ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 150 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

  • 18.04.2024
  • 0

Жалал-Абад шаарынын Исакулов көчөсүндө жайгашкан №23 «Билимтай» балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА 150 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Шаардык мэриядан билдиришкендей, бакчанын ачылуу азмине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Шаар мэри жыл сайын билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мектеп, бала бакча муктаждыктарын жоюу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, шаар тургундарын бала бакчанын ачылышы менен куттуктады.

«Билимтай» балдар бакчасы эки кабаттан туруп, 150 орунга ылайыкташкан. Мында балдар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Бакчанын курулушуна 84 миллион сом жумшалган. Бул каражат Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында муниципалдык 27 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер