БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН 2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ СТРАТЕГИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 10.12.2019
  • 0

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда «2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору жөнүндө» эксперттик топтун кеңешмеси болуп өттү.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН 2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ СТРАТЕГИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Министр Каныбек Исаков 2012-жылдан 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча аткарылган жумуштар жана көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди.

Андан кийин буга чейинки стратегиянын аткарылышына жүргүзүлгөн талдоонун, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана башка документтерде белгиленген жаңы чакырыктардын негизинде иштелип чыккан 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун тааныштырды.

2020-жылга чейинки стратегия негизинен балдарды билим берүүгө тартуу маселелерин чечүүгө багытталган болсо, 2021-жылдан ишке киргизүүгө сунушталып жаткан Стратегия-2040 — окутуунун сапатына көңүл бурууну көздөйт.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН 2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ СТРАТЕГИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Ошондой эле, реформалардын багыттары — ар бир жаранга өзүнүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, бүгүнкү күндүн талабы болгон “жумшак көндүмдөрдү” (“soft skills”) калыптандырууга, сергек жана коопсуз жашоону кармануу үчүн шарттарды түзүүнү максаттайт.

Тарбия берүү балдардын демократиялык мамлекетте жашоосу үчүн зарыл болгон баалуулуктарга багыт алган инсандык мүнөздөмөлөрүн өнүктүрүүнү —  патриоттуулук, сый-урмат, көп маданияттуулук, сабырдуулук, көп тилдүү билим берүүнү камсыз кылат.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН 2040-ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ СТРАТЕГИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясы билим берүү системасынын бардык деңгээлдеги бүтүрүүчүлөрүн жаңы дүйнөдө жөн гана жашаш үчүн эмес,  ал дүйнөнү өнүктүрүүгө жигердүү катышууга мүмкүндүк берүүчү билим жана компетенциялар менен камсыз кылууга багытталган. Ушул өңүттөн улам стратегияда ар бир билим берүү деңгээли үчүн максаттар жана милдеттер коюлган. Бул принциптер биз кура турган билим берүү системасынын жаңы жүзү деп ойлойбуз”,-деди Исаков.

Жыйында эксперттик топтун мүчөлөрү стратегияга карата ой-пикирлерин айтып, сунуштарын беришти.

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы 2020-жыл ичинде дагы бир нече жолу талкууланып, долбоорго толуктоолор киргизилет.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер