ӨЗБЕКСТАНДА ОШТУ МЕНЕН ФЕРМУНУН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ

  • 13.05.2026
  • 0

Өзбекстан Республикасында Ош технологиялык университетинин кесиптик билим берүүнүн технологиясы кафедрасы жана Фергана мамлекеттик университети биргеликте I эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүштү.

Пленардык жыйында кафедра башчысы С.Бердибекова ОшТУнун санариптештирүү, технологиялык модернизация жана глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграция багытындагы стратегиялык ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, бул демилге эл аралык деңгээлде жогору бааланды.

Иш-чарага Г.Зикирова да катышып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана IT тармагындагы интеграция маселелерин талкуулады.

Конференцияда инновациялык педагогика, санариптик өнүгүү, робототехника жана маалыматтык технологиялар боюнча актуалдуу маселелер каралып, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Малайзия жана Мароккодон окумуштуулар катышты.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер