ЫМУДА СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН БИЗНЕС-ИНКУБАТОР АЧЫЛДЫ

  • 03.05.2021
  • 0

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде студенттердин бизнес идеяларын, стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун колдоо максатында түзүлгөн бизнес-инкубатор ачылды.

Иш-чараны ЫМУнун ректору А.Иманбаев ачып, өз сөзүндө Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) ыраазычылыгын билдирип, студенттерди активдүү болууга, долбоорлордун үстүндө иштөөгө жана өнүгүүгө чакырды. Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун директору Ж.Жумабаев катышуучуларды Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырып, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда бизнес-инкубаторлорду киргизүү долбоору тууралуу маалымат берди. Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит кафедрасынын окутуучулары И.Бутенко жана О.Шевелева бизнес-инкубатордун иш пландары менен бөлүшүшсө, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси И.Иманакунова студенттердин университетте ишке ашырылып жаткан долбоорлору жөнүндө айтып берди. Ошондой эле “Startup Kyrgyzstan — 2021” сынагынын жеңүүчүсү А.Асанбекова; “О” уюлдук операторунун өкүлү Э.Бекдаиров; Каракол шаарындагы Ишкерлерди колдоо борборунун бизнес консультанты Ы.Рыспеков Кыргызстандагы жана региондогу стартаптарды ишке ашыруу боюнча презентацияларды жасашты.

Иш-чаранын алкагында көргөзмө-жарманке өткөрүлүп, анда студенттер техника, дизайн жана көркөм өнөр жаатында жасаган иштери менен тааныштырышты. Мындан тышкары, биотехнология жана айыл чарба жаатындагы акыркы технологияларды колдонуу менен илимий изилдөө иштери жүргүзүлүп жаткан университеттин илимий лабораторияларына экскурсиялар уюштурулду.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер