ЖАЛАЛАБАДДЫК ОКУУЧУЛАР ДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРЫШПАЙТ

  • 06.10.2020
  • 0

Жалал-Абад шаарындагы мектептер 2-класстан 6-класска чейинки окуучуларды кабыл албай турган болду. Мындай чечим 5-октябрда шаардык штабдын жыйынында кабыл алынган. 6-октябрдан тарта 122 миң 262 окуучу мектепке барары маалымдалган болчу.

Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетинин жугуу коркунучу жогору болгондугуна байланыштуу азырынча мектептерди ачуу белгисиз мөөнөткө калтырылды.

Маалыматка ылайык, калаадагы биринчи класстын окуучулары билим алуусун токтотпойт. Мектеп босогосун аттагандардын саны 2800дөн ашат. Ал эми 2-класстан 6-класска чейинки 14 миңдей окуучу бар.

Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер