Англис тилинен Кембридж сертификатын алган өзгөндүк алдыңкы окуучулар

Жакында Өзгөн шаарынын 7-классынын окуучулары Калбаева
Аймарал жана Туратбекова Даткайым англис тилинен эл аралык А2
деңгээлиндеги Кембридждик сертификатка, болгондо да мыкты баалар
менен ээ болду.

-Мындай евро стандарттын талабына жооп берген күбөлүктү Кыргызстандагы жалпы мектептер эмес, ЖОЖдору да бербейт. Бул дүйнө жүзү боюнча окуп, иштөөгө жол ачып, Германия, Япония, Англия… өңдүү алдыңкы өлкөлөрдүн билимдүү жаштары жеткен ийгиликти, биздин айылдык окуучулар да багындырды дегендикке жатат -дейт англис тилин окутуу боюнча белгилүү адис, бул акциянын уюштуруучусу, демөөрчусү Шайлообек Назаралиев.

Ал эми Ноокат районунун 5-классынын окуучулары Кожоев Арсен, Тагаев
Нурмухаммед, Ахлиддинжанов Абубакир, Балтабаева Асылзада кыска
убакытта даярданып, мыкты баалар менен жогорудагыдай экзамендин
башталгыч деңгээлин багындырышкан.

-Куттуктайбыз! Эгер, элиталык мектептер да мындай көрсөткүчкө
жетпегенин эске алсак, бул чоң ийгилик!- дейт Ш.Назаралиев чын дилден
кубанып. Бул жакшы жаңылыктардын сыры, ийгилиги туурасында
ал бизге маек курууну убада кылды.

М.КАЙЫПОВ
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер