ЖЕТИ ЖАҢЫ КОНУШТА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛАТ

  • 19.08.2022
  • 0

Жаңы конуштардын жаш жеткинчектери жаңы окуу жылында жаркыраган жаңы мектептерде окуп баштайт. Бул тууралуу Коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтсак, 15-сентябрга карата алты жаңы конуштагы жаңы мектептердин курулушу жана бир жаңы конуштагы мектептин кошумча корпусунун курулушу аяктап, балдар жаңы жана жаңыртылган мектептердин босогосун атташмакчы.

ЖЕТИ ЖАҢЫ КОНУШТА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛАТ

Алсак, Алтын-Ордо конушунда курулуп жаткан мектепте бардык блоктордун курулуш-монтаждоо иштери жана ички инженердик тармактарды орнотуу толугу менен аяктады. Ошондой эле, суу арыктарын, тосмолорду орнотуу жана жашылдандыруу сыяктуу аймакты жакшыртуу (лотокторду, бордюрларды орнотуу жана жашылдандыруу) иштери аяктоо алдында турат. Андан тышкары Ак-Ордо, Ак-Босого, Көлмө, Рухий-Мурас жаңы конуштарындагы курулуш иштери дээрлик аяктап калды. Ал эми Ак-Бата конушундагы жалпы билим берүүчү №43 мектепте курулуп жаткан кошумча окуу корпусунун ички жана тышкы жасалгалоо иштери аткарылууда. Кошумча курулушта коридор, окуу залы бар китепкана, архив, өзүнчө чыгуучу техникалык жай, электр коргоо, мугалимдер бөлмөсү, окуучулар жана кызматкерлер үчүн даараткана, чечинүүчү жай жана чайканма бөлмөсү бар спорт блогу, чайканма бөлмөсү бар тренердин кабинети жана спорт залы каралган.

ЖЕТИ ЖАҢЫ КОНУШТА ЖАҢЫ МЕКТЕП АЧЫЛАТ

Бул мектептердин курулуш иши планда каралган мөөнөткө, башкача айтканда, 15-сентябрга чейин аяктайт деген ишеним бар.

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер