ЫМУДА БИР АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 14.12.2022
  • 0

ЫМУДА БИР АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Колледжинин педагогикалык адистигинин студенттерине мыкты иш тажрыйбалар менен бөлүшүп, көмөк көрсөтүп, педагогикалык практикага  багыт берүү максатында бир айлык уюштурулуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.

ЫМУДА БИР АЙЛЫК ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Айлыктын алкагында ЫМУнун доценти, драматург Асаналиева Кыял “Мугалимдин сүйлөө кеби”, ага окутуучу КМШнын “Мыкты педагог — 2022” сыйлыгынын ээси Бапа кызы Айнура “Математиканы окутуунун заманбап ыкмалары”, тренер Малдыбекова Бермет “Арт терапия жана баланын эмоционалдык абалын диагностикалоо, оңдоо үчүн сүрөт тестинин мүмкүнчүлүктөрү”, Каракол шаарынын №3 мектебинин мугалими Алиева Гүлзат “Англис тилин үйрөтүүнүн заманбап ыкмалары”, №1 мектептин мугалими Коновалова Татьяна “Окуу керемет” долбоорунун негизинде “Ложь огромная как слон” деген темаларда ар түрдүү методикалык багытта семинар, мастер класс, тренингдерди өткөрүп беришти.

— Студенттердин практика өтүүдөгү ишине көмөк көрсөткөн бардык октуучу эжейлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин талбай эмгектенип топтогон иш тажрыйбаларыңыздардын үзүрүн жалпы өлкөбүздүн жаштары көрө берсин, — дешет уюштуруучулар.

Иш-чаранын модераторлору колледждин окутуучулары  — А. Түргөнбаева, З.Турдукеева, Абдырай кызы Нурзада.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер