РУХАНИЙ КАЙРА ЖАРАЛУУ: «АЛА-ТОО» ЖУРНАЛЫ ОКУРМАНДАРДЫН КОЛУНА ТИЙИДИ
- 22.05.2026
- 0

«Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы көп жылдык тыныгуудан кийин кайрадан жарык көрүп, өз окурмандарына жол тартты. Салтанаттуу бет ачар аземи Алыкул Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын фойесинде өттү. Салтанатка мамлекеттик катчы А.Койчиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, «Кыргыз туусу» басма үйүнүн башкы директору Галина Байтерек, «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору А.Кулматов, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров. КР жазуучулар союзунун төрагасы К.Иманалиев ж.б. белгилүү акын-жазуучулар, адабият таануучулар жана сынчылар, коомдук ишмерлер жана маданият кызматкерлери катышты. Жаңыланган журналды Кыргыз Республикасынын Эл акыны Маркабай Ааматов жетектейт.
Узак жылдар бою каржылык жана техникалык себептерден улам токтоп турган бул басылманын кайра жанданышы — улуттук маданиятты көтөрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын натыйжасы. Жыйындын катышуучулары «Ала-Тоо» журналынын кыргыз руханиятындагы ордун өзгөчө белгилешти. Басылма маданиятты өнүктүрүү, эне тилди сактоо жана жаш калемгерлерди сүрөөгө алуу үчүн негизги аянтча болору айтылды. Бул тарыхый окуяны КР Президенти Садыр Жапаров өзгөчө кубаттап, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Мамлекет башчысы журналдын биринчи саны колуна тийгенин белгилеп, басылмага ак жол каалаган. «Биз өлкөбүздүн каржы жана экономика тармактарын эле алдыга жылдырбастан, маданиятка, анын ичинде адабиятка да көңүл бурууга аракеттенип жатабыз. Көп жылдар бою токтоп турган адабий журнал өз ишин жандантып, окурман журтчулугун кубандырып турган кези», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы журнал улуттук каада-салтты, тарыхты жана тилди жайылтууда чоң агартуучулук миссияны аркалай турганына ишеним артты. Ошондой эле, бардык жарандарды улуттук басылмага жазылууга чакырды.
«Ала-Тоо» журналынын кайтып келиши — жөн гана басылманын жанданышы эмес, бул өлкөдөгү санариптештирүү заманында китеп окуу маданиятын сактап калууга жасалган олуттуу кадам. Технология өнүккөн кылымда улуттук баалуулуктарды, жазма тилдин тазалыгын жана көркөм сөз өнөрүн кийинки муунга жеткирүүдө журналдын миссиясы өтө чоң. Бул кадам өлкө жетекчилигинин руханий дүйнөнү байытууга жана улуттук өзгөчөлүктү сактоого басым жасап жатканын айкын тастыктайт.

Кайра жанданган басылма айына бир жолу жарык көрүп турат жана аны «Кыргыз туусу» басма үйүнөн алууга болот. Ошондой эле бардык почта түйүндөрүндө 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн “Ала Тоо” журналына жазылуу жүргүзүлүп жатат.
М.ТОКТОРОВ,
“Кут Билим”
Комментарийлер