ЮНИСЕФ МЕНЕН КАТАРДЫН КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ МЕКТЕП БУЮМДАРЫН ТАПШЫРДЫ

  • 21.04.2021
  • 0

ЮНИСЕФ жана Катардын Кыргызстандагы кайрымдуулук фонду Билим берүү жана илим министрлигине 175 мектеп буюмун (набор) жана 7000 мектеп баштыгын (рюкзак) өткөрүп берди.

COVID-19 пандемиясынын шарттарында министрлик бул буюмдарды 2021-жылдын сентябрында жаңы окуу жылынын башталышына карата аярлуу топтордогу балдар, атап айтканда, башталгыч класстын окуучулары арасында бөлүштүрүп берет.

ЮНИСЕФ МЕНЕН КАТАРДЫН КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ МЕКТЕП БУЮМДАРЫН ТАПШЫРДЫ

Мектеп буюмдарын өткөрүп берүү бүгүн билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекованын, Катардын Кыргызстандагы кайрымдуулук фондунун директору Алсаммана Мохамада Хомама, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кристин Жольмдун катышуусунда өттү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер