ЖРТга КАТТОО 28-ОКТЯБРЬ СААТ 15:00 ГӨ ЧЕЙИН УЗАРДЫ

  • 28.10.2022
  • 0

Жогорку кесиптик билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына окуу жылынын ичинде эки жолу кабыл алуу жүрөт.

ЖРТга КАТТОО 28-ОКТЯБРЬ СААТ 15:00 ГӨ ЧЕЙИН УЗАРДЫ

Быйылкы жылдан баштап Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кышкы кабыл алуу окуу акысын төлөө келишиминин негизинде гана (контракт) жүргүзүлөт. Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы  кабыл алууну өткөрөт. Алардын ичинен: 17 мамлекеттик, 33 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар. Кышкы кабыл алуу боюнча ЖОЖдордун жана багыттарынын тизмеси https://edu.gov.kg/

Каттоого мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурда 2022-2023-окуу жылында ЖОЖдордо окубаган адамдарга уруксат берилет. Жалпы республикалык тестирлөөгө (кышкы кабыл алуу үчүн) жашаган жери боюнча каттоо райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде жүргүзүлөт.

Кошумча каттоо тестирлөө башталганга чейин бир күн мурда 2022-жылдын 25-ноябрында жүргүзүлөт.

Кышкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн тесттик мезгили 2022-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленди.

Кышкы кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинин негизинде жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер