ЖАКШЫ ДЕМИЛГЕ

  • 10.06.2020
  • 0

Ош шаарындагы №24 М.В.Фрунзе атындагы орто мектеп жетекчилигинин демилгеси менен «Апаке Алтынай» фондунун демөөрчүлүгү менен мектептин сырткы ажаатканасы кайрадан ремонттолуп,  мектептн экинчи жана үчүнчү кабатына окуучулар жана мугалимдер үчүн жаңы ажааткана курулуп бүткөрүлдү.

ЖАКШЫ ДЕМИЛГЕ

ЖАКШЫ ДЕМИЛГЕ

  • Бул фондго жана Бабур Латихановичке мектеп жетекчилиги жана мугалимдери, ата-энелер, окуучулар тарабынан терең ыраазычылык билдирилди. Быйылкы 2019-2020-окуу жылында 74 бүтүрүүчү мектепти аяктады. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 6 окуучу берилген сынактардын негизинде медициналык окуу жайына өттү. Мектепте көп тилдүүлүк программасынын долбоору боюнча 38 мугалим  окушту. Көп тилдүүлүк боюнча окуган тажрыйбалары боюнча өз предметтеринде колдонуп, өз ийгиликтерин көрсөтүп келишүүдө. Быйылкы окуу жылында мектепте жогорудагы ийгиликтүү, демилгелүү жумуштар аткарылды. Кийинки окуу жылында да пландалган жумуштар өз убагында аткарылмакчы, — дейт мектеп директору Д.Абдувахабова.

Г.Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер