менен, окуу материалын берүү мурдагы “Алиппелерден” түп-тамырынан тарта айырмаланат десек болот.
-Эмне үчүн ушул жаңы “Алиппени” жазуу зарыл болду?
-Анын себеби мында: мурдагы “Алиппе” жети жашар балдардын деӊгээлине жараша жазылган болчу. Бул ирет бала бакча курагындагы алты жашар балага, анын өздөштүрүү деӊгээлине, түшүнүп кабыл алуусуна жараша окуу-таануу мүмкүнчүлүгү эске алынып, ошого ылайык социалдык –маданий тематикадагы окуу материалдары камтылды. Эӊ жөнөкөйдөн баштап, баланын жашаган, окуган чөйрөсүн таанытуу, окуу тематикаларын тандоодогу функционалдуулук, социалдашуу, оюн, эӊ жөнөкөй сөздөр менен сөз корун байытуу ж.б. талаптар негиз болду.
-Бүгүнкү мезгилдин балдары мурдагыдан башкача болуп калды да. Ошого ылайык жаӊы «Алиппедеги” мазмун жана тил өзгөчөлүгү тууралуу айтсаӊыз?
-Албетте, бүгүнкү балдардын тили телефон менен бирге чыгып, күндөлүк турмушта эне тилинде жандуу баарлашуу кыйындап баратат. Ата-энелер дагы буга көӊүл салышпай, көӊүл салышса да, андан балдарын куткара албай баратат. Социалдык-психологиялык изилдөөлөргө таянсак, азыр балдар көлөмдүү тексттерди, тексттерди гана эмес, деги эле узагыраак көлөмдөгү жомокту окушпайт, чоң мультфильмди да көргүсү келбейт деп, азыр “шортстиль” моделин колдонуу керек –деген идеялар сунуш кылынууда. Мунун өзү кеп байлыгы аз, сөз кору жарды балдарды ого берер жардыланууга жетелейт. Ошондуктан, бул маселеге сын көз менен карап, “Алиппеде” балдардын өздөштүрүүсүн максаттуу уюштуруу, мазмундун оптималдуу болуусун камсыз кылуу, окуу узактыгы жана окуу көлөмү деген илимий-методикалык маселелер эске алынды.
Дагы бир маселе-балдардын эне тилиндеги сөз байлыгын кеӊейтүү үчүн күндөлүк келди-кетти сөздөр менен эмес, сабакта тамга, сөз жана сүйлөмдөрдү окуп-үйрөнүүдө кыргыздын улуттук материалдык жана руханий маданиятын таануу, нарктуу жөрөлгөлөрдү үйрөнүү, андай түшүнүктөрдү атап айтуу менен эсине сактоо аракеттери көӊүлгө алынган. Мисалы, кыргыздын боз үйү, түндүк, ак калпагы, энелердин элечеги, көөкөр, үч кыл комузу, бешик, ээр, энелердин ийиги, ата-бабалардан калган жаргылчак, тогуз коргоол оюну, шырдак, нооруз, манасчы, кыргыз табияты, кыргыз Ала-Тоосу, ж.б.сыяктуу улуттук баалуулуктары менен таанытуу аркылуу сөз корун байытуу негизги көӊүл борборунда болду. Ошону менен бирге, балдарга бүгүнкү реалдуу дүйнөнү, санарип түшүнүктөрүн камтуу, интернет, смартфон, ж.б. сүрөттөр да берилип, бала жашаган реалдуу дүйнөнү чагылдыруу да унутта калган эмес.

-Албетте, “Алиппе” китеби алфавитти гана таанытпайт эмеспи? Ошондуктан, анын ички логикасы кандай болду?
-Туура. Тамгаларды берүүдө салттуу ыкмага салынып, сөз өстүрүү принцибине таянылган. Андан бала экинчи эле сабактан тартып, муун окуп, андан сөз курап окуп, жаӊы сөздөрдү үйрөнүп, анын мазмунун билип, кебин өсүрүүгө, байланыштуу сүйлөөгө үйрөтүү өбөлгө түзүлгөн.
“Алиппе” бөлүгүндө окуу материалдар мындай логиканы камтыйт: албетте, адегенде, жаңы тамганы тааныйт, анын ал тамга катышкан муунду окуп тилин жатыктырат, анан ал жаңы үйрөнгөн тамганы актуалдаштыруу менен, аларды катыштырып сөз куроого машыгышат. Мындайда схемалар да ыңгайлуу колдонулган, балдар схемалар менен сөз курап, жаңы сөз таап, өз алдынча иштөөгө да машыгышат. Андан ары сүрөт менен иштөө, андан соң, чакан текстти окуп, сүйлөп беришет.
Китептин экинчи бөлүгү “Бала тили” аттуу тексттер топтомун камтыган чакан хрестоматия болуп саналат. Анда “Көнүлдүү ырлар” бөлүмүндө улуттук балдар акындарынын балдар үчүн жазган эӊ жөнөкөй ырлары камтылган. Андан кийин оюн-табышмак ырлары менен таанышышат. “Кыты-кыты, күлүп кой” бөлүмүндө чакан юморлор берилсе, андан кийин элдик жомокторго жана чакан кызыктуу аӊгемелерге орун берилген. Мунун баары балдардын сөзүн өстүрүү, руханий түшүнүктөрүн байытуу максатын көздөйт.
Булардагы бардык материалдар сүрөттөр менен коштолгон. Албетте, ал сүрөттөрдүн баары- жасалма интеллекттин жардамы менен тартылды. Ошентсе да, сүрөттөр кызыктуу. жандуу, балдарга тексттин мазмунун элесттүү түшүнүүсүнө жардам берери талашсыз.
-“Алиппени” үйдө балдардын өз алдынча окуп билимин улантуусу же ата-энелер балдары менен иштөөсү боюнча кандай шарттар эске алынган?
-Туура, бул маселе бүгүн өтө актуалдуу: деги эле, балдардын ата-энелеринин педагогикалык билими, түшүнүгү, айрым көндүмдөрү болуусу шарт. Ошондо ата-энелер үйдө, мугалим жокто, баласы менен бирге окуусун уюштуруусуна, баласынын эртеңки сабакка даярдануусуна жардам бере алуусуна китеп эӊ ыӊгайлуу. Ата-энелер билбей турган, түшүнбөй же баласына түшүндүрө албай турган эч кандай эч нерсе жок. Иштөөгө жеӊил жана түшүнүктүү.
-Китеп чыкканча мектепте сыноодон өттүбү? Чыкканга чейин кандай талкуулар болду, кандай пикирлер эске алынды?
-Китеп чыкканча торко электен да өттү, майда электен да өттү. Дээрлик алты айдын ичинде Агартуу министрлиги тарабынан, анын алдындагы Окуу китеп бөлүмү тарабынан атайын түзүлгөн эксперттер тобу жыйырмага жакын пикирлерин жазып беришти, сунуштар, талкуулар болду. Андан соң, электрондук варианты практикага сунушталып, мугалимдер колдонуп практикалашты. Андан соң, 93 000 нуска менен жарык көрдү.
-Дагы бир суроо, «Алиппени» окуп бүткөн соң, балдар кандай көндүмдөргө ээ болушат?
-Ал-мындай: Окуучулар бул китепти окугандан кийин, тыбыштарды туура угуп түшүнүп, илимий тил менен айтканда, фонематикалык көндүмгө ээ болушат, андан соң, аларды кайра туура айтып, артикуляциялык машыгууларга жетишет, анан аларды туура жазып, каллиграфиясы, жазуу көндүмдөрү калыптанат. Ошондо да, жалпы ала турган көндүмдөр жүз пайыз десек, анын жетимиш-сексен пайызы үйрөнүү, машыгуу, жатыгуу (репродуктивдүү) деңгээдинде болсо, калганы үйрөнгөнүн түшүнүү жана колдонуу деңгээлинде болуу менен, сынчыл көз карашын калыптандырат. Окуучулар мугалимдин айтканын эле кайталап оозун ачып отура бербей, логикасы да өсөт.
— Сиз үчүн «идеалдуу Алиппе» кандай болушу керек? Бул китепте ошол максатыңызга канчалык жеттиңиз?
-Эч качан идеалдуу ишти жасоого болбогон сыяктуу, мен отуз жылдан бери «Алиппе» китебин жазып келген автор катары атайын дегеним, бул — идеалдуу «Алиппени» жазуу да мүмкүн эмес. Аны мага чейинки авторлордун китептеринен да байкасак болот. Кээ бир авторлордун «Алиппелери» эки жыл, ашып кетсе беш жыл окулгандары болгон. Кийинки 70-80-90-жылдарда гана айрымдары 20-30 жыл окулгандары болду. Мисалы: Б.Рысбекова менен К.Сартпаевдин «Алиппелери». Кандай болгон күндө да, «Алиппе» тибиндеги китептин өз жанры, мүнөзү, талаптары, критерийлери болот. Ошого жакын татыктуу мазмун жана түзүлүшү менен бул китеп бааланышы керек. Андай бааны окуган окуучу, окуткан мугалим, алардын ата-энелери, жана жалпы эле педагогдор коомчулугу айтсын.
Аңгемелешкен Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер