ЖЕТЕКЧИЛЕР КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

  • 18.04.2024
  • 0

Талас облустук билим берүү усулдук борбору  облус боюнча мектеп директорлору жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары үчүн атайын педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында  Билим берүү жана илим министрлигинине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институту  менен 72 сааттык окуу курсун уюштурду.

ЖЕТЕКЧИЛЕР КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

ЖЕТЕКЧИЛЕР КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТУУДА

— Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунун жана КДИнун кафедра башчысы, п.и.к, доцент Айтикан Кыдыралиева жогорку деңгээлде сабак өттү.  Билим берүү мекемелеринин укуктук-ченемдик документтери, жаштарды рухий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана  дене тарбиялоо концепциясы, окутуунун технологиялары, сабакты изилдөө технологиясы жана билим берүүдөгү жаңы тенденциялар; STEM, STЕAM, PISA-2025, окуучуларды китеп окууга тартуу жөнүндө маалымат алдык. Профессор Кыргызбай Добаев агайдын сабактарына да катышабыз, — дейт Талас облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси  С.Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер