ЖЕКЕ ЖАКТАРГА ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТ
- 29.09.2025
- 0
Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеке жактарга жеңилдетилген кредит берүүнүн экинчи этабы башталды.
Агартуу министрлиги кабарлагандай, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы №594 токтому менен «Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит – 2» долбоору бекитилди.
Долбоор мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздигин жоюу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатын көздөйт. Долбоордун экинчи этабы боюнча жеңилдетилген кредиттер жеке жактарга 2025-жылдын декабрына чейин берилет.
Маалыматта айтылгандай, жеңилдетилген кредит алуу үчүн алгач Агартуу министрлигинин комиссиясынан өтүү керек. Ал үчүн Агартуу министрлигине төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— министрдин атына арыз;
— Мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин жана балдарга түзүлгөн шарттарын чагылдырган бизнес-план;
— Долбоордук-сметалык документтер.
Экинчи этапта “Элдик Банктын” жана “Айыл Банктын” комиссиясынан өтүү зарыл.
Жеңилдетилген кредит алууну каалагандар арыздарын министрликке тапшырса же [email protected] электрондук почта дарегине жөнөтсө болот.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер