ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫ

  • 20.05.2020
  • 0

Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Сагынтай атындагы мектептин жетекчилиги менен мугалимдери улуттук санарип көчтөн четте калбай, жаңы технологияларды колдонуп, аралыктан окутканды бат эле үйрөнүп алышты.

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫ

Бул айыл райондун эн алыскы бурчунда, район борборунан дээрлик 100 км алыс турат. Бийик тоолордун арасында, деңиз деңгээлинен 2220 метр бийиктикте жайгашкан. Климаты катаал, кыш дээрлик алты айга созулат. Бирок ошондой татаал шартка жергиликтүү эл көнүп калган. Анын ичинде Сагынтай атындагы мектепте 22 мугалим кыйынчылыктарга моюн бербей, 131 баланы окутуп тарбиялап жатат. Төртүнчү чейрек башка мектептердей эле бул жерде дагы жаңы форматта башталды. Аралыктан окутууга даярдык ар кандай экенине карабай, мугалимдер жаңы системанын тилин бат эле табышты.

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫ

“Биздин мектеп дагы 8-апрелден баштап  аралыктан окутууну  жүргүзүп жатабыз. Мугалимдер ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окуучуларга  тийиштүү шарттар түзүлүп, жеткиликтүү  деңгээлде сабак жүргүзүлүүдө. Мектеп мугалимдери аралыктан окутуу сабактарына жоопкерчилик менен катышып,  Viva video, XRecorder,  PoverPoint, Inshot,  Filmigo, Scoompa Video, KineMaster программаларын пайдаланып, мультимедиялык форматтагы сабактарды даярдашууда. Аны окуучуларга Whatsapp,   Telegram, Zoom, Skype жана башка кол жеткен мессенжерлер аркылуу жеткиргенди үйрөнүп калышты”,-дейт мектептин директору Динара Тыналиева.

 

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫ

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫУчурда 72 видеосабак даярдалып,  мектептин  өзүнүн YouTube каналына жүктөлдү. Директор мыкты видео-роликтери боюнча айырмаланган мугалимдер катары Н. Токтоева менен Ж.Кудаярованы атады.  Ошондой эле бул иште өзгөчө активдүү болгон ага-эжейлердин алдыңкы катарында математика мугалими Б.Өмүрбекова, башталгыч класс мугалимдери Р.Кененбаева, К.Мамбетова, Р.Исмаилова, А.Алышбаева, Ж.Калдарбаева бар.

Ар бир класс өзүнчө WhatsApp топ ачып алган, анда тизмеге кирген окуучулардын сабактарга катышуусун, тапшырмаларды кандай аткарып жатканын предметтик мугалимдер менен класс жетекчилер көзөмөлдөп жатат. Ошондой активдүү класс жетекчилердин биринчи сабында П. Тукбашева, К. Барыктабасова, А.Керимова бар.

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫ

 

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫ

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫ

“Окуучулар менен белгилүү бир убакытта кайтарым байланыш жүргүзүлүп, өтүлгөн сабактар бышыкталууда. Айрым окуучуларыбыз сабакка болгон активдүүлүгүн  көргөзүп, телефон аркылуу ар кандай программалар менен  видео-монтаж жасап жатышат. Ал окуучуларды атасак, 8-класстан А. Кантемирова, Таалайбек кызы Арслана, Уланбек кызы Диана, Ч. Аттокуров, 7-класстан С. Тилекова, Б.Жумабаев, А.Нурланова, 4-класстан Б.Эрлисбекова, С.Зарылбекова, Тилекова Асема жана Зарема, 11-класстан Ынтымак кызы Мырзагүл, Бактыбек кызы А.,10-класстан Казыбек к.Б.”,-деди Динара.

Мугалимдер өздөрү да сайт ачып, тест түзүшүп, сабактарында колдонууда. Россиянын  олимпиада борборунун “Время знаний” онлайн олимпиадасына 57 окуучу катышып, алдыңкы орундарды ээлеп,  диплом, сертификаттар менен сыйланышты.

“Санариптик педагогика” деп аталган видеосабактардын республикалык конкурсуна мектептин жаш мугалими Рахатбек кызы Майрам  катышты.

Аралыктан окутууда ар бир үйдө компьютердин же смартфондун, жеткиликтүү интернеттин болгону маанилүү. Азыр айылда бардык эле ата-энелер муну жакшы түшүнүп, балдарына шарт түзүп берип жатышат.  Ал эми мүмкүнчүлүгү жок окуучулар “О” мобилдик компаниясынын “Окуучу” тарифине киргизилди.  Колунда жок эки үй бүлөгө мектептин телевизорлору  убактылуу пайдаланууга берилди. Ошентип,  аралыктан окутуунун техникалык шарты дээрлик чечилди.

Аралыктан окутуу менен бирге башка тарбиялык иштер да унутта калган жок. Суициддин алдын алуу максатында “Ата-энем жана мен”,  “Менин бош убактым” ж.б видеороликтер даярдалып, ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле окуучулардын бош убактысын текке кетирбеш үчүн ата-энелер жана окуучулар арасында онлайн -эстафета оюндары жүргүзүлдү.

ТОО КОЙНУНДАГЫ МЕКТЕП ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯНЫН ТИЛИН ТАПТЫУлуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Эч ким, эч нерсе унутулбайт!” деген темада “Кыл калем” ийриминин жетекчиси Ынтымак Абдыбеков тарабынан  сүрөт сынагы, кыргыз тилчилердин “Учкун” адабий ийриминин жетекчилери Венера Кудаярова, Анара Абидинова тарабынан онлайн түрүндөгү  дилбаяндар конкурсу өткөрүлдү. Ошондой эле мугалимдер  даярдаган тарбиялык багыттагы видеороликтер мектептин YouTube  каналына жүктөлдү.

Бүткүл дүйнөнү каптаган коронавирустан сактануу боюнча класстарда “Биз вирусту жеңебиз!”, “ Үйдө бол!” деп аталган видеороликтер окуучуларга жана алардын ата-энелерине мессенжерлер аркылуу таратылууда. Класс жетекчилер даярдаган тарбиялык маанидеги видероликтер “Окурман үй-бүлө” , “Келгиле, окуйбуз!”, “Ата-энелер ар дайым мугалимдин жардамчысы” деп аталат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер