ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРЛОРУ ҮЧҮН ЭКИ КҮНДҮК ОКУТУУ БАШТАЛДЫ

  • 25.04.2023
  • 0

Бүгүн, 25-апрелде К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде Жалал-Абад облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аталышындагы 2 күндүк окутуу башталды.

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРЛОРУ ҮЧҮН ЭКИ КҮНДҮК ОКУТУУ БАШТАЛДЫ

Окутууга 450дөн ашуун мектеп директору жана райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышууда.

Окутуунун жүрүшүндө “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”, “билим берүү системасындагы эмгек укуктарынын жөнгө салынышы”, “Жалпы билим берүү уюмдарынын менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Эл аралык PISA программасына жана Билим улуттук программасына даярдануу”, “Жалпы республикалык тестке даярдануу (ЖРТ)”, «Мектепке инвестиция тартуу үчүн долбоорду кантип жазуу керек?» ж.б. темаларда презентациялар жасалат.

Презентация жасай турган тренерлердин арасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы автордук мектептин негиздөөчүсү – Орозали Сайдилканов, Мамлекеттик «Ноокат билимканасы» жатак-лицейинин негиздөөчүсү, физика-математика илимдеринин кандидаты — Өмүрзак Мамаюсупов, КББАнын вице-президенти, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент — Айнагүль Ниязова, Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун баалоо боюнча координатору — Мира Мыкыева, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору — Чынара Батракеева ж.б. бар.

Ошондой эле катышуучулар 16 топко бөлүнүп, математикалык, табигый-илимий, окуп-түшүнүү жана санариптик сабаттуулук темаларынын үстүндө иш алып барышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер