ЮНИСЕФ ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

  • 19.02.2024
  • 0

Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүдө ыктыярчыларды тартуу боюнча эл аралык конференция өттү.

ЮНИСЕФ ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Сербиядан ЮНИСЕФтин 50дөн ашык волонтеру өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу маселелерине арналган конференцияга катышты. Конференцияда Япониядан келген волонтерлор жана студенттер өз тажрыйбасы менен да бөлүштү. Эки күндүк иш-чараны катышуучулары кырсык тобокелдиктерин башкаруу жана мындай кырдаалдарга чара көрүү боюнча волонтерлордун ролун талкуулашты. Чогулуш Япония өкмөтү тарабынан каржыланган мектептердин коопсуздугун жогорулатуу долбоорунун алкагында уюштурулган.

ЮНИСЕФ ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Конференциянын ачылыш аземине Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыбеков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло катышты.

Элчи Хидэки алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана жоюу боюнча Япониянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй аймак үчүн пайдалуу болот деген ишенимин билдирди.

ЮНИСЕФ ЫКТЫЯРЧЫЛАРЫНЫН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

Кристина Бруджиолонун айтымында, жер титирөө, өрт, суу ташкыны же чыр-чатактар сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда балдар эң аялуу болушат. “Жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз аларды кырсык учурунда туура көндүмдөргө үйрөтүшүбүз керек”, — деди Бруджиоло айым.

Долбоордун алкагында ЮНИСЕФтин ыктыярчылары Кыргызстан боюнча 900дөн ашык мектеп менен иш алып барды. Ыктыярчылар дээрлик жарым миллион окуучу жана 10 миңден ашуун мектеп кызматкерлери үчүн өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча окуу өткөрдү. Алар өрт жана жер титирөө учурундагы туура жүрүм-турумду, мектептердеги коопсуз чыгуу жолдорун, өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын негиздерин үйрөнүштү. Андан тышкары, өрт жана жер титирөө сыяктуу кырдаалдарда өз көндүмдөрүн практикалоо үчүн симуляциялык көнүгүүлөргө катышты.

ЮНИСЕФ буга чейин 600 мектепти өзгөчө кырдаалдар үчүн керектүү буюмдар, анын ичинде үн күчөткүчтөр, кол сиреналары, өрт калканчтары, эвакуациялоочу замбилдер, биринчи жардам көрсөтүүчү аптечкалар, жана мектеп коопсуздугу үчүн авариялык эшик туткалары менен жабдыган.

Кыргыз Республикасында балдардын климатка жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоор 2020-жылдын март айынан баштап ишке ашырылып келет. Бул демилгенин алкагында ЮНИСЕФ Билим берүү жана илим министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен жаш балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кызматташат.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер