ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 08.10.2020
  • 0

6-7-октябрда Ош технологиялык университети магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 25 багыты боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан көз карандысыз аккредитациядан өттү.

Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүштү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышты. Жыйынтыгында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) кеңешинин чечими менен магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 25 багыты боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер