ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕП: ЛИЦЕНЗИЯЛОО БОЮНЧА ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
- 15.10.2025
- 0
Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкуловдун катышуусунда жеке менчик мектептерди лицензиялоо боюнча электрондук документтерди түзүү жана арыз жөнөтүү тартибин үйрөтүүгө багытталган окутуу өткөрүлдү.

— Билим берүү мекемелеринин ишин жеңилдетүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Мындан ары жеке менчик мектептер үчүн лицензия алуу процесси толугу менен автоматташтырылып, онлайн форматта жүргүзүлөт, — деп белгиледи Альберт Махметкулов.
Анын айтымында, эми жеке менчик мектеп ачууга ниеттенген жарандар https://license.edu.gov.kg/ порталы аркылуу кирип, керектүү документтерди электрондук түрдө тапшыра алышат.
Агартуу министрлигинин аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова жеке менчик мектептерди ачуучуларга лицензиялоо тартибинин жөнөкөйлөтүлүшү боюнча маалымат берди.

Ал эми «Түндүк» ААКсынын санариптик билим берүү департаментинин директору Бектурган Бабаев лицензиялоо боюнча электрондук документтерди түзүү жана арыз жөнөтүү тартибинин этаптарын айтып берди.
Окутууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жеке менчик мектептердин өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2025-жылдын 4-августундагы № 24-8284 тапшырмасынын негизинде 100 күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылып жаткан “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылууда. Программанын алкагында жеке менчик мектептерге лицензия берүү процессин жөнөкөйлөтүү мөөнөтү 2025-жылдын 12-ноябрына чейин аякташы күтүлүүдө.
Лицензиялоонун жаңы автоматташтырылган системасы Агартуу министрлигинин техникалык тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги тарабынан иштелип чыгууда.
Маалымат катары:
Билим берүү ишин лицензиялоо боюнча жаңы система ишке киргизилгенине байланыштуу буга чейин колдонулуп келген https://asula.edu.gov.kg/ платформасынын иши токтотулат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер