XXVI РЕСПУБЛИКАЛЫК ОКУУЛАР

  • 28.11.2017
  • 0

«2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы №1 жарлыгын ишке ашыруу максатында чыгармачыл мугалимдердин иш-тажрыйбасын жайылтууну көздөгөн ХХVI Республикалык педагогикалык окуулар «Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо көйгөйлөрү» аттуу темада 2-3-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы №5 А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын базасында өттү.

XXVI РЕСПУБЛИКАЛЫК ОКУУЛАР

Республикалык педагогикалык окууларга республикабыздын бардык областарынан 100гө жакын жогорку окуу жайлардын илимпоздору, мугалимдер, тарбиячылар, директорлор, окуу-тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары, билим берүү кызматкерлери катышты.

Пленардык кеңешмеде төмөндөгүдөй баяндамалар жасалды:

  1. Мектеп билиминин мазмундук жаңыланышы: Базистик окуу план жана предметтик стандарттар.

Мамытов Абакир Мамытович – Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти.

  1. Мектептеги класстык сааттарда жаш муундарды этнобаалулуктардын негизинде тарбиялоо концепциясы.

Байгазиев Советбек Орозканович – Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын Технология, искусство жана дене маданияты тармагынын маселелери лабораториясынын башкы илимий кызматкери.

  1. Кыргыз элдик педагогикасындагы адеп тарбиясы.

Алимбеков Акматали – педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Педагогика кафедрасынын башчысы.

  1. Класстык сааттарда жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулукка тарбиялоо көйгөйлөрү.

Жоодатова Нургул Болотбековна – Калыгул Бай уулу атындагы №7 орто мектептин мугалими, Балыкчы шаары.

Педагогикалык окууларда төмөндөгүдөй 5 секция иштеди.

  • Мектепке чейинки жана башталгыч мектепте билим берүүдө ыйман, адеп жана маданияттуулукка тарбиялоо.
  •  Тил жана адабият сабактарында окуучуларды адептик-ыймандык маданиятка үйрөтүү проблемалары.
  • Табигый-математикалык предметтерди окутууда ыймандуулукка жана маданияттуулукка тарбиялоо.
  • Жалпы билим берүүчү мектептерде адептүү, ыймандуу, маданияттуу инсанды тарбиялоонун жана баалоонун маселелери.
  • Кесиптик билим берүүдө ыймандуулукка жана маданияттуулукка тарбиялоо.

Секциялык отурумдарда педагогикалык окуулардын катышуучулары бүгүнкү шарттардагы таалим-тарбиянын абалын, курч проблемаларын, көйгөйлүү жагдайларын, максаттарын, мазмунун жана технологиясын олуттуу түрдө талкууга алышты жана алар иштиктүү сунуш-пикирлерди беришти.

XXVI РЕСПУБЛИКАЛЫК ОКУУЛАР

«Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоо көйгөйлөрү» аттуу

ХХVI Республикалык педагогикалык окуулардын

РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Бишкек шаары                                                                        2017-жылдын 2-3-ноябры

ХХVI Республикалык педагогикалык окуулардын катышуучулары пленардык отурумдагы багыт берүүчү жана секцияларда окулган 70ке жакын баяндамаларда республикада билим берүүнү реформалоодогу, жаңылоодогу педагогикалык окуулардын ролу зор экендигин, өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоодо теориялык жана практикалык бир топ алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын, бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин «2017-жылды – Ыйман, адеп жана маданият жылы катары белгилөө жөнүндө», «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» жарлыктарынын мааниси зор экендигин баса белгилешти. Тарбиялоо жаатындагы ийгиликтүү практикалар ЮНЕСКО тарабынан бекитилген 2030 Туруктуу өнүгүү максаттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев демилгелеген «Таза Коом» программасынын алкагында өлкөбүздө иштелип жаткан 2040 Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясына карата иш-чараларды иштеп чыгууга, аларга алымча-кошумчаларды киргизүүгө негиз болмокчу.

Ошону менен бирге бүгүнкү күндө өлкөдө болуп жаткан саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жаш муундарды тарбиялоо процессине күчтүү таасирин тийгизип, руханий жактан баа берүүнүн жаңы мамилелери калыптанууда. Бул жаштардын баалуулуктарга карата мамилесинин өзгөрүшүнө алып келүүдө. «Ыйман», «адеп», «милдет», «ар намыс» сыяктуу түшүнүктөргө карата мамиленин өзгөрүп жатышы өсүп келе жаткан муундардын моралдык-психологиялык абалына олуттуу таасир этүүдө.

ХХVI Республикалык педагогикалык окуулардын катышуучулары ыймандуулуктан, адептүүлүктөн, акыл-эстен, адамгерчиликтен жана маданияттуулуктан ажыраган билим берүү жана өнүгүү өз максатына жетпейт жана маани-маңызсыз болуп калат деп чечишти. Ошондой эле катышуучулар биздин өнүгүүбүздүн булагы, бул багыттагы өзгөрүүлөр маданияттуулукка, ыймандуулукка негизделгендигин, өнүгүүгө жана модернизациялоого байланышкан бардык түшүнүктөр эки аспекти менен – маданий-ыймандуулук баалуулуктар жана окутууну, жашоону гумандаштыруу менен аныкталышы керектигин баса белгилешет.

ХХVI Республикалык педагогикалык окуулардын катышуучулары өсүп келе жаткан муундарды ыймандуулук маданиятына тарбиялоодогу иштер жаңыча мамилелерге, баалуулуктарга өзгөчө маани берүүгө, системалуулукка, комплекстүүлүккө, өнөктөштүккө, ар тараптуу өз ара мамиле түзүүгө муктаж экендигине токтолушту.

ХХVI Республикалык педагогикалык окуулардын катышуучулары төмөнкүдөй тыянакка келишти:

  1. Өсүп келе жаткан муунду ыймандуулук маданиятына тарбиялоону улантуу жана тереңдетүү максатында класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында төмөнкү темаларды мындан ары да ырааттуу талкуулоону улантууну сунуштоо:
  • Маданий өнүгүү жолдору жана негизги ыймандык баалуулуктарды кайрадан аңдап түшүнүү жана тереңдетүү.
  • Маданияттын жалпы контекстинде илим менен билим туруктуу өнүгүүнүн фактору экендигин жана алар тарбиялоо менен эриш-аркак ишке ашышы керектигин белгилөө.
  • Билим берүү стратегиясында илимдин, философиянын, искусствонун, дин маданиятынын тарыхынын жана тарбиянын жуурулушуусуна көңүл буруу.
  • Жарандык атуулдукка жана эл-жерди сүйүүгө тарбиялоого өзгөчө маани берүү.
  • Экология көйгөйлөрүн, коопсуз жана туруктуу өнүгүү жолун коомчулукка кеңири жеткирүү.
  1. Билим берүү уюмдарындагы тарбия ишинин солгундагандыгын эске алуу менен, акыркы кездеги болуп жаткан жаңылыктарды, өзгөрүүлөрдү жана педагогикалык окууларда берилген сунуштарды эске алуу менен, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо концепциясын Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жакшыртып иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигине сунуштоо.

Концепцияны иштеп чыгууда төмөнкүлөр:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин «2017-жылды – Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» жарлыгы;
  • Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү стратегиясынын, ЮНЕСКО тарабынан бекитилген 2030 Туруктуу өнүгүү максаттарынын, 2040 Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын жана «Таза Коом» программасынын жоболорунун актуалдуулугу эске алынсын.
  1. Өсүп келе жаткан муунду ыймандуулукка тарбиялоо багытында изилдөөлөрдү жүргүзүүнү Кыргыз билим берүү академиясына, мугалимдерди даярдаган окуу жайларга жана бул багытта адистиктерди жогорулатуу курстарын жайылтууну Педагогикалык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтуна сунуштоо.
  2. Билим берүү уюмдарында, окуу жайларында ата-энелер менен иштешүү практикасын жакшыртуу менен, «ата-энелер мектебин», «ата-энелер университеттерин» уюштуруу жана жандандыруу.
  3. Улуттук маданияттын баалуулуктарын, анын ичинде эл-жерди сүйүүнү, атуулдук көз карашты, ыймандуулукту калыптандыруу жана акыл-эс жактан тарбиялоо илимдин жетишкендиктери, илимий жана коомдук ишмерлер, уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта калыптанарын белгилөө.
  4. Ыймандуулук, адептүүлүк, маданияттуулук көйгөйлөрүнө бардык маданий-билим берүү жаатындагы түзүмдөрдүн, коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу.
  5. КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү академиясынын сайттарында азыркы коомду маданий-ыймандуулук жактан бакубаттандыруу, жаңылоо жаатындагы көйгөйлөр боюнча рубрика ачуу жана аларда бул багыттагы илимий, педагогикалык, философиялык макалаларды, презентацияларды жарыялап туруу.
  6. Өзүн өзү таанууну, өнүктүрүүнү, өстүрүүнү жана өзүн көрсөтө билүүнү активдештирүүнү илимий кызматкерлердин, практик мугалимдердин жардамы менен менен жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу.
  7. Коомдук чөйрөдөгү белгилүү инсандардын, кызмат адамдарынын, эл өкүлдөрүнүн ыңгайсыз жүрүм-турумуна, башкаларга жасаган одоно мамилесине, кайрылууларына, мугалимдердин, педагогикалык кызматкерлердин коомдо үлгүлүү жүрүм-турумду алгылыктуу көрсөтө албай жатканына, диний радикализмдин күчөп бара жатканына, алардын ар кандай жолдор менен улам жайылып жатышына тынчсыздануу жана мындай көрүнүштөр өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого терс таасир этерин белгилөө менен, бул маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдыруу жана талкуу уюштуруу.

Уюштуруу комитети

Бөлүшүү

Комментарийлер