ЭАУДА КИТЕПТЕР ЖАРМАНКЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

14-февралда  К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде 14-февраль – Китептерди белекке тартуулоонун эл аралык күнүнүн алкагында китептер жарманкеси өттү. 

Иш-чара ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун активист студенттери Каратаев Чыңгыз жана Үркүнбаев Нуртилек тарабынан уюштурулду. Жарманкеде сунушталган китептер бир топ тармактарга тиешелүү. Алар: экономика, ишкердик, педагогика, философия, психология, көркөм адабият, балдар адабияты ж.у.с. тармактар.  Бул күнү студенттер жана агай-эжейлер тарабынан көптөгөн китептер сатылып алынды.

Ар кандай электрондук гаджеттер өкүм сүргөн доордо мындай  акциялар  зарыл. Анткени китеп окуу абдан маанилүү нерселерден болуш керек деп эсептешет уюштуруучулар.

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий