КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КЫЗ EGMO ОЛИМПИАДАСЫНДА КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

  • 21.04.2026
  • 0

Кыргызстандык окуучу кыз эл аралык математика аренасында өлкө намысын коргоп, дагы бир ири ийгиликке жетишти. 2026-жылдын 9–15-апрель күндөрү Франциянын Бордо шаарында өткөн 15-Европалык кыздар арасындагы математика олимпиадасында (EGMO) кыргызстандык окуучу Камила Алиярова коло медаль жеңип алды.КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КЫЗ EGMO ОЛИМПИАДАСЫНДА КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

Бул престиждүү олимпиадага дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн 260 окуучу кыз катышып, өз билим деңгээлин сынашты. Кыргызстандык катышуучулардын арасынан «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу Камила Алиярова мыкты жыйынтык көрсөтүп, тапшырмаларды ишенимдүү аткаруу менен байгелүү орунга татыды.

Аталган жеңиш Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Себеби бул EGMO олимпиадасынын тарыхындагы өлкөбүздүн экинчи коло медалы болуп калды. Мындан мурда биринчи коло медалды 2021-жылы Эльнура Анарбай кызы жеңип алган.

Кыргызстандын курама командасы бир нече тандоо баскычтарынын негизинде түзүлгөн. Акыркы тандоо туру үч күнгө созулуп, жогорку деңгээлдеги 14 тапшырманы камтыган. Чечүүчү баскычка өлкө боюнча 49 окуучу катышкан.

Улуттук курама команданын курамында ошондой эле төмөнкү окуучулар болду:
– Диана Ким, 11-класс, «Маариф» билим берүү комплекси;
– Рамиля Бозова, 11-класс, «Маариф» билим берүү комплекси;
– Ангелина Ким, 9-класс, А. Токомбаев атындагы №24 орто мектеп.

Команданын жетекчиси болуп Мамат Ишматов эмгектенди.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги кыргызстандык окуучу кыздарды эл аралык олимпиададагы ийгилиги менен куттуктап, алардын мындан аркы билим жолунда жаңы жеңиштерди багынтуусун каалады.

Бул жеңиш кыргыз кыздарынын илим-билимге болгон кызыгуусу өсүп жатканын жана өлкөдө таланттуу жаштар арбын экенин дагы бир жолу далилдеди.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер