ЖАПАРОВ ПУТИН МЕНЕН ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ СҮЙЛӨШТҮ

  • 12.11.2020
  • 0

 12-ноябрда, Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинге Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосуна, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштөгү колдоосуна өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу маектешин Россия Федерациясынын ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылышы менен куттуктап, Уюмдун өнүгүшүнө жаңы дем бергенин айтты.

Сүйлөшүүнүн аягында Садыр Жапаров Кыргызстандын Россия менен болгон мамилелерди мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өңүтүндө өнүктүрүү ниети бар экенине ишендирди.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер