ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ЖОЖДОРДОГУ  БЮДЖЕТТИК ОРУНДАР ҮЧҮН АТ САЛЫШТЫ

  • 16.09.2020
  • 0

15-сентябрда Кыргызстандын аймагындагы этникалык кыргыздар үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларында бөлүнгөн бюджеттик орундарга сынак өттү.

ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ЖОЖДОРДОГУ  БЮДЖЕТТИК ОРУНДАР ҮЧҮН АТ САЛЫШТЫ ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР ЖОЖДОРДОГУ  БЮДЖЕТТИК ОРУНДАР ҮЧҮН АТ САЛЫШТЫ

Тестирлөөгө 19 талапкер катышып, анын жыйынтыгы менен рейтингде жогорку балл алган 15 талапкер окууга сунушталды. Калган төртөө резервде.

Сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында социалдык аралыкты жана тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо менен уюштурулду.

Эми 18-сентябрда Тажикстандагы, 23-сентябрда Өзбекстандагы этникалык кыргыздар үчүн тестирлөө өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер