ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫНА 500 МИҢ СОМДУК СЫЙЛЫК

  • 04.10.2025
  • 0

 Мугалимдер күнүнө арналган  салтанаттуу аземде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  төрагасы Адылбек Касымалиев  сынакта финалдык жыйынтыкта алдыга чыккан мугалимдерге КР Президенттин фондунан 500 миң сом акчалай сыйлады. Иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү.

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫНА 500 МИҢ СОМДУК СЫЙЛЫК

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫНА 500 МИҢ СОМДУК СЫЙЛЫК

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫНА 500 МИҢ СОМДУК СЫЙЛЫК

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫНА 500 МИҢ СОМДУК СЫЙЛЫК

Майрамдык иш-чара өлкө жетекчилигинин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, билим берүү системасынын кызматкерлеринин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана педагогдор коомчулугунун башын бириктирди.

Иш-чаранын башкы каармандары өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдер жана тарбиячылар, директорлор жана завучтар, методисттер болушту.

Өзгөчө орунду билим берүү системасынын жетекчилери жана адистери – агартуу министринин орун басарлары, Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү, өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларынын ректорлору, институттардын жана департаменттердин директорлору, ошондой эле билим берүүнү башкаруу органдарынын методисттери жана кызматкерлери ээледи.

Аларды куттуктоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, акимдер, шаар мэрлери жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү келишти. Ушундай кеңири чөйрөнүн катышуусу билим берүү маселелери мамлекеттин жана коомдун көңүл борборунда экенин дагы бир жолу ырастап берди.

Майрамдын башкы темасы – мугалимдин Кыргызстандын келечек муунун тарбиялоодогу негизги фигура катары ролун таануу болду. Мамлекеттик ишмерлер сүйлөгөн сөздөрүндө дал ушул мугалим өзгөрүүлөрдүн таянычы жана жетектөөчүсү экенин, билим берүүдөгү масштабдуу реформалардын ийгилиги, анын ичинде 12 жылдык окутууга өтүү, окуу программаларын жаңылоо жана заманбап технологияларды киргизүү мугалимдерге түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгилешти.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, «Мугалим – жөн гана кесип эмес, бул – тагдыр, бул – элге кызмат кылуу миссиясы. Даанышмандар айткандай, мугалимдин эмгеги – мамлекеттин келечегин калыптандырган түбөлүктүү таяныч жана алтын багыт. Мен сиздердин эмгегиңиздердин алдында башымды ийем жана өлкөбүздөгү ар бир мугалимге терең урматымды билдирем».

Сүйлөгөн сөзүндө министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү реформаларын ишке ашырууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди. Ал Президентке жана Министрлер Кабинетинин жетекчилигине саясий эрки жана колдоосу үчүн, Агартуу министрлигинин коллективине бирдиктүү иши үчүн, педагогдор менен методисттерге кара жанын карч урган эмгеги үчүн, ошондой эле эл аралык өнөктөштөргө активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Айрыкча министр илимпоздордун, жаңы стандарттарды жана окуу китептерин иштеп чыккандардын, мектептер менен бала бакчалардын жетекчилеринин, жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруучулардын салымын белгиледи. Анын айтымында, дал ушул адамдардын аракетинин аркасында 12 жылдык билим берүү киргизилип, окуу программалары жаңыланып, жаңы санариптик куралдар түзүлүп, Кыргызстандын билим берүү системасы үчүн сапаттуу жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Иш-чара Кыргызстандын жаңы билим берүү моделине өтүү жолу чагылдырылган видеороликти көрсөтүү менен ачылды. Андан кийин көрүүчүлөр улуттук билим берүү системасында жаңы доор башталганын символдоштурган «Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим» аттуу прологду – театрлаштырылган коюмду көрүштү. Образдар жана көркөм коюм аркылуу 12 жылдык окутууга өтүү жана заманбап стандарттарды киргизүү жөн гана реформа эмес, өлкөнүн жана анын жаш муунунун келечегин аныктаган тарыхый кадам экени көрсөтүлдү.

Салтнаттуу аземдин алкагында билим берүүнү өнүктүрүүгө жана кадрлардын жаңы муунун даярдоого олуттуу салым кошкон бала бакча, мектеп, кесиптик лицейлердин жана жогорку окуу жайлардын жетекчилерин сыйлоо аземи да өттү. Жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууну камсыз кылган, балдардын сапаттуу билим алышына шарт түзгөн шаар мэрлери жана район акимдери Агартуу министрлигинин ыраазычылык каттарын алышты.

Салтанатты концерттик программа коштоду, анда Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик аспаптар оркестри, студенттик ансамблдер, ырчылар жана бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Майрамдын атмосферасы мугалимдик кесипке болгон урматты жана алардын күнүмдүк эмгегинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргызстанда Билим берүү кызматкерлеринин күнү жөн гана кесиптик майрам эмес, өлкөнүн турмушунда педагогдун ролун коомдук таануунун символу болуп калды. Ал билим берүүдөгү реформалар күн сайын балдарга билим берип, аларды эмгекке, маданиятка жана жаратмандыкка тарбиялаган адамдарсыз мүмкүн эместигин дагы бир жолу көрсөттү.

2025-жылы Кыргызстан расмий түрдө 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өттү. 38 предметтик стандарт жаңыланып, жаңы окуу программалары жана окуу китептери даярдалды, 30 миңден ашуун мугалим квалификацияны жогорулатуу курстарынан өттү. Бул кадамдар өлкө жетекчилигинин саясий колдоосу менен педагогдордун, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен иш-аракетинин аркасында жасалды.

Сыйлангандар  кимдер?

  1. “Башталгыч класстардын мыкты мугалими” номинациясы боюнча Бишкек шаарынын Ленин районундагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Токтоноева Ардак Аналбековна;
  2. “Орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими” номинациясы боюнча Ош шаарындагы №43 З.М.Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Салахудинова Озада Хасанбаевна;
  3. “Мыкты тарых мугалими” номинациясынын жеңүүчүсү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О. Турсуматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин тарых мугалими Асылбеков Азирет Эмилевич;
  4. ”Адам жана коом” предмети боюнча мыкты мугалим” номинациясы боюнча Ош шаарындагы №4 С.Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин “Адам жана коом” предмети боюнча мугалими Хафизова Зулхумор Шакиржановна.
  5. “Мыкты чет тили мугалими” номинациясынын жеңүүчүсү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жайгашкан №14 А. Тангатаров атындагы жалпы орто билим берүүчү жатак-мектебинин англис тили мугалими Шорохова Махабат Абдрасуловна.
  6. “Мыкты география мугалими” номинациясы боюнча Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатынын география мугалими Абдиев Эрали;
  7. “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мыкты мугалим номинациясынын жеңүүчүсү Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Шаршенбаева Надира Абадановна;
  8. “Мыкты музыка мугалими” номинациясы боюнча жеңүүчүсү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин музыка мугалими Урпалыев Кубанычбек;
  9. “Мыкты дене тарбия мугалими” номинациясы боюнча жеңүүчүсү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы орто мектебинин дене тарбия мугалими Кыдыров Асылбек Бердибекович;
  10. “Көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим” номинациясы боюнча жеңүүчүсү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы А.С. Пушкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мугалими Чынасылова Айнура Аскарбековна.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз жана мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер