ЖАЛАЛ-АБАДДА АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

  • 16.05.2023
  • 0

ЖАЛАЛ-АБАДДА АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, шаар мэриясынын, колледждердин, лицейлердин өкүлдөрү, ошондой эле иш берүүчүлөр жана Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.

Иш-чаранын максаты – бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу.

Иш-чаранын алкагында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин манежинде кесипке багыт берүүчү 15 аянтча иш алып барып, анда жогорку класстардын 1500дөн ашык окуучусу колледж жана лицейлердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Окуучулар электрчынжырчаларды түзүп, кондитердик азыктарды жасап, автоунаалардын түзүлүшүн көрүп, өздөрүн электр ширетүүчү, ашпозчу, кийим тигүүчү жана башка ролдордо сынап көрүштү.

Мындан тышкары, окуучулар окуу жайлардын өкүлдөрүнө гана эмес, жумуш берүүчүлөргө да кызыккан суроолорун берип, иш берүүчулөр ушул тапта эмгек рыногунда талап жогору болгон адистиктер, кесиптер жана ошондой эле кесипкөй адис болуу үчүн керектүү көндүмдөр тууралуу айтышты.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Мындай фестивалдар республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер