ЖК ДЕПУТАТЫ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ОГПИде

  • 03.11.2018
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ч.Айтматовдун 90 жылдыгынын карата Жогорку Кеңеш депутаты, саясат таануу илимдеринин доктору, белгилүү публицист, журналист жана акын-жазуучу Иманалиев Каныбек менен окутуучулар жана студенттердин жолугушуусу болуп өттү.

ЖК ДЕПУТАТЫ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ОГПИде

Жолугушуунун башында  К.Иманалиев жылуу кабыл алган жамаатка ийгилик каалоо менен өзүнүн белек катары алып келген баалуу китептерин тартуу кылды. Андан соң “Айтматов жана биз” деген аталышта баяндама жасап, улуу жазуучубуздун бир топ өзгөчөлүктөрүнө, чыгармаларында катылган сырларга токтолду.

ЖК ДЕПУТАТЫ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ОГПИде

Лекциянын жүрүшүндө лектор Айтматовдун көрөгөчтүгү, гениалдуулугу, айкөлдүгү, реалдуулугу, даанышмандыгы менен айырмалангандыгы жана чыгармаларында карапайым калк арасындагы жөнөкөй кыргызды калем менен дүйнөлүк баатыр кыргызга айлантып салуусу, бир да октун атылганын кошпой туруп апаат согуштун трагедиясын таамай сүрөттөгөндүгү, сүйүүнүн аруулугун, пакизалыгын жана улуулугун даңазалагандыгы, табият мыйзамында адам менен жаныбардын жашоого алган укугу бирдей экендиги жана кыргыздын менталитетине ылайык адеп-ахлак, нравалык тарбиянын өзөгүн чагылдыргандыгы тууралуу сөз кылды.

ЖК ДЕПУТАТЫ КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ОГПИде

Иш чаранын экинчи бөлүгү суроо-жооп форматында уланып, эл өкүлү катышуучулардын бир нече түрдүү суроолоруна кызыктуу ары таасирдүү жоопторун берүү менен өзүнүн Айтматовду эң сүйгөн окурман экендигин далилдей алды.

Бөлүшүү

Комментарийлер